этиш. Бууракандоо, буркан-шаркан түшүү. Буурканып сурданып, Алмамбет жүрсүн жол менен, Албан түрдүү ой менен («Манас»). Буурканып тоо шамалы ышкырганда, Асманга чапчыйт Соң-Көл ашып-ташып (Маликов).
(ср. буураканда-)
разъяряться, свирепеть;
буурканган Умсунай, Сокенин колунан талашып, аркандын үч кулачтайын кесип калды разъярившаяся Умсунай, вырывая из рук Соке, отрезала около трёх маховых саженей волосяной верёвки;
бул сөздү айтып муңданып, буурканып, сурданып фольк. сказав это слово огорчённо, он разбушевался, принял грозный вид.
бууркан- (буураканда-),
буурканган
1. Кыргыздын шамандык ишениминде суунун ээси. Бул ишеним боюнча суунун, дарыянын башын бура кайтарып, ал кыймылдап козголгондо суу кирет имиш. Суу атасы Бууракан («Семетей» С. К.). 2. Бууракандоо. Буурканып тоо шамалы ышкырганда, Асманга чапчыйт Соң-Көл ашып-ташып (Маликов). 3. Буркан-шаркан түшүү. Буурканып, сурданып, Алмамбет жүрсүн жол менен («Манас»).
буураканда менен бирдей. Бууркандап серпилип, Бурулуп тоого урунган (Тоголок Молдо).
бууркан этишинин аркылуу мамилеси. Башкалардын баары сенин кулуң деп, Бууркантып, буулуктуруп, кайрадан (Маликов).
бууркан этишинин кыймыл атоочу.