Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ниет, тилек, пейил. Кечээтен бери далай киши келип, жакшы санаалуу көңүлдөрүн айтышты (Байтемиров). Качан көңүлүңүз келгенде гана иштеңиз (Тоголок Молдо).
2. Ой, назар, көөн; ой-санаа, ой-пикир. Бүт көңүлүн билимге Берип турган пионер (Барпы). Көз ачып-жумганча [Чоконун] көңүлүнө алда нече ойлор келип кетти (Жантөшев). Көңүл бөлүү. Көңүл коюу. Көңүлү тынуу. Көңүлү жайлануу.
¨ Ак көңүл — көңүлчөөк, бирөөнүн көңүлүн калтырбас, көңүлүн кыйбас, ичине кир сактабаган, кекчил эмес. Кош көңүл — 1) эки анжы, эки ойлуу, олку-солку, чечкиндүү эмес; көңүлсүз, көңүл кош. Койчу.. кош көңүл болуп туруп жооп берди (Сасыкбаев); 2) талгак. Күлжан, сен кош көңүл болуп жүрбө (Байтемиров). Көңүл кош — көңүлсүз, кайдыгер. Көңүл жакын — көңүлдөш, ынак, жакшы санаалаш. Алардын ичинде көңүл жакын кишилер бар (Сыдыкбеков). Көңүл айтуу — кайрат айтуу, көңүлүн жубатуу. Көңүлүн калтыруу — көңүлүн суутуу, көңүлүн кайтаруу, капа кылуу. Кычан курбуларынын көңүлүн калтыра албады (Бейшеналиев).