көңүлдөгүдөй Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Ойдогудай, каалагандай, талаптагыдай. Ырас, көңүлдөгүдөй жер экен (Жантөшев). Салыктын кыраакы көздөрү үйдүн ичи көңүлдөгүдөй эместигин дароо байкады (Каимов).
КӨҢҮЛДӨГҮДӨЙ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Көңүлгө жага тургандай, ойдогудай, адам каалагандай, талаптагыдай. Салыктын кыраакы көздөрү үйдүн ичи көңүлдөгүдөй эместигин дароо байкады (Каимов).