БУУРУЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сур, боз, көк ж. б. түстөр аралашмасынан турган өң, түс. Буурул ат. Буурул жорго. || Бура тарткан кыл аркан Буурул аттын кермеси (Токтогул). || Ак кире баштаган сакал, мурут, чачтын түсү. Буурул болсом мейличи, Буралган жашты жоктодум (Токтогул). Буурул чач, бетин бырыш каптаган Алима эже эмнегедир ойлонуп кетти (Абдукаримов).