Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын ой-сезими, маанайы. Ар кандай оорунун эң мыкты дарыларынын бири көңүл эмеспи (Абдукаримов). Күлкүлөр карыянын көңүлүн көтөрүп койду (Убукеев). Көңүлдө кайгы топтолуп, Жалгыздык башка түшкөндөн (Казыбек). 2. Көөн, назар, ой-пикир, санаа. Көңүлүмдөн кетпедиң, Көчмөндүү кыргыз көп журтум (Токтогул). Көңүлдөр көшөгө тартып ак, Көлчөдө Ай жатты жалтырак (Кулумбаев). Мамбеткул Ашымдын сөзүн көңүл коюп укту (Каимов). Колуңдан, келбес бир ишке, Кор болуп көңүл дегдетпе (Токтогул). 3. Бирөөгө карата айтылган, билдирилген ниет, тилек, пейил. Далай киши келип, жакшы саналуу көңүлдөрүн айтышты (Байтемиров). Качан көңүлүңүз келгенде гана иштеңиз (Тоголок Молдо). Кара көңүл адамдан, бөлө жүр дайым чегиңди (Жантөшев).