КӨҢҮЛҮН АЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Талабын, мүдөөсүн аткаруу аркылуу бирөөнү ыраазы кылгыдай, көңүлүн көтөргүдөй иш кылуу, ишине жарап берүү. Тигил коштошкону келген агайындар кезек менен улам бири чай берип, мырзанын көңүлүн алып, жолун кылып жатышты (Сыдыкбеков). Кошунамдын көңулүн алайын деген аракетиң го, болбосо мынчалык убараланып, машина таап келе койбойт элең («Чалкан»).