КӨҢҮЛҮ ЧӨГҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Капалануу, кайгыруу, басынуу, тымызын кайгыруу. Бөбөгү эсине түшүп, жаш көңүлү чөгүп, бир жанга тил катпай томсорду (Укаев). Баланын көңүлү чөгүп кетпесин деп колунан келгендин баарын жасайт (Бердикеев). В.: Көңүлү чөгөт болуу. Бул ишиңизди күйөөңүз укса, анын көңүлү чөгөт болуп, жоокерлердин ичинде ал сөзгө, уятка калбайбы (Баялинов). Көңүлү чөгөт болуп жүрөт, деги мындан качан арылат. Неге өңөрүн кысат (Бейшеналиев). Көөнү чөгүү. Көөнүм чөгүп турат.