КӨҢҮЛҮ ТОЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ыраазы болуу, канааттануу, алымсынуу. «Силерди сагындым!» дейм. Көрүп көңүлүм тоёт, дарманыма дарман кошулат. Кайсы бир мерчемде элге айтарын айтып алган таризде кыйла көңүлү тоюп калган сыяктуу эле (Касымбеков). В.: Көөнү тоюу. Байымбет досунун өз чаркына жараша курган тиричилигине, топуктуу турпатына көөнү тойду (Бейшеналиев). Жакага түшүп дан өстүргөн дыйкандарды көрүп, көөнүңүз тойду (Бейшеналиев).