КӨҢҮЛСҮЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көңүлү жок, көңүлү келбеген, көңүлдөнбөгөн, кызыкпаган түрдө. Көсөл көңүлсүз жооп кайтарды (Каимов). 2. Көңүлү ачылбаган, түнт, капалуу. Ансыз мен да, менсиз ал да көңүлсүз (Токомбаев). 3. Кызык эмес, кызыгы жок, жагымсыз. Үй ичи күүгүмдөнүп күңүрт, ары көңүлсүз («Ала-Тоо»).