КӨҢҮЛ ООРУТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Капа кылуу, таарынтуу, көңүлүн калтыруу. Карынын да, жаштын да көңүлүн оорутпаган, жибектей чоюлган, бала мүнөздүү, кичи пейил адам экен (Баялинов). Кабарыңыз бар, Чаткалдан чыккан чатакты жөндөп келсем, эси жоктор ишти айран кылып таштап көңүлүмдү оорутту, эл көзүнө сындырды (Касымбеков).