Киргизско-русский словарь Юдахина
верблюд-производитель (старше пяти лет);
кирген буура верблюд-производитель в ярости;
кирген буурадай или чилдедеги буурадай
1) яростно;
2) с важным видом, осанисто;
чилдедеги буурадай, тура калды чиренип фольк. (богатырь перед девицей) остановился, важно приосанившись;
буура сан с мощными ляжками;
бука моюн, буура сан балбан келди Манаска фольк. к Манасу подошёл силач с бычьей (т.е. толстой, могучей) шеей и с мощными ляжками;
буура чөгөр- см. чөгөр-;
буурага чөктүр- см. чөктур- 2.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түрк тилдеринде бул сөз бугра, бугур түрүндө айтылат. Мындагы бугра сөзү алгачкы бугур түрүнүн аяккы эки тыбышы метатезаланып айтылышынан келип чыгышы мүмкүн экени даана көрүнүп турат. Сары уйгур тилинде алгачкы бугра түрүнөн метатезаланган пырга түрү колдонулат. Жогоркудай метатезаланган тыбыштардын орун алышы түрк тилдериндеги бугра, бугур, буура сөзүнүн келип чыгышынын түпкү тегинде метатезаланган тыбыштык өзгөрүүлөр бар деген чечимге алып келет. Ю. Немет бугур, бука, бугу, булан сөздөрү бир уңгудан келип чыгат деп эсептейт (Севортян, 1978, 236). Бугра, бугур сөзү буурадан башка төмөнкүдөй маанилерди да билдирет: 2) жаныбардын эркеги; 3) бука; 4) арстан; 5) күрпү ж. б. Биздин оюбузча, байыркы түрк тилиндеги бур «буркуроо, жыпар жыттануу» (ДТС, 112) этиши азыркы кыргызча бура дегенге туура келет. Ошол бур этишинен бурак//бурук «жыпар жыт, аромат» сөзү жасалган. Бул бурук сөзүн азыркы кыргызча буруксу деген учурда көрөбүз. Мына ушул бурак сөзү метатезалануудан букар//бугра жаралса, бурук вариантынан букур//бугур деген келип чыккан. Бууранын, бугунун, буканын, кочкордун, текенин өзгөчө жыты болору маалым. Ошол буруксуган жыты болгону үчүн ар башка жаныбарлар бир сөз менен аталып калган. Алгачкы бурак//бурук калыбынан бугар//бугур түрүнө айлангап соң, аягындагы р тыбышы түшүп калуудан бука жана бугу түрлөрү келип чыгып, өзүнчө сөздөргө айланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУРАКАН — эпосто табияттын жаан-чачынга, сууга байланыштуу кубулуштарынын ээси, символу катары айтылган образ. Жай таш аркылуу күндү жаадыруу учурларын сүрөттөөлөрдө Б-дын аты көп жолугат: «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол «берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 150-152-б.). «Булут аты Бууракан, Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.). Эпостун поэтикалык текстиндеги сүрөттөөлөр Б-дын образы байыркы шамандык ишенимдеги түшүнүк менен байланыштуу экендигин көрсөтүп турат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУРАКАН — эпизоддук кейипкер, Манастын бабаларынын бири, Бабыркандын баласы, Түбөйдүн атасы. Букардын каны Темирканга (Атемир, Каракан) куда түшкөнү барган Жакып өзүн:
Уругум улуу кыргыздан,
Бабырдан кийин Бууракан,
Бузук кылган душмандын
Мурунтан башын туураган (Сагымбай Орозбаков, 2. 364),
— деп тааныштырат. Б-дын өз мезгилинде элин душмандан коргогон баатыр адам болгондугу баяндалат. Ошондой эле «Бууракан уулу Көгөйдү, Мындан кыргыз көбөйдү» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 87-б.) делет (к. Түбөй, Көгөй). Эпосто Б. эпикалык Манастын генеологиялык санжырасына байланыштуу айтылган эпоним маанисинде чагылдырылган. Эпонимдин келип чыгышы Караханийлердин (10-кылымдын орто ченинен 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар аймагы, Түш. Казакстан, асыресе Кыргызстан аймагындагы мамлекет), Орто Азиядагы башкаруучулардын титулуна байланыштуу экендиги илимде белгилүү. Тарыхый маалыматтарда: «Ягмалар падышахты Богра-хан (Бууракан) деп аташат». Бул титулдук наам персонификациялануунун (сөлөкөттөштүрүү) натыйжасында эпонимдик мааниге ээ болуп, Манастын бабаларынын бири катары айтылып калган болуу керек.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ташкындоо, ашып-ташуу, буркан-шаркан түшүү, катуу алай-дүлөй болуу. Бууракандап күркүрөп, кээ жери көк торкодой көрүнүп, Көкөмерендин азоо суусу агат (Жантөшев).
2. Албууттануу, ачуусу келип буркан-шаркан түшүү. [Сабыр].. баштагыдан беш-бетер бууракандады (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ташкындоо, ашып-ташуу, алай-дүлөй болуу. Бууракандап таштан-ташка урунуп көбүктөп Терек-Суу агат (Жантөшев). Удургуп бороон соксо бууракандап (Токтомушев). 2. Ачуусу келип буркан-шаркан түшүү, албууттануу. Деп Жоошбай камчы менен жер сабап, Бууракандап, болуш-бийди чакырды (Маликов).