Киргизско-русский словарь Юдахина
буудай I
пшеница;
буудайдын барар жери - тегирмен погов. место, куда отправится пшеница, - мельница (напр. девушке суждено выйти замуж);
кара буудай рожь;
уу буудай плевел;
буудай баш то же, что буудайык I;
ак буудай унун (или данын) чайна- (в эпосе) жевать муку или зерно белой пшеницы (одна из форм скрепления клятвы);
аттан түшүп, балбандар ак буудай данын чайнады, айтпайбыз деп кеп кылып фольк. слезли с коней богатыри и пожевали зёрна белой пшеницы (поклялись), что (никому), мол, мы не скажем;
ак буудай унун чайнаштык, жаттык жакын иргелеш, жаныбыз болду биргелеш фольк. мы вместе жевали муку белой пшеницы (поклялись друг другу), жили мы в тесном соседстве. наши души стали единой душой;
ооздон ушак сөз чыкса, уруп кетсин ак буудай фольк. если от нас изойдёт слово клеветы, пусть покарает нас белая пшеница;
тили буудай куурат он строчит как пулемёт, говорит быстро и складно (букв. его язык пшеницу жарит);
тиши буудай
1) желтозубый;
2) перен. (о человеке) старый;
тиши буудай, чачы куудай желтозубый и седовласый;
буудай жүздүү или буудай өндүү белолицый;
майлаган буудай жүздүү с лицом коричневого цвета (цвета жареной и смазанной маслом пшеницы).
буудай II
ветошь (портновская).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Данынан ун жасалуучу өсүмдүк же ошол өсүмдүктүн даны. Буудайлар богок чыгарып, Беде, чөп чапчу ай болду (Осмонкул).
Тили буудай кууруу — такылдап сүйлөө, чеченсип сүйлөө. Сүйлөсө жыйналышта буудай кууруп, Эмгекке сугарылган тили балдай! (Турусбеков). Буудай жүздүү — жүзү кара торуга жакыныраак кызылдуу (кишинин өңү жөнүндө). Буудай жүздүү чарчы бойлуу жигит («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Көпчүлүк түрк тилдеринде бугдай түрүндө айтылган сөз кыргыз тилинде буудай, өзбек тилинин диалектилеринде бугдаг түрүндө айтылат. Булардын ичинен өзбек тилинин диалектисиндеги бугдаг түрү эң алгачкы калыбына жакыны дешке болот, Анткени бул сөз буг же бугу «буу, байла» этишинен жана -дак мүчөсүнөн турат. Буг//бугу этиши азыркы буу этишинин маанисинде болгон, ага зат атооч жасоочу -дак мүчөсү жалганган. Азыркы куурдак, шырдак сөздөрү куур, шыры деген этиштерге -дак мучөсү уланып жасалган сыяктуу эле бугдак//бугудак сөзү данынын сыртын каптап турган көйнөкчөсү бардыгы үчүн ушундай аталган. Буудай арпа сыяктанып даны башында ачык турбастан, сыртынан кабыкча менен жабылып турат. Мына ушул өзгөчөлүгүнө жараша ал бугдак «буулма дандуу эгин» деген атка конгон. Кийин бугдак кыргыз тилинин фонетикалык закон ченемдүүлүгүнө ылайык бугдай-->буудай болуп өзгөрүп кеткен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Данынан ун тартылып, нан жасалуучу дан өсүмдүгү. Камыш сыяктуу бийик чыккан буудай өсүмдүгү жаңыдан дүмбүл тартып, саргая баштаган (Сыдыкбеков). Жери асыл, ар жыл сайын түшүмдүү жыл, Түз-ою, текши буудай баары бир кыл (Осмонкул). || Ушул өсүмдүктүн даны. Буудайдын барар жери – тегирмен (макал). Ак буудайы жууп койгон күрүчтөй (Маликов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙБЕК Сабыр уулу (1933, Чүй району, Дөң-Арык айылы) — «Манас» жыйноочу. 1954-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Көп жылдар республикалык гезит, журналдардын редакцияларында иштеп элдик чыгармаларды жыйнаган. Кыргыз эл өнөрпоздору жөнүндөгү «Унутулгус кездешүүлөр», «Эл шайырлары», «Эл куудулдары» деген китептердин автору. Аты элге анча белгилүү эмес манасчыларды эл арасынан иликтеп, таап, алардын айткандарын чогултуп, радиого жаздырып, сүрөттөрүн сүрөтчүлөргө тарттырып, фондуга өткөрүп, гезитке жарыялап келе жатат. «Эл шайырлары» китебинде манасчылар Молдобасан Мусулманкулов, Ыбырайым Абдракманов, Сейдене Молдокеева, Уркаш Мамбеталиев, Мамбеталы Ашымбаевдин өмүр жолдорун, чыгармачылыгын баяндаган очерктери берилген. Азыр Кыргыз Республикасынын ИАсынын Адабият жана искусство институтунун Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеп, эпосту жыйноо ишин улантууда.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙБЕК — эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн кичи аялы, калмак байы Чыңшанын кызы. Көкчө менен Алмамбетти араздаштырмакчы болгон бузукулардын «күбө болуп берсең байбичеден өтөсүң» дегенине макул болуп, Алмамбет менен Акеркечти каралайт. Ушул кичине эпизоддо эле Б-тин ичинин тарлыгы, адамкерчилигинин төмөндүгүн, «өңү сулуу болсо да, өзүндө акыл аз экендиги» көрүнүп турат (Сагымбай Орозбаков, 2. 127, 247, 253).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ак жуумал, аксаргыл. Көпчүлүккө Момун чал деп таанылган буудай жүздүү чал менен аш бышым убакыттан бери бир өмүрдүн баш аягын иликтейбиз («Ленинчил жаш»). Жээрде мурут, ничке каш, буудай жүздүү ...датка тактысынан түштү (Осмоналиев). В.: Буудай өңдүү. Буудай өңдүү, кер мурут (фольк.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Акжуумал, аксаргыл, жакшынакай, өңдүү-түстүү, өңү жүкалоо келген. Көпчүлүккө Момун чал деп таанылган буудай жүздүү чал менен аш бышым убакыттан бери бир өмүрдүн башаягын иликтейбиз («Ленинчил жаш»). Жээрде мурут, ничке каш, буудай жүздүү .. датка тактысынан түштү (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙКАН — эпизоддук кейипкер. Кыргызда Манас аттуу баатыр туулат, ошону таап келгиле деп Эсенкан менен жөнөткөн сынчы аярлар, баатырлар Бузулган Чамбылды жердеген Б-дын да элин жыйып, балдарын чубатууга салып Манасты издегени айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 42).

Киргизско-русский словарь Юдахина
буудайык I
пырей ползучий, волосец (трава); плевел.
буудайык II
сказочная хищная птица;
буудайык талпынса, тунжурлар чалкасынан кетет фольк. буудайык (только) встрепенётся, (а) ястребы (от страха уж) навзничь падают;
Семетейдин арбагы буудайык болун калганы дух (богатыря) Семетея превратился в птицу буудайык.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жомоктогу эң алгыр, кыраан куш. Буудайык торго түшсө да, Бурулуп тапка келчү эмес (Бөкөнбаев). — Куудан айтсам ылайык, Куш төрөсү буудайык (Барпы).
БУУДАЙЫК II зат. Буудай баш, тарак баш (буудайга окшош чөп).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙЫК — эпизоддук кейипкер, кыргыз кандарынын бири. Музбурчактын атасы, Алоокени жеңип, түшкөн олжону элге бөлүштүрүү үчүн кыргыз кандарын чакыртканда Б. кан да келет. Ошол жерде Манасты кан көтөрүүгө катышат (Саякбай Каралаев, 1. 213—215). Эпостун башка окуяларына катышпайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Музбурчактын атасы экени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 24, 88, 107, 195; 4. 17, 39, 52, 80, 166).