буурук
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Аябай ачуусу келүү, кыжырлануу. Бузулган элден кеп угуп, Бууругуп келди Темиркан («Семетей»). Бууругуп келген Чабакты, Букардык көрүп кеп айтат («Манас»).
2. өт. Буулугуу, куса болуу, эригүү. Бууруктуң жериң сагынып, балдарым алга, баргыла! (Маликов). Буурукса бугу атышат, Бул кызыкка батышат («Эр Табылды»).
2. өт. Буулугуу, куса болуу, эригүү. Бууруктуң жериң сагынып, балдарым алга, баргыла! (Маликов). Буурукса бугу атышат, Бул кызыкка батышат («Эр Табылды»).