Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Талабын, мүдөөсүн аткаруу аркылуу бирөөнү ыраазы кылгыдай, көңүлүн көтөргүдөй иш кылуу. Тигил коштошкону келген агайындар кезек менен улам бири чай берип, мырзанын көңүлүн алып, жолун кылып жатышты (Сыдыкбеков). Кошунамдын көңүлүн алайын деген аракетиң го, болбосо мынчалык убараланып, машина таап келе койбойт элең («Чалкан»). В.: Көөнүн алуу. Тигилердин көөнүн алып койсоң жакшы болот эле («Чалкан»).