Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшы көргөн, үмүт кылган нерсесинен оң натыйжа чыкпасына көзү жетип, ичи муздоо, үмүгүн үзүп, иренжүү пайда болуу. - Менин көңүлүм сууп, бузукташарымдын шек-шооратын билип, каардуу кайнатам кайтарууга алды (Бейшеналиев). Кыздын көңүлү сууй түшкөнүн сезе сала Асылбек аркасынан жете жандай бастырды (Абакиров). Андан жогоркудай жооп угуп, көңүлүм сууй түштү («Чалкан»).