Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капа болбосун, оюна кетпесин, жаман алып калбасын дегендей мааниде көңүлүн оорутпай, таарынтпай тургандай этиет мамиле жасоо. Булардын мамилесин бузбайын деди окшойт, эжесинин көңүлүнө карап чындыкты айта албай кайра кетти («Ленинчил жаш»).