Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУРАКАН — эпизоддук кейипкер, Манастын бабаларынын бири, Бабыркандын баласы, Түбөйдүн атасы. Букардын каны Темирканга (Атемир, Каракан) куда түшкөнү барган Жакып өзүн:
Уругум улуу кыргыздан,
Бабырдан кийин Бууракан,
Бузук кылган душмандын
Мурунтан башын туураган (Сагымбай Орозбаков, 2. 364),
— деп тааныштырат. Б-дын өз мезгилинде элин душмандан коргогон баатыр адам болгондугу баяндалат. Ошондой эле «Бууракан уулу Көгөйдү, Мындан кыргыз көбөйдү» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 87-б.) делет (к. Түбөй, Көгөй). Эпосто Б. эпикалык Манастын генеологиялык санжырасына байланыштуу айтылган эпоним маанисинде чагылдырылган. Эпонимдин келип чыгышы Караханийлердин (10-кылымдын орто ченинен 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар аймагы, Түш. Казакстан, асыресе Кыргызстан аймагындагы мамлекет), Орто Азиядагы башкаруучулардын титулуна байланыштуу экендиги илимде белгилүү. Тарыхый маалыматтарда: «Ягмалар падышахты Богра-хан (Бууракан) деп аташат». Бул титулдук наам персонификациялануунун (сөлөкөттөштүрүү) натыйжасында эпонимдик мааниге ээ болуп, Манастын бабаларынын бири катары айтылып калган болуу керек.
С. Алиев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУРАКАН — эпосто табияттын жаан-чачынга, сууга байланыштуу кубулуштарынын ээси, символу катары айтылган образ. Жай таш аркылуу күндү жаадыруу учурларын сүрөттөөлөрдө Б-дын аты көп жолугат: «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол «берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 150-152-б.). «Булут аты Бууракан, Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.). Эпостун поэтикалык текстиндеги сүрөттөөлөр Б-дын образы байыркы шамандык ишенимдеги түшүнүк менен байланыштуу экендигин көрсөтүп турат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ташкындоо, ашып-ташуу, буркан-шаркан түшүү, катуу алай-дүлөй болуу. Бууракандап күркүрөп, кээ жери көк торкодой көрүнүп, Көкөмерендин азоо суусу агат (Жантөшев).
2. Албууттануу, ачуусу келип буркан-шаркан түшүү. [Сабыр].. баштагыдан беш-бетер бууракандады (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ташкындоо, ашып-ташуу, алай-дүлөй болуу. Бууракандап таштан-ташка урунуп көбүктөп Терек-Суу агат (Жантөшев). Удургуп бороон соксо бууракандап (Токтомушев). 2. Ачуусу келип буркан-шаркан түшүү, албууттануу. Деп Жоошбай камчы менен жер сабап, Бууракандап, болуш-бийди чакырды (Маликов).