КӨҢҮЛҮ АГАРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөгө болгон нааразылыгы, таарынчысы кетүү, жазылуу. Бир кездеги үзөңгү кагышып бирге жүргөндөрү эсине түшүп, көңүлү агарып, бала сыяктуу каңырыгы түтөдү (Касымбеков). Сыйыңа карата - сый, сенин да көңүлүң агарып кеткени оң (Медетов).