БУУРАКАН
Энциклопедия "Манас". ч.1.БУУРАКАН — эпосто табияттын жаан-чачынга, сууга байланыштуу кубулуштарынын ээси, символу катары айтылган образ. Жай таш аркылуу күндү жаадыруу учурларын сүрөттөөлөрдө Б-дын аты көп жолугат: «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол «берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 150-152-б.). «Булут аты Бууракан, Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.). Эпостун поэтикалык текстиндеги сүрөттөөлөр Б-дын образы байыркы шамандык ишенимдеги түшүнүк менен байланыштуу экендигин көрсөтүп турат.