Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде буурул деген сын атоочтон этиш жасалганда буурул тарт, буурул бол түрүндө гана боло алат. Алтай тилинде болсо андан буурай (<--буур--ай) түрүндөгү этиш жасалат. Ушуга караганда буур сөзүнүн өзү эле алгач «буурул» маанисиндеги сөз экенин ырастайт. Байыркы түрк тилинде богрул//бугрул ала моюн койго карата гана айтылганы жолугат (ДТС, 109), богур//бугур түрүндө туруп, «буурул» маанисинде айтылганы кездешпейт. Биздин оюбузча, байыркы түрк эстеликтериндеги барык «бүдөмүк көрүнгөн нерсе» деген (ДТС, 84) сөздүн р жана к тыбыштары метатезалануудан бакыр-->багыр-->багур-->буур болуп өзгөргөн. Ага сын атоочторго улануучу -ыл мүчөсү жалганып, буурул сөзү жаралган. Бурул болгондо накта бир түстө болбой, аралашма түстө болору маалым. Ошондуктан буурул сөзү алгачкы барык деген сөздөн келип чыгат дешке болот.