БУУРАКАН
Энциклопедия "Манас". ч.1.БУУРАКАН — эпизоддук кейипкер, Манастын бабаларынын бири, Бабыркандын баласы, Түбөйдүн атасы. Букардын каны Темирканга (Атемир, Каракан) куда түшкөнү барган Жакып өзүн:
Уругум улуу кыргыздан,
Бабырдан кийин Бууракан,
Бузук кылган душмандын
Мурунтан башын туураган (Сагымбай Орозбаков, 2. 364),
— деп тааныштырат. Б-дын өз мезгилинде элин душмандан коргогон баатыр адам болгондугу баяндалат. Ошондой эле «Бууракан уулу Көгөйдү, Мындан кыргыз көбөйдү» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 87-б.) делет (к. Түбөй, Көгөй). Эпосто Б. эпикалык Манастын генеологиялык санжырасына байланыштуу айтылган эпоним маанисинде чагылдырылган. Эпонимдин келип чыгышы Караханийлердин (10-кылымдын орто ченинен 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар аймагы, Түш. Казакстан, асыресе Кыргызстан аймагындагы мамлекет), Орто Азиядагы башкаруучулардын титулуна байланыштуу экендиги илимде белгилүү. Тарыхый маалыматтарда: «Ягмалар падышахты Богра-хан (Бууракан) деп аташат». Бул титулдук наам персонификациялануунун (сөлөкөттөштүрүү) натыйжасында эпонимдик мааниге ээ болуп, Манастын бабаларынын бири катары айтылып калган болуу керек.
С. Алиев