Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кубантуу, сүйүндүрүп коюу, ыраазы болгудай жакшы мамиле жасоо. Байкуш кемпирдин көңүлүн көтөрүп, тойчулугунан ооз тийип чыгалы (Өмүрбаев). Карыпчылык абал баштарына түшүп отурган элдин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт (Укаев). В.: Көңүлүн куш кылуу. Көңүлүңдү куш кылган Чолпон-Ата кандай жер! (Осмонкул).