Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшы көргөн, үмүт кылган нерсесинен оң натыйжа чыкпасына көзү жетип, ичи муздоо, үмүтүн үзүп, иренжүү пайда болуу. Кыздын көңүлү сууй түшкөнүн сезе сала Асылбек аркасынан жете жандай бастырды (Абакиров). Дарт айыгат дары эмес, кээде суудан, Жаман экен туугандан көңүл сууган. В.: Көңүлү муздоо. Ысыган көңүлүм муздабасын, Чагырбай?! (Осмоналиев).