Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙБЕК — эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн кичи аялы, калмак байы Чыңшанын кызы. Көкчө менен Алмамбетти араздаштырмакчы болгон бузукулардын «күбө болуп берсең байбичеден өтөсүң» дегенине макул болуп, Алмамбет менен Акеркечти каралайт. Ушул кичине эпизоддо эле Б-тин ичинин тарлыгы, адамкерчилигинин төмөндүгүн, «өңү сулуу болсо да, өзүндө акыл аз экендиги» көрүнүп турат (Сагымбай Орозбаков, 2. 127, 247, 253).