Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Көпчүлүк түрк тилдеринде бугдай түрүндө айтылган сөз кыргыз тилинде буудай, өзбек тилинин диалектилеринде бугдаг түрүндө айтылат. Булардын ичинен өзбек тилинин диалектисиндеги бугдаг түрү эң алгачкы калыбына жакыны дешке болот, Анткени бул сөз буг же бугу «буу, байла» этишинен жана -дак мүчөсүнөн турат. Буг//бугу этиши азыркы буу этишинин маанисинде болгон, ага зат атооч жасоочу -дак мүчөсү жалганган. Азыркы куурдак, шырдак сөздөрү куур, шыры деген этиштерге -дак мучөсү уланып жасалган сыяктуу эле бугдак//бугудак сөзү данынын сыртын каптап турган көйнөкчөсү бардыгы үчүн ушундай аталган. Буудай арпа сыяктанып даны башында ачык турбастан, сыртынан кабыкча менен жабылып турат. Мына ушул өзгөчөлүгүнө жараша ал бугдак «буулма дандуу эгин» деген атка конгон. Кийин бугдак кыргыз тилинин фонетикалык закон ченемдүүлүгүнө ылайык бугдай-->буудай болуп өзгөрүп кеткен.