БУУРУК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ачуусу келүү, албууттанып күүлөнүп-күчөнүү. Бузулган элден кеп угуп, Бууругуп кетти Темиркан («Манас»). Карышкыр сыны туташып, бууруккан түрү менен ар койду бирден булкуп өлтүрүп кете берет (Жантөшев). 2. Бук болуу, буулугуу, кусадар болуу. Бууруксак – бугу аталык. Буулукпасак – жаталык («Эр Табылды»). Куршукканың жазылсын, Буурукканың басылсын («Манас»).