КӨҢҮЛГӨ ТҮЙҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эстен чыгарбоо, эсте сактоо, эч унутпоо. Эми сен биздин айткандарды көңүлгө түйө бергин (Сыдыкбеков). Кирип-чыгып тигилердин айткандарын көңүлгө түйүп, байкалбай жүрө берди («Кыргызстан маданияты»). В.: Көкүрөккө түйүү. Атасынын акыры коштошуусун, анын жүзүн, элесин Чокон көкүрөккө түйгөн. Ошол акыркы коштошуусун эстеп, Чокон азыр да төшөгүндө ыйлап жатты (Абдыраманов).