Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бири менен жакындыгы, ынактыгы бар, жакшы санаалаш, өзүнчө мамилелеш. Тууган ичинде да булар менен көңүлү жакын эле («Кыргызстан маданияты»). 2. Көңүл ачуу, ойноп-күлүү жагынан бири-бири менен ысык мамилелеш, көңүлдөш. Сүйгөн менен акын жигиттин көңүлү жакын экенин байкап калган Жалий жигитти өзүнө тартып, колго түшүрүү аракетинде болду (Бейшеналиев). В.: Көөнү жакын. Ал экөөнүн көөнү жакын өңдөнөт («Ала-Тоо»).