көңүл, көөн
(ср. дил, жүрөк)
сердце (как вместилище чувств, желаний, настроений, помыслов; при личных притяж. аффиксах часто көөнү, көөнүң, көөнүм и т.д.);
кыздын көңүлү (или көөнү) кызылда погов. девица любит красное (яркое);
көңүлүм жарык болгону менен жүрөгүмдө анча-мынча кир турат -- хотя настроение (көңүл) у меня и хорошее, но в глубине души (жүрөк) всё же есть какой-то осадок;
ак көңүл - честный; добрый, отзывчивый; незлопамятный;
ак көңүлдүн аты арыбайт погов. -- конь добродушного не устаёт (добродушный, отзывчивый человек не ропщет, не жалуется);
ак көңүлү кармаган -- он раздобрился;
кара көңүл -- бессердечный; злонамеренный;
ак көңүлү кармаса (или ак көңүлүн карматса), бере салат; кара көңүлү кармаса (или кара көңүлүн карматса), бербей коёт -- если найдёт на него добрый стих, даст; если худой - не даст;
кош көңүл или көңүл кош -- равнодушный, безразлично относящийся;
кош көңүл менен -- равнодушно, безразлично;
көңүл кош иштейт -- он работает кое-как, через пень колоду;
көңүл коштук -- равнодушие, безразличие;
көңүл коштук -- менен равнодушно, безразлично;
көңүлүм жайына келди -- я успокоился;
көөнү жакын
1)близкий человек, друг;
2)симпатия (возлюбленный, возлюбленная);
көңүл бер или көңүл кой -- проявлять заботу, проявлять старание; предаваться всем сердцем к чему-л.;
сонун көрсөң өлүмдү, согушка бергин көөнүңдү фольк. -- если тебе нравится смерть, предайся сердцем войне (т.е. ищи войны);
көңүл койбостук -- невнимание;
көңүл үчүн -- из уважения;
көңүлгө бер -- дать что-л. по дружбе, по-приятельски (не за плату и не как должное);
көңүлү менен болтурам -- я дам ему или сделаю для него всё, что он пожелает;
көңүлүн ач -- порадовать, повеселить кого-л.;
"элдин ач" деп, "көңүлүн", эр Алтыбай улуктун эсине салып коёбуз фольк. -- мы напомним начальнику, богатырю Алтыбаю, мол, ты порадуй народ;
көнүл ула -- подбадривать, поддерживать;
көңүл сал -- уделить внимание; возыметь желание; проявить симпатию;
сиздин ушул буюмуңузга көңүл салып келдим эле -- я пришёл потому, что мне очень понравилась вот эта ваша вещь (я бы очень хотел иметь эту вещь);
көңүл салып келген буюмуң, болсо, берейин -- если тебе вещь понравилась, я дам;
көңүл салып карап көргүлөчү -- попробуйте-ка посмотреть внимательно;
көңүл ат -- полюбить;
көңүл жибер -- обращать внимание; стараться;
көнүл ал- доставить удовольствие; завоевать симпатию;
көңүлгө ал-
1)принять во внимание; проявить заботу, позаботиться;
"көрүнбөйт, кайда кеткен" деп, көңүлгө Бакай алыптыр фольк. -- Бакай забеспокоился, мол, его не видно, куда он ушёл?
2)обидеться;
көңүлгө албагын -- ты не обижайся;
көңүлүңүзгө оор албасаңыз -- если вы не обидитесь, не в обиду вам (будь сказано);
көңүлгө алын -- быть принятым во внимание, в расчёт;
эмгеги көңүлгө алынат -- его труд будет принят в расчёт;
көңүлгө кетпесин или көңүлгө алынбасын -- не в обиду будь сказано;
көңүлгө ала жүр -- удовлетворять, давая или делая просимое;
көңүл айт-
1)соболезновать, выразить соболезнование;
2)утешить, порадовать (добрым словом или подарком);
байбиче, биз аттаналы, бул отурган элге айта турган көңүлүң болсо, айт -- мы отправляемся, байбиче (см.), если думаешь порадовать (одарить) сидящих здесь людей, так порадуй;
көңүл сура -- навещать (больного);
кечинде көңүл сурабайт, эртең баралы вечером (больного) не навещают, пойдём завтра (по старым представлениям первое посещение больного вечером не одобряется, а при повторных посещениях - считается возможным);
көңүлүм бир тегиз чуйск. я спокоен, не беспокоюсь;
көңүл кайтты кыл- разочаровать, охладить, отбить охоту;
ошентип, иштин ыдырын бузуп, иштегендерди көңүл кайтты кылып таштайт так вот, разладив работу, он расхолаживает (этим) работающих;
көңүл кайттылык разочарованность, утрата охоты, желания;
көөнүн кайтар- огорчить (его);
көңүлүн тап- вызвать к себе чью-л. симпатию;
кандай көңүл ооруштук? фольк. чем мы друг друга огорчили?
көңүлү ток он доволен, удовлетворён;
Ысарда (или Букарда) булу бардын көңүлү ток погов. у кого деньги есть, тот (и) в Гиссаре (или и в Бухаре) доволен (см. кайың);
көңүлгө тол- понравиться; удовлетворить;
кызга көөнү толуптур ему понравилась девушка;
эч көңүлгө толбодуң, эстебей кеткен экенсиң фольк. ты (мне) не понравился: уехал, не подумав (обо мне);
көңүл топто- сосредоточить вниманне;
көңүлү ооду ему захотелось, он склоняется к тому, чтобы...;
машина алууга көңүлүм ооп турат мне хочется купить машину;
көңүл оодар- привлечь внимание, вызвать интерес к себе;
көңүлгө түй- твёрдо запомнить;
эми сен биздин айткандарды көңүлүңө түйө бергин вот теперь ты запоминай то, что мы говорим;
көөнүм келди мне хочется; у меня появилось желание;
көөнүм жок у меня сердце не лежит; у меня нет желания;
көөнү келбей кетти или көөнү айланып кетти он получил отвращение;
көңүлү келгени менен жүрөгү калып калган желание есть, но душа уже не лежит (напр. работа интересна, но связана с такими трудностями, что желание отпадает);
көңүлүм (көөнүм) чаппайт (или тартпайт) у меня сердце не лежит;
тамакка көөнүм келбей турат или тамакка көөнүм чаппай турат у меня нет аппетита;
көңүл көтөр- поднять настроение, радовать;
көөнү көтөрүлдү он повеселел; он воспрянул духом; он в радостном настроении;
көңүлдөгүдөй так, как хотелось; удачно;
көңүлдөгүдөй эмес не так, как хотелось бы;
көөнү агарды он забыл про свою злобу;
көңүлү түшүңкү или көңүлү басыңкы или көңүлү бас у него подавленное настроение;
көңүлү төмөн чөктү он пал духом;
көөнүм караңгы я опечален; я в горе;
көөнүм калды или көөнүм кайтты я разлюбил; я охладел; я разочаровался; я в обиде;
Абдылдадан көңүлү чындап калды она всерьёз обиделась на Абдылду;
андан көөнүм калган я на него в обиде;
кай жерде көңүл калыштык? фольк. что послужило причиной нашего взаимного охлаждения?
көңүл калдык кеп айтпа оору менен картаңга фольк. не говори расхолаживающих слов больным и старым (людям);
көңүл калтыр- отбить охоту; разочаровать; обидеть;
жакшы адамдын белгиси көңүлүңдү калтырбайт фольк. признаком хорошего человека является то, что он не обижает;
көңүлү бузулду
1)он расстроился, опечалился;
2)он отступился (напр. от обещания);
көңүл бөл-
1) отвлекаться; обращать внимание;
көңүлүңдү бөлө бербе не обращай внимания (на всякий пустяк);
көңүлүн бөлүп, угуп турду он внимательно слушал;
көңүл бөлө турган иштерибиз дела, которым мы уделяем внимание;
көңүл бөлүп кет- отвлечь; увлечь;
көңүлүмдү бөлүп кеттиң ты меня отвлёк;
2)решить, склониться к решению;
"аял албай өтүүгө көңүлүмү бөлдүм" деп фольк. я, мол, решил прожить, не женившись;
көңүл бөлүн- отдаться сердцем, полюбить;
Мендирманга, жеңеке, көңүлүм чындап бөлүндү стих. Мендирмана, сестрица, я всерьёз полюбила;
ала көңүл (о человеке) неискренний, непостоянный;
көңүл айныйт тошнит, противно;
көз көрсө, көңүл айныйт глаз видит - тошнит (напр. от гнусности, несправедливости);
өз көңүлүнчө так, как (ему) хочется, по своему усмотрению;
көнүлдүн борборунда в центре внимания;
басма сөздөрдүн көңүлүнүн борборунда турат стоит в центре внимания печати;
көңүлү коркуп алган он испугался (предвидя нехорошее);
көңүлү коркуп калган он испугался (когда-то в прошлом);
көңүл бур- обратить внимание;
мына бул сүрөттү көңүл буруп карагылачы посмотрите-ка внимательно на эту вот картину;
көңүл буруңуздар! радио внимание!;
көңүлдө мат. в уме;
эки көңүлдө два в уме;
көңүлдөн эсептөө мат. устное вычисление;
көңүл арт- см. арт- III.
зат.1. Ниет, тилек, пейил. Кечээтен бери далай киши келип, жакшы санаалуу көңүлдөрүн айтышты (Байтемиров). Качан көңүлүңүз келгенде гана иштеңиз (Тоголок Молдо).
2.Ой, назар, көөн; ой-санаа, ой-пикир. Бүт көңүлүн билимге Берип турган пионер (Барпы). Көз ачып-жумганча [Чоконун] көңүлүнө алда нече ойлор келип кетти (Жантөшев). Көңүл бөлүү. Көңүл коюу. Көңүлү тынуу. Көңүлү жайлануу. ¨ Аккөңүл — көңүлчөөк, бирөөнүн көңүлүн калтырбас, көңүлүн кыйбас, ичине кир сактабаган, кекчил эмес. Кошкөңүл — 1) эки анжы, эки ойлуу, олку-солку, чечкиндүү эмес; көңүлсүз, көңүл кош. Койчу.. кош көңүл болуп туруп жооп берди (Сасыкбаев); 2) талгак. Күлжан, сен кош көңүл болуп жүрбө (Байтемиров). Көңүлкош — көңүлсүз, кайдыгер. Көңүлжакын — көңүлдөш, ынак, жакшы санаалаш. Алардын ичинде көңүл жакын кишилер бар (Сыдыкбеков). Көңүлайтуу — кайрат айтуу, көңүлүн жубатуу. Көңүлүнкалтыруу — көңүлүн суутуу, көңүлүн кайтаруу, капа кылуу. Кычан курбуларынын көңүлүн калтыра албады (Бейшеналиев).
көңүл, көөн көңүл айнуу көңүл айтуу көңүл алуу көңүл ачуу көңүл бур- көңүл буруу (пед.) көңүлгө толуу көңүл калтыруу көңүл калуу көңүл кел- көңүл кири көңүл кой- көңүл кош (көңүлкөш эмес) көңүл коштук көңүл кошураак көңүл коюучулук көңүл оорутуу көңүл ооруу көңүл өсүү көңүл суроо көңүл ток көңүл токтук көңүл улоо көңүлү агаруу көңүлү ачык көңүлү ачылуу көңүлү бузулуу көңүлү жакын көңүлү жибүү көңүлү кайтуу көңүлү калуу көңүлү караңгылоо көңүлү (көөнү) кыйбоо көңүлү көтөрүлүү көңүлү ооруу көңүлү суу көңүлү тоюу көңүлү үч көчкөн журт тай калуу көңүлү чаппоо көңүлү чөгүү көңүлүн агартуу көңүлүн алуу көңүлүн калтыруу көңүлүн көтөрүү көңүлүн оорутуу көңүлүн улоо көңүлүндө кири жок көңүлүнө кароо
1. Адамдын ой-сезими, маанайы. Ар кандай оорунун эң мыкты дарыларынын бири көңүл эмеспи (Абдукаримов). Күлкүлөр карыянын көңүлүн көтөрүп койду (Убукеев). Көңүлдө кайгы топтолуп, Жалгыздык башка түшкөндөн (Казыбек). 2. Көөн, назар, ой-пикир, санаа. Көңүлүмдөн кетпедиң, Көчмөндүү кыргыз көп журтум (Токтогул). Көңүлдөр көшөгө тартып ак, Көлчөдө Ай жатты жалтырак (Кулумбаев). Мамбеткул Ашымдын сөзүн көңүл коюп укту (Каимов). Колуңдан, келбес бир ишке, Кор болуп көңүл дегдетпе (Токтогул). 3. Бирөөгө карата айтылган, билдирилген ниет, тилек, пейил. Далай киши келип, жакшы саналуу көңүлдөрүн айтышты (Байтемиров). Качан көңүлүңүз келгенде гана иштеңиз (Тоголок Молдо). Кара көңүл адамдан, бөлө жүр дайым чегиңди (Жантөшев).
Аза күткөн, өтө капалуу, кайгылуу адамдын кайгысын бөлүштүрүү, көңүлүн жубатуу. Кадырбекти коюп келгендин эртеси келини экөө ал үч кабат үйдө жашоочулардан биринчи болуп кайрадан көңүл айтканы киришти (Медетов). Боору ачыгандар убап-чубап келип көңүл айтып жатышты (Ашымбаев).
Аза күткөн, өтө капалуу, кайгылуу адамдын кайгысын бөлүшүү, көңүлүн жубатуу. Кадырбекти коюп келгендин эртеси келини экөө ал үч кабат үйдө жашоочулардан биринчи болуп кайрадан көңүл айтканы киришти (Медетов). Боору ачыгандар убап-чубап келип көңүл айтып жатышты (Ашымбаев). В.: Кайрат айтуу. Сөөгү сыздай түшкөн Сарала кайрат айтты: – Эстүү элең Батишжан. Эсиң менен жүр, акылдан шашпа! (Сыдыкбеков).
1. Бирөө жөнүндө ойлонуу, эске алуу, кам көрүү. Көрүнбөйт кайда кеткен деп, көңүлгө Бакай алыптыр («Манас»). 2. Таарынуу, иренжип калуу. Ал ошондой катуу сүйлөйт, көңүлүңүзгө албаңыз («Чалкан»).
1. Бирөө жөнүндө ойлонуу, эске алуу, кам көрүү. Көрүнбөйт кайда кеткен деп, көңүлгө Бакай алыптыр («Манас»). 2. Таарынуу, иренжип калуу. Ал ошондой катуу сүйлөйт, көңүлүңүзгө албаңыз («Чалкан»).
к. КӨКӨЙГӨ КӨК ТАЛКАНДАЙ ТИЙҮҮ
Бирок көңүлгө көк таштай тийип, көшөкөрлүккө, жагымсыз жаатташууга, кереги жок кектешүүгө чейин барды («Советтик Кыргызстан»).
Бардык жагынан толук жагуу, бардыгы көңүлгө төп келип туруу. А балким, мен ал ойлогондой болбой, көңүлгө толбой калгандырмын (Убукеев). В.: Купулга толуу. Эсен купулга толгон күү болсо, черте коюп жүрөт (Сыдыкбеков).
Ыраазы болгондук, демөөр кылгандык, кубаттангандык, ишенгендик. Биздин балдардын аралашканы бар тура, – дешип, кеп салып койгону эле көңүлгө төтө эмеспи (Ашымбаев).
Эстен чыгарбоо, эсте сактоо, эч унутпоо. Эми сен биздин айткандарды көңүлгө түйө бергин (Сыдыкбеков). Кирип-чыгып тигилердин айткандарын көңүлгө түйүп, байкалбай жүрө берди («Кыргызстан маданияты»). В.: Көкүрөккө түйүү. Атасынын акыры коштошуусун, анын жүзүн, элесин Чокон көкүрөккө түйгөн. Ошол акыркы коштошуусун эстеп, Чокон азыр да төшөгүндө ыйлап жатты (Абдыраманов).
сын. Ойдогудай, каалагандай, талаптагыдай. Ырас, көңүлдөгүдөй жер экен (Жантөшев). Салыктын кыраакы көздөрү үйдүн ичи көңүлдөгүдөй эместигин дароо байкады (Каимов).
Көңүлүн салуу, ниеттенүү. Сабира көңүлдөнүп иштей баштады (Сасыкбаев). || Макул экендигин, каршы эместигин билгизүү, макул табуу. Мен мурда бир-эки жолу айтып көрсөм, көңүлдөнгөнсүп калды эле («Ала-Тоо»).
Көңүлү жакын, санаалаш, ниеттеш. Көрөмбү деп жүрчү элем Көңүлдөш сендей теңимди (Токтогул). «– Көңүлдөш!» – деп чыгарышат экөөсүн, аны бул да, бийкечи да билбеген (Сахгами).
Эсте, унутулбайт, дайыма эске тута турган, көзөмөлгө алына турган иш ж. б. деген мааниде. Республиканын малчылары министрликтин көңүлүнүн борборунда жана дайыма жардамдарды алып турат, – деп айткан («Кыргыз Туусу»). Басма сөздөрдүн көңүлүнүн борборунда турат.
Эсте, унутулбайт, дайыма эске тута турган, көзөмөлгө алына турган иш ж.б. деген мааниде. Республиканын малчылары Москванын көңүлүнүн борборунда жана дайыма жардамдарды алып турат, - деп айткан («Советтик Кыргызстан»). Басма сөздөрдүн көңүлүнүн борборунда турат.
1. радостное настроение, веселье; 2. желание, расположение к чему-л.; жомок угууга көңүлдүүлүгүн билдирген он проявил желание послушать сказку; ак көңүлдүүлүк честность; доброе отношение, отзывчивость.
Бир нерсеге болгон кызыгуусу, каалоосу жоголуп, иренжип калуу, шаабайы суу. Ошентип, иштин ыдырын бузуп, иштегендерди көңүл кайтты кылып жатышат («Чалкан»).
Бир нерсеге болгон кызыгуусу, каалоосу жоголуп, иренжип калуу, шаабайы суу. Ошентип, иштин ыдырын бузуп, иштегендерди көңүл кайтты кылып жатышат («Чалкан»). В.: Көңүлү кайт болуу. Ал шаабайы сууп, бул иштен көңүлү кайт болду.
Капа кылуу, иренжитүү, таарынтуу. Кычан курбуларынын көңүлүн калтыра албады (Бейшеналиев). Алардын көңүлүн калтырбай жылуу-жумшак багуучу уул, келин сен экөөбүз (Сыдыкбеков). В.: Көңүл калуу. Канчалык көңүл калып таарынган менен Батийна Качыкени дале жаман көрчү эмес (Сыдыкбеков).
Капа кылуу, иренжитүү, таарынтуу. Кычан курбуларынын көңүлүн калтыра албады (Бейшеналиев). Алардын көңүлүн калтырбай жылуу-жумшак багуучу уул, келин сен экөөбүз (Сыдыкбеков).
Капа кылуу, таарынтуу, көңүлүн калтыруу. Карынын да, жаштын да көңүлүн оорутпаган, жибектей чоюлган, бала мүнөздүү, кичи пейил адам экен (Баялинов). Кабарыңыз бар, Чаткалдан чыккан чатакты жөндөп келсем, эси жоктор ишти айран кылып таштап көңүлүмдү оорутту, эл көзүнө сындырды (Касымбеков).
Капа кылуу, таарынтуу, көңүлүн калтыруу. Карынын да, жаштын да көңүлүн оорутпаган, жибектей чоюлган, бала мүнөздүү, кичи пейил адам жен (Баялинов). Кабарыңыз бар, Чаткалдан чыккан чатакты жөндөп келсем, эси жоктор ишти айран кылып таштап көңүлүмдү оорутту, эл көзүнө сындырды (Касымбеков).
Оорулуу адамдын алабалын атайлап барып сурап-билип коюу. Оорунун көңүлүн сурасаң айыкканга тете дешет эмеспи, барып көрүп койгонуң оң («Ала-Тоо»). Кечинде көңүл сурабайт, эртең баралы.
Оорулуу адамдын ал-абалын атайлап барып сурап-билип коюу. Оорунун көңүлүн сурасаң айыкканга тете дешет эмеспи, барып көрүп койгонуң оң («Ала-Тоо»). Кечинде көңүл сурабайт, эртең баралы.
1. Көңүлү жок, көңүлү келбеген, көңүлдөнбөгөн, кызыкпаган түрдө. Көсөл көңүлсүз жооп кайтарды (Каимов). 2. Көңүлү ачылбаган, түнт, капалуу. Ансыз мен да, менсиз ал да көңүлсүз (Токомбаев). 3. Кызык эмес, кызыгы жок, жагымсыз. Үй ичи күүгүмдөнүп күңүрт, ары көңүлсүз («Ала-Тоо»).
Көңүл келбеген, кабак ачылбаган, адам кызыгарлык болбогон абал, шарт. Анын көңүлсүздүгүнө көзүм жетти дечи («Чалкан»). Кандайдыр көңүлсүздүк үй ичине өкүм сүрө баштады (Жантөшев).
Капа болбосун, көңүлү оорубасын деген ой менен айтканына макул болуп, коштоп коюу. «Мүмкүн бул утурумдук алдамчы сезимдир деп баарын жакшылыкка жоруп, көңүл улады келин (Кушубеков). Бай аке, көңүлүңдү улап сүйлөйүнбү, же ачуу да болсо эл арасынан көрүп келген чындыкты айтайынбы (Укаев).
Көңүл жубатуу, тынчытуу, көңүл жубатып колдоо. «Мүмкүн бул утурумдук алдамчы сезимдир» деп баарын жакшылыкка жоруп, көңүл улады келин (Кушубеков). Бай аке, көңүлүңдү улап сүйлөйүнбү, же ачуу да болсо эл арасынан көрүп келген чындыкты айтайынбы (Укаев). В.: Көөнүн улоо. Болуптур, – деп көөнүн улап койду.
Бирөөгө болгон нааразылыгы, таарынчысы кетүү, жазылуу. Бир кездеги үзөңгү кагышып бирге жүргөндөрү эсине түшүп, көңүлү агарып, бала сыяктуу каңырыгы түтөдү (Касымбеков). Сыйыңа карата - сый, сенин да көңүлүң агарып кеткени оң (Медетов).
Бирөөгө болгон нааразылыгы, таарынчысы кетүү, жазылуу. Бир кездеги үзөңгү кагышып бирге жүргөндөрү эсине түшүп, көңүлү агарып, бала сыяктуу каңырыгы түтөдү (Касымбеков). Сыйыңа карата – сый, сенин да көңүлүң агарып кеткени оң (Медетов). В.: Көөнү агаруу. – Кеп уулунда. Көөнү агарбай кетти. Каны кайнап кекти көөдөнүнө бек туйду (Бейшеналиев). Көңүлү жумшаруу. Эң акыркы ээсинин ага өзгөчө болгон мээримине Абдырахмандын кирдеген көңүлү жумшарып кетти (Касымбеков). Көңүлү жибүү. Дамиранын көңүлү жибип, Ашырга ишеничи, урматы артылды.
Жүрөгү айланып, куса тургандай болуп, өзүн начар сезүү. Көзү чымырап, көңүлү айнып барып токтоду (Бердикеев). Гүлайымдын көңүлү айнып кусат, көзү караңгылайт (Абдукаримов). В.: Көөнү айнуу. Көөнүм айнып, жаным жер тартып турат («Чалкан»). Денемди жер тартып бараткандай, көөнүм айныйт, боюмду жерден көтөрө албай жаттым (Өмүрбаев).
Жүрөгү айланып, куса тургандай болуп, өзүн начар сезүү. Көзү чымырап, көңүлү айнып барып токтоду (Бердикеев). Гүлайымдын көңүлү айнып кусат, көзү караңгылайт (Абдукаримов).
Кайгы-капасы жок, жайдары. Анын айрыкча көңүлү ачык (Бердикеев). Нурак баягыдан бетер барпылдап, улуу-кичүүнүн баарына тамаша айтып, дегеле көңүлү ачык (Өмүрбаев). В.: Көңүлү көтөрүңкү. Карыя момундай жаркылдаган көңүлүңүздүн көтөрүңкүсү жагат мага (Бейшеналиев).
Кайгы-капасы жок, жайдары. Анын айрыкча көңүлүачык (Бердикеев). Нурак баягыдан ветер барпылдап, улуу-кичүүнүн баарына тамаша айтып, дегеле көңүлү ачык (Өмүрбаев).
Көңүлдүү, шаттуу, жадырап-жайнап, жаркылдаган абалда болуу. Барпы үйүнө келгенде көңүлү ачылып, кумары жазылып, жыргап калуучу (Байтемиров). Курмакең да жарпы жазылып, көңүлү ачылып калды (Сыдыкбеков).
Көңүлдүү, шаттуу, жадырап-жайнап, жаркылдаган абалда болуу. Барпы үйүнө келгенде көңүлү ачылып, кумары жазылып, жыргап калуучу (Байтемиров). Курмакең да жарпы жазылып, көңүлү ачылып калды (Сыдыкбеков).
Бир нерседен санаасы тынбагандай, сары санаа болгондой, тынчы кеткендей абалда болуу. Анын көңүлү бөлүндү болду, ушерден кайта бер деген сөз жүрөгүн өйүдү (Касымбеков).
Бир нерседен санаасы тынбагандай, сары санаа болгондой, тынчы кеткендей абалда болуу. Анын көңүлү бөлүндү болду, ушерден кайта бер деген сөз жүрөгүн өйүдү (Касымбеков).
1. Бир нерсе жөнүндө ойлонуп капа болуу, кайгыруу, көңүлү чөгүү. Агасынын үйүнө келген жаш жигиттин эсине ар нерсе түшүп, агасын эстеп көңүлү бузулуп отурган эле (Укаев). Өткөн-кеткенди эстеп, көңүлүм бузулду («Кыргызстан маданияты»). 2. Кандайдыр башка жаман ойго түшүү, азгырылуу, айнуу. Батинанын көңүлү бузулуп жүргөнүн байкаган Кыдырбай аялына эскертти (Сыдыкбеков). Келиндин көңүлү бузулуп жүрөт өңдөнөт деген сөздү угуп Календин каны качып, ачуусу келди («Ала-Тоо»).
1. Капа болуу, кайгыруу, көңүлү чөгүү. Агасынын үйүнө келген жаш жигиттин эсине ар нерсе түшүп, агасын эстеп көңүлү бузулуп отурган эле (Укаев). Өткөн-кеткенди эстеп, көңүлүм бузулду («Кыргызстан маданияты»). 2. Кандайдыр башка жаман ойго түшүү, азгырылуу, айнуу. Батинанын көңүлү бузулуп жүргөнүн байкаган Кыдырбай аялына эскертти (Сыдыкбеков). Келиндин көңүлү бузулуп жүрөт өңдөнөт деген сөздү угуп, Календин каны качып, ачуусу келди («Ала-Тоо»). В.: Көөнү бузулуу. Көөнүм бузулуп барып токтодум. Баланын көөнү бузулуп жүргөнүн байкады.
1. Бири-бири менен жакындыгы, ынактыгы бар, жакшы санаалаш, өзүнчө мамилелеш. Тууган ичинде да булар менен көңүлү жакын эле («Кыргызстан маданияты»). 2. Көңүл ачуу, ойноп-күлүү жагынан бири-бири менен ысык мамилелеш, көңүлдөш. Сүйгөн менен акын жигиттин көңүлү жакын экенин байкап калган Жалий жигитти өзүнө тартып, колго түшүрүү аракетинде болду (Бейшеналиев). В.: Көөнү жакын. Ал экөөнүн көөнү жакын өңдөнөт («Ала-Тоо»).
1. Санаасы бир жерде эмес, көңүлү тынч эмес. Баласы Чаргынды ойлоп санаага чөккөн апанын көңүлү жарым, сабыры суз (Осмоналиев). 2. өт. Теңинен, жолдошунан ажырап калган, жесир, тул.
Өзүн начар сезип, эс-учун жоготкон же өзүн кармай албай алсыраган абалга келүү. Аптыгып, оозу-мурду менен суу жутуп алып, көңүлү караңгылай түштү (Жигитов). Токтогулдун көңүлү караңгылап, эс-учун билбей калды (Аалы).
Өзүн начар сезип, эс-учун жоготкон же өзүн кармай албай алсыраган абалга келүү. Аптыгып, оозу-мурду менен суу жутуп алып, көңүлү караңгылай түштү (Жигитов). Токтогулдун көңүлү караңгылап, эс-учун билбей калды (Токомбаев). В.: Көөнү караңгылоо. Акындын көөнү караңгылап, башы айланды (Бейшеналиев). Көзү караңгылоо.
Эч нерседен капарсыз, көңүлү жай, санаасы тынч, бир нерсеге ыраазы болгондой жайдары абалда. Алардын аманчылыгын угуп, ата-эненин көңүлү карк (Өмүрбаев).
Эч нерседен капарсыз, көңүлү жай, санаасы тынч, бир нерсеге ыраазы болгондой жайдары абалда. Алардын аманчылыгын угуп, ата-эненин көңүлү карк (Өмүрбаев). В.: Көөнү карк. Касымбек бийлигин түптөнтүп, кулачын кеңейтип, мартабасын жогорулатканга көөнү карк (Бейшеналиев).
Бир нерсеге сүйүнүү, кубануу, маңдайы жарылуу, жайдары болуу. Муну Гүлгаакы өз ичинен жакшы жышаан деп кабыл алды да, эмнегедир эле көңүлү көтөрүлүп чыкты (Медетов). – Ии, жигит, зымырык куш таап келдиңби, көңүлүң көтөрүлө түшүптүр го (Бердикеев). В.: Көңүлү көккө көтөрүлүү. Каттагы сөздөргө эненин көңүлү көккө көтөрүлдү («Ала-Тоо»).
Бир нерсеге сүйүнүү, кубануу, маңдайы жарылуу, жайдары болуу. Муну Гүлгаакы өз ичинен жакшы жышаан деп кабыл алды да, эмнегедир эле көңүлү көтөрүлүп чыкты (Медетов). - Ии, жигит, зымырык куш таап келдиңби, көңүлүң көтөрүлө түшүптүр го (Бердикеев).
Талабын, мүдөөсүн аткаруу аркылуу бирөөнү ыраазы кылгыдай, көңүлүн көтөргүдөй иш кылуу, ишине жарап берүү. Тигил коштошкону келген агайындар кезек менен улам бири чай берип, мырзанын көңүлүн алып, жолун кылып жатышты (Сыдыкбеков). Кошунамдын көңулүн алайын деген аракетиң го, болбосо мынчалык убараланып, машина таап келе койбойт элең («Чалкан»).
Талабын, мүдөөсүн аткаруу аркылуу бирөөнү ыраазы кылгыдай, көңүлүн көтөргүдөй иш кылуу. Тигил коштошкону келген агайындар кезек менен улам бири чай берип, мырзанын көңүлүн алып, жолун кылып жатышты (Сыдыкбеков). Кошунамдын көңүлүн алайын деген аракетиң го, болбосо мынчалык убараланып, машина таап келе койбойт элең («Чалкан»). В.: Көөнүн алуу. Тигилердин көөнүн алып койсоң жакшы болот эле («Чалкан»).
Ак көңүл эч бир жаман ою жок, арамдыгы жок. Көңүлүндө кири жок жаш балача кубанып, ал башкарма мүчөлөрүн кыдырата карап алды (Ашымбаев). В.: Жүрөгүндө кири жок. Анын жүрөгүндө кенедей да кири жок. Көөнүндө кири жок. Көөнүмдө кирим жок эле.
Катуу таарынтып, көңүлүн оорутуу, иренжитип коюу. Бир адамдын көңүлүн калтырып, катуу сөз айтпаган назик адам эле (Бердикеев). Жаны күйүп турганда алды-артын карабай оорулуу адамдын көңүлүн калтырып койгонуна өзү да бушайман (Сыдыгалиев).
Катуу таарынтып, көңүлүн оорутуу, иренжитип коюу. Бир адамдын көңүлүн калтырып, катуу сөз айтпаган назик адам эле (Бердикеев). Жаны күйүп турганда алды-артын карабай оорулуу адамдын көңүлүн калтырып койгонуна өзү да бушайман (Сыдыгалиев).
Кубантуу, сүйүндүрүп коюу, ыраазы болгудай жакшы мамиле жасоо. Байкуш кемпирдин көңүлүн көтөрүп, тойчулугунан ооз тийип чыгалы (Өмүрбаев). Карыпчылык абал баштарына түшүп отурган элдин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт (Укаев).
Кубантуу, сүйүндүрүп коюу, ыраазы болгудай жакшы мамиле жасоо. Байкуш кемпирдин көңүлүн көтөрүп, тойчулугунан ооз тийип чыгалы (Өмүрбаев). Карыпчылык абал баштарына түшүп отурган элдин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт (Укаев). В.: Көңүлүн куш кылуу. Көңүлүңдү куш кылган Чолпон-Ата кандай жер! (Осмонкул).
Капа кылгысы келбөө, кадырын сыйлоо, көңүлүнө кароо. Алардын көңүлүн кыйбай, кылчактап жатып кечигип калдым. Жеңемдин көңүлүн кыйбай, кал десе кала берип, ушуну көрдүм («Кыргызстан маданияты»). В.: Көөнүн кыйбоо. Муну таштап кетүүгө көөнүн кыйбай турам («Ала-Тоо»).
Капа кылгысы келбөө, кадырын сыйлоо, көңүлүнө кароо. Алардын көңүлүн кыйбай, кылчактап жатып кечигип калдым («Ленинчил жаш»), Жеңемдин көңүлүн кыйбай, кал десе кала берип, ушуну көрдүм («Кыргызстан маданияты»).
Капа кылуу, иренжитүү. Сүйүнбайдын Бүбү жөнүндө айткан наалаты Осмонкулдун көңүлүн оорутуп, жакшына сезимин маскаралагандай болду (Өгөбаев). Аттиң, атамдай болгон кишиге тил тийгиздим, көңүлүн ооруттум («Ленинчил жаш»). В.: Көөнүн оорутуу. Адылбектин көңүлүнө дүрбөлөң түштү. Күлүмкандын көөнүн оорутуп, кооганы өзү баштаганын дароо билди (Өмүрбаев). Баланын көөнүн оорутпа, – деди («Ала-Тоо»). Көңүлүн сындыруу. Ушул эки баланын көңүлүн сындырып силер да билмексен болуп туруп алсаңар ошондо курубайт беле, балдар (Өгөбаев). Кыздын көңүлүн сындырып албайын деп, этиеттей сурадым (Казакбаев).
Капа кылуу, иренжитүү. Сүйүнбайдын Бүбү жөнүндө айткан наалаты Осмонкулдун көңүлүн оорутуп, жакшына сезимин маскаралагандай болду (Өгөбаев). Аттиң, атамдай болгон кишиге тил тийгиздим, ...көңүлүн ооруттум («Ленинчил жаш»).
Таарынтпай, капа кылбай жакшы мамиле жасоо, көңүлүн калтырбоо. Дагы эле сылап-сыйпап, көңүлүнө зак кетирбей, көкүлүн түйүп, куйругун түйүп атказганың оң (Бейшеналиев).
Таарынтпай, капа кылбай жакшы мамиле жасоо, көңүлүн калтырбоо. Дагы эле сылап-сыйпап, көңүлүнө зак кетирбей, көкүлүн түйүп, куйругун түйүпатказганыңоң (Бейшеналиев).
Көңүлүн бурбоо, назарына албоо, маани бербөө. Улуу деп сыйлап олтурсам, Уруулуу кыргыз көп элди, Көңүлүңө илбейсиң («Эр Табылды»). Атасы менен Бөкөйдүн, Айтып жаткан сөздөрүн, Назарына илген жок («Саринжи-Бөкөй»).
Капа болбосун, оюна кетпесин, жаман алып калбасын дегендей мааниде көңүлүн оорутпай, таарынтпай тургандай этиет мамиле жасоо. Булардын мамилесин бузбайын деди окшойт, эжесинин көңүлүнө карап чындыкты айта албай кайра кетти. В.: Көңүлүнө карабоо. Кызы эрке эмеспи, апасы абалына, көңүлүнө карабай жатканына таарынып, айласыз дагы шолоктоп ыйлады (Касымбеков).
Капа болбосун, оюна кетпесин, жаман алып калбасын дегендей мааниде көңүлүн оорутпай, таарынтпай тургандай этиет мамиле жасоо. Булардын мамилесин бузбайын деди окшойт, эжесинин көңүлүнө карап чындыкты айта албай кайра кетти («Ленинчил жаш»).
к. КӨҢҮЛҮН ООРУТУУ
Ушул эки баланын көңүлүн сындырып, силер да билмексен болуп туруп алсаңар ошондо курубайт беле, балдар (Өгөбаев). Кыздын көңүлүн сындырып албайын деп, этиеттей сурадым (Казакбаев).
Бирөөнүн оюндагысын, каалаганын аткаруу, билгендей мамиле жасоо. Санаа чүнчүткөн Паризектин көңүлүн эч ким таба албады (Ашымбаев). Же балакеттин баары Өмүрзаковго жагынбаганымдан, анын көңүлүн таап көшөкөрлөнбөгөнүмдөн болуп жатабы? В.: Көөнүн табуу. – Байкагын, кыздын көөнүн табуу оңой иш эмес, бирок өзү да жакшы көрүп калды окшойт (Осмоналиев).
Бирөөнүн оюндагысын, каалаганын аткаруу, билгендей мамиле жасоо. Санаа чүнчүткөн Паризектин көңүлүн эч ким таба албады (Ашымбаев). Же балакеттин баары Өмүрзаковго жагынбаганымдан, анын көңүлүн таап көшөкөрлөнбөгөнүмдөн болуп жатабы? («СоветтикКыргызстан»).
Таарынуу, капа болуу. Жылуу сөз айтып бата кылып койбогонуна биртике көңүлү ооруй түшүп, анан кыжыры да келип кетти (Касымбеков). Абышканын түрүн карап отуруп, Искактын көңүлү ооруду (Касымбеков).
Таарынуу, капа болуу. Жылуу сөз айтып бата кылып койбогонуна биртке көңүлү ооруй түшүп, анан кыжыры да келип кетти (Касымбеков). Абышканын түрүн карап отуруп, Искактын көңүлү ооруду (Касымбеков).
Эч нерсеге пейли чаппай, бир нерседен көңүлү калгандай, иренжүү пайда болуу. Атай болуш болуп, өз атасы Огонбайдын наамына көчкөндөн бери Султанаалынын көңүлү ага салкын тарта баштады (Каимов). Бардыгы жаттай сезилип, ажырата түшүнбөй, дел болгон Бегаалынын көңүлү салкын тартып, ушул үйгө тиешеси жоктой көрүнө түштү (Эсенканов).
Эч нерсеге пейли чаппай, бир нерседен көңүлү калгандай, иренжүү пайда болуу. Атай болуш болуп, өз атасы Огонбайдын наамына көчкөндөн бери Султанаалынын көңүлү ага салкын тарта баштады (Каимов). Бардыгы жаттай сезилип, ажырата түшүнбөй, дел болгон Бегаалынын көңүлү салкын тартып, ушул үйгө тиешеси жоктой көрүнө түштү (Эсенканов).
Жакшы көргөн, үмүт кылган нерсесинен оң натыйжа чыкпасына көзү жетип, ичи муздоо, үмүгүн үзүп, иренжүү пайда болуу. - Менин көңүлүм сууп, бузукташарымдын шек-шооратын билип, каардуу кайнатам кайтарууга алды (Бейшеналиев). Кыздын көңүлү сууй түшкөнүн сезе сала Асылбек аркасынан жете жандай бастырды (Абакиров). Андан жогоркудай жооп угуп, көңүлүм сууй түштү («Чалкан»).
Жакшы көргөн, үмүт кылган нерсесинен оң натыйжа чыкпасына көзү жетип, ичи муздоо, үмүтүн үзүп, иренжүү пайда болуу. Кыздын көңүлү сууй түшкөнүн сезе сала Асылбек аркасынан жете жандай бастырды (Абакиров). Дарт айыгат дары эмес, кээде суудан, Жаман экен туугандан көңүл сууган. В.: Көңүлү муздоо. Ысыган көңүлүм муздабасын, Чагырбай?! (Осмоналиев).
Эч нерседен капарсыз, бардыгы ойдогудай, муктаждыгы жок, жетиштүү, кемчил эмес. Жаңы колуктулуу күйөө кымылдап, көңүлү ток (Осмоналиев). Ага атасына ишенгенсип жаш балача ишенип, көңүлү ток (Абдукаимов). В.: Көөнү ток. Көрүп койсом көөнүм ток дегендей, ушул жалгыз чүрпөнүн көзүн карап кубаттанып жүрбөйсүзбү («Кыргызстан маданияты»).
Эч нерседен капарсыз, бардыгы ойдогудай, муктаждыгы жок, жетиштүү, кемчил эмес. Жаңы колуктулуу күйөө кымылдап, көңүлү ток (Осмоналиев). Ага атасына ишенгенсип жаш балача ишенип, көңүлү ток (Абдукаимов).
Ыраазы болуу, канааттануу, алымсынуу. «Силерди сагындым!» дейм. Көрүп көңүлүм тоёт, дарманыма дарман кошулат. Кайсы бир мерчемде элге айтарын айтып алган таризде кыйла көңүлү тоюп калган сыяктуу эле (Касымбеков). В.: Көөнү тоюу. Байымбет досунун өз чаркына жараша курган тиричилигине, топуктуу турпатына көөнү тойду (Бейшеналиев). Жакага түшүп дан өстүргөн дыйкандарды көрүп, көөнүңүз тойду (Бейшеналиев).
Бир нерсеге ыраазы болуу, канааттануу, алым-сынуу. «Силерди сагындым!» дейм. Көрүп көңүлүм тоёт, дарманыма дарман кошулат («Ленинчил жаш»). Кайсы бир мерчемде элге айтарын айтып алган таризде кыйла көңүлүтоюп калган сыяктуу эле (Касымбеков).
к. КӨЗҮ ТҮШҮҮ
Ал келинчекке бир кезде Теңирберди агаңдын көңүлүтүшүпжүргөн (Укаев). Кызына жайындагы Кетмен-Төбөлүк жаш ырчынын көңүлү түшүп кеткенин ...кулагы чалган (Касымбеков).
Көңүл кайтты болуу, абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, иренжүү сезими пайда болуу. Ысып барган делебем муздап, ойлогон оюм ордунан чыкпай, көңүлүм үч көчкөн журттай калып, үйгө кайтып келдим (Бөлөкбаев). Адамдан адамдын көңүлү үч көчкөн журттай калса, аны менен бирге жашоо кыйын го? (Бектенов). В.: Көңүлү калуу. Тууганы Төлөмүштөн да көңүлү калды (Бердикеев). Андан катуу сөз угуп көңүлү калды (Бердикеев). Көөнү калуу. Ал эмне дегениң? Көөнүң калдыбы, сөзүңө түшүнбөдүм! – деп Айжамал серпиле карап оңдонуп олтурду (Убукеев).
Көңүл кайтты болуу, абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, иренжүү сезими пайда болуу. Ысып барган делебем муздап, ойлогон оюм ордунан чыкпай, көңүлүм үч көчкөн журттай калып, үйгө кайтып келдим (Бөлөкбаев). Адамдан адамдын көңүлү үч көчкөн журттай калса, аны менен бирге жашоо кыйын го? (Бектенов).
Каалабоо, көңүлсүнбөө, көңүлү келбөө, табити тартпоо. Китептин бетин ачкан менен көңүлү чаппай алагдыланды (Бейшеналиев). Паризек аптап ургандай алсырап, тамакка да көңүлү чаппай корунган кейипте эле (Ашымбаев). В.: Көңүлү тартпоо. Ысык өткөндө айрым балдар чочуйт жана тамакка көңүлү тартпайт («Кыргызстан аялдары»). Көөнү чаппоо. Бирок эмнеси экенин билбейт, Ланичекке көөнү чаппайт (Ашымбаев).
к. КӨҢҮЛҮ ЧӨГҮҮ
Бул йшиңизди күйөөңүз укса, анын көңүлү чөгөт болуп, жоокерлердин ичинде ал сөзгө, уятка калбайбы (Баялинов). Көңүлү чөгөт болуп жүрөт. Деги мындан качан арылат. Неге өңөрүн кысат (Бейшеналиев).
Капалануу, кайгыруу, басынуу, тымызын кайгыруу. Бөбөгү эсине түшүп, жаш көңүлү чөгүп, бир жанга тил катпай томсорду (Укаев). Баланын көңүлү чөгүп кетпесин деп колунан келгендин баарын жасайт (Бердикеев). В.: Көңүлү чөгөт болуу. Бул ишиңизди күйөөңүз укса, анын көңүлү чөгөт болуп, жоокерлердин ичинде ал сөзгө, уятка калбайбы (Баялинов). Көңүлү чөгөт болуп жүрөт, деги мындан качан арылат. Неге өңөрүн кысат (Бейшеналиев). Көөнү чөгүү. Көөнүм чөгүп турат.
Капалануу, кайгыруу, басынуу, тымызын кайгыруу. Бөбөгү эсине түшүп, жаш көңүлү чөгүп, бир жанга тил катпай томсорду (Укаев). Баланын көңүлү чөгүп кетпесин деп колунан келгендин баарын жасайт (Бердикеев).
Мүнөзү жумшак, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, анын айтканын, сураганын жок дей албаган, ак көңүл. Атаң бирөөнүн көңүлүн карап, катуу айта албаган көңүлчөөк киши эле («Ала-Тоо»). Көңүлчөөк болом деп отуруп силерди эсиртип жибердим окшойт («Чалкан»).
Бирөөнүн көңүлүн кыя албаган, көңүлүн калтырбаган, айтканын, сураганын жок, дей албаган жумшак мүнөздүүлүк, ак көңүлдүк. Биздин кишилер көңүлчөөктүктү, кенебестикти таштоолору керек (Сыдыкбеков).