Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көңүл кайтты болуу, абдан нааразы болуу, аябай жек көрүү, жаман көрүү, иренжүү сезими пайда болуу. Ысып барган делебем муздап, ойлогон оюм ордунан чыкпай, көңүлүм үч көчкөн журттай калып, үйгө кайтып келдим (Бөлөкбаев). Адамдан адамдын көңүлү үч көчкөн журттай калса, аны менен бирге жашоо кыйын го? (Бектенов).