КӨҢҮЛ АЙТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Аза күткөн, өтө капалуу, кайгылуу адамдын кайгысын бөлүштүрүү, көңүлүн жубатуу. Кадырбекти коюп келгендин эртеси келини экөө ал үч кабат үйдө жашоочулардан биринчи болуп кайрадан көңүл айтканы киришти (Медетов). Боору ачыгандар убап-чубап келип көңүл айтып жатышты (Ашымбаев).