КӨҢҮЛҮ БУЗУЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Капа болуу, кайгыруу, көңүлү чөгүү. Агасынын үйүнө келген жаш жигиттин эсине ар нерсе түшүп, агасын эстеп көңүлү бузулуп отурган эле (Укаев). Өткөн-кеткенди эстеп, көңүлүм бузулду («Кыргызстан маданияты»). 2. Кандайдыр башка жаман ойго түшүү, азгырылуу, айнуу. Батинанын көңүлү бузулуп жүргөнүн байкаган Кыдырбай аялына эскертти (Сыдыкбеков). Келиндин көңүлү бузулуп жүрөт өңдөнөт деген сөздү угуп, Календин каны качып, ачуусу келди («Ала-Тоо»). В.: Көөнү бузулуу. Көөнүм бузулуп барып токтодум. Баланын көөнү бузулуп жүргөнүн байкады.