сын. Бирөөнүн айтканына кирип кете берген, ишенчээк, көңүлгө карама.
könülçöök
iyi kalpli; uysal
Мүнөзү жумшак, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, анын айтканын, сураганын жок дей албаган, ак көңүл. Атаң бирөөнүн көңүлүн карап, катуу айта албаган көңүлчөөк киши эле («Ала-Тоо»). Көңүлчөөк болом деп отуруп силерди эсиртип жибердим окшойт («Чалкан»).
könülçööktük
uysallık, hatır kurnazlık
көңүлчөөктүк, көңүлчөөк түгү
Бирөөнүн көңүлүн кыя албаган, көңүлүн калтырбаган, айтканын, сураганын жок, дей албаган жумшак мүнөздүүлүк, ак көңүлдүк. Биздин кишилер көңүлчөөктүктү, кенебестикти таштоолору керек (Сыдыкбеков).