БУУРКАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кыргыздын шамандык ишениминде суунун ээси. Бул ишеним боюнча суунун, дарыянын башын бура кайтарып, ал кыймылдап козголгондо суу кирет имиш. Суу атасы Бууракан («Семетей» С. К.). 2. Бууракандоо. Буурканып тоо шамалы ышкырганда, Асманга чапчыйт Соң-Көл ашып-ташып (Маликов). 3. Буркан-шаркан түшүү. Буурканып, сурданып, Алмамбет жүрсүн жол менен («Манас»).