Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капа кылуу, иренжитүү. Сүйүнбайдын Бүбү жөнүндө айткан наалаты Осмонкулдун көңүлүн оорутуп, жакшына сезимин маскаралагандай болду (Өгөбаев). Аттиң, атамдай болгон кишиге тил тийгиздим, көңүлүн ооруттум («Ленинчил жаш»). В.: Көөнүн оорутуу. Адылбектин көңүлүнө дүрбөлөң түштү. Күлүмкандын көөнүн оорутуп, кооганы өзү баштаганын дароо билди (Өмүрбаев). Баланын көөнүн оорутпа, – деди («Ала-Тоо»). Көңүлүн сындыруу. Ушул эки баланын көңүлүн сындырып силер да билмексен болуп туруп алсаңар ошондо курубайт беле, балдар (Өгөбаев). Кыздын көңүлүн сындырып албайын деп, этиеттей сурадым (Казакбаев).