БУУРА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаТүрк тилдеринде бул сөз бугра, бугур түрүндө айтылат. Мындагы бугра сөзү алгачкы бугур түрүнүн аяккы эки тыбышы метатезаланып айтылышынан келип чыгышы мүмкүн экени даана көрүнүп турат. Сары уйгур тилинде алгачкы бугра түрүнөн метатезаланган пырга түрү колдонулат. Жогоркудай метатезаланган тыбыштардын орун алышы түрк тилдериндеги бугра, бугур, буура сөзүнүн келип чыгышынын түпкү тегинде метатезаланган тыбыштык өзгөрүүлөр бар деген чечимге алып келет. Ю. Немет бугур, бука, бугу, булан сөздөрү бир уңгудан келип чыгат деп эсептейт (Севортян, 1978, 236). Бугра, бугур сөзү буурадан башка төмөнкүдөй маанилерди да билдирет: 2) жаныбардын эркеги; 3) бука; 4) арстан; 5) күрпү ж. б.
Биздин оюбузча, байыркы түрк тилиндеги бур «буркуроо, жыпар жыттануу» (ДТС, 112) этиши азыркы кыргызча бура дегенге туура келет. Ошол бур этишинен бурак//бурук «жыпар жыт, аромат» сөзү жасалган. Бул бурук сөзүн азыркы кыргызча буруксу деген учурда көрөбүз. Мына ушул бурак сөзү метатезалануудан букар//бугра жаралса, бурук вариантынан букур//бугур деген келип чыккан. Бууранын, бугунун, буканын, кочкордун, текенин өзгөчө жыты болору маалым. Ошол буруксуган жыты болгону үчүн ар башка жаныбарлар бир сөз менен аталып калган. Алгачкы бурак//бурук калыбынан бугар//бугур түрүнө айлангап соң, аягындагы р тыбышы түшүп калуудан бука жана бугу түрлөрү келип чыгып, өзүнчө сөздөргө айланган.