1. Адамдын, жан-жаныбарлардын көрүү мүчөсү. Бала көзүн ушалап өйдө турду («Жаш ленинчи»). Көзү бүтүйгөн бирөө үйдүн ичин айландыра карады (Жантөшев). Малдын көзүнө көрүнгөндөй от калбаптыр, жер такыр болуп кетти. Журт которуп көчүү керек («Ала-Тоо»). Көздөрүмдүн нурларынан кечтелеп, Жолдоруна гүлдөр эктим Энтелеп (Мамазаирова). 2. Башка эмес, нак өзү, дал өзүнүн көрүнүшү, турпаты. Жоголгон буюмуңдун көзүн таанысаң, алгын, балам («Чалкан»). Жоголгон малыбыздын көзүн таанып турабы («Ала-Тоо»). Балдарымдын көзүн көрсөм эле ыраазымын (Абдукаримов). Көзүм барда айтайын, Көргөнүмдү калкыма (Токтогул). 3. Бир нерсенин тешиги, жылчыгы, ачык бөлүгү, көзөнөгү. Ийненин көзү. Терезенин көзү. Тузактын көзү. || Пайда болгон, чыккан жери (мис. булактын). Булактын көзү капкара болуп көрүнүп турат (Таштемиров). 4. Куржундун же бир нече бөлүктүү башка нерсенин айрым бөлүгү, бөлүк-бөлүк чөнтөктөрү. Акматтын эки куржун көзү китеби боло турган (Жантөшев). Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев). Шкафтын бир көзү толтура китеп экен («Ала-Тоо»). 5. Шакектин же башка нерсенин кичине асыл таш, мончок ж. б. орнотулган жери, бөлүгү. 6. Күндүн, айдын ж. б. бети. Күндүн көзүн булут каптады (Жантөшев). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү (Шүкүрбеков).
Көзү жакшы көрө албаган учурда же көздү нурдан же башка нерседен сактоо максатында тагына турган эки айнектүү оптикалык буюм. Динар тагынган көз айнек чоң эненин көптөн сактап келаткан буюму (Сыдыкбеков).
Бирөөнү же бир нерсени тигилип көпкө карай берүү, тиктөө, тиктеп тура берүү. Көпөлөктү көргөндө, Эки көзүн айырбай, Жүгүрүшөт балалык (Токтогул). Ойлоп-ойлоп көңүл толкуп, Көз айырбайм бул жерден (Маликов). Батийна алардан көз айырган жок (Сыдыкбеков). Келаткан аялдан көзүмдү айырбай, бүшүркөп кайра-кайра карай бердим («Ала-Тоо»). Соопкер колун жая дубананын оозунан көз айырбай тиктеп турат (Осмоналиев). В.: Көзүн албоо. Алымкул башын көтөрбөй, Буурсун жиреп бараткан, Бороздон көзүн албады (Абдукаримов). Жапар Жамыйладан көзүн албады (Баялинов).
Бирөөнү же бир нерсени тигилип көпкө карай берүү, тиктөө, тиктеп тура берүү. Батийна алардан көз айырган жок (Сыдыкбеков). Келаткан аялдан көзүмдү айырбай, бүшүркөп кайра-кайра карай бердим («Ала-Тоо»). Соопкер колун жая дубананын оозунан көз айырбай тиктеп турат (Осмоналиев).
Кандайдыр бир ишти, же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү, же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш. Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар (макал).
Кандайдыр бир ишти, же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү, же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш, энчи, салым. Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар (макал). Бүгүнкү ийгиликке менин да көз акым бар (Касымбеков).
Кайра-кайра элестете берүү, эсинен чыгарбоо, унута албоо. Гүлайым жан курбусу Алымкулду такыр көз алдынан кетирбейт (Абдукаримов). Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, анын акыркы элесин алигиче көз алдыман кетире албайм (Жантөшев). В.: Көз кырынан кетпөө. Майда-чуйда значоктор да көз кырынан кетпеди (Байтемиров).
Кайра-кайра элестете берүү, эсинен чыгарбоо, унута албоо. Гулайым жан курбусу Алымкулду такыр көз алдынан кетирбейт (Абдукаримов). Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, анын акыркы элесин алигиче көз алдыман кетире албайм (Жантөшев).
Кимдир бирөөнүн (бирөөлөрдүн)көзүнчө, ошолор менен бирге жүрүп, бирге өскөн мезгилде, бирге болгон кезде. Оо, андагы булардын балалык кези эмгиче көз алдымда («Ала-Тоо»).
Бирөөнүн карамагында, көзөмөлүндө болуу. Мен ал кезде ата-энемдин эмес, жездемдин көз алдында болдум. (Элебаев). Энеңдин көз алдында жигит болдуң (Маликов). Оо, андагы булардын балалык кези эмгиче көз алдымда («Ала-Тоо»).
Бир нерсеге абдан кызыгуу, суктануу, жетсем деп эңсөө же бирөөнүн бир нерсесин менчиктеп алсам, өзүмдүк кылып алсам деп сугалактык, ач көздүк кылуу. Карып бул кызга көптөн бери эле көз артып жүргөн (Абдукаримов). Зарыл экөөбүзгө көз артчу жигиттер сапар тартышты (Сыдыкбеков). Ач көз өлсө да дүнүйөгө тойбойт, Бирөөгө көз артканын койбойт (Шүкүрбеков). Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо, ошого көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле (Баялинов).
Бир нерсеге абдан кызыгуу, суктануу, жетсем деп эңсөө же бирөөнүн бир нерсесин менчиктеп алсам, өзүмдүк кылып алсам деп сугалактык, ач көздүк кылуу. Карып бул кызга көптөн бери эле көз артып жүргөн (Абдукаримов). Зарыл экөөбүзгө көз артчу жигиттер сапар тартышты (Сыдыкбеков). Ач көз өлсө да дүнүйөгө тойбойт, Бирөөгө көз артканын койбойт (Шүкүрбеков). Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо, ошого көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле (Баялинов).
Төрөлгөндөн, жарык дүйнөнү көргөндөн бери, жарыкчылыкка келгенден бери. Мунун баары көз ачкандан бери канына сиңип, абдан маш болуп алган кесиби эле (Укаев).
Төрөлгөндөн, жарык дүйнөнү көргөндөн бери, жарыкчылыкка келгенден бери. Мунун баары көз ачкандан бери канына сиңип, абдан маш болуп алган кесиби эле (Укаев). В.: Көз ачканы. Бечара бала көз ачканы багы бир ачылбады («Ала-Тоо»). Адам көз ачканы түйшүккө малынып жүрүп өтүп кетеби? (Ашымбаев).
к. КӨЗ АЧЫП-ЖУМГАНЧА
Алмамбет, Чубак эр Сыргак, Ошол үчөө болбосо, Калганын көз ачымга койбойбуз («Манас»). Чарт-чурт этип чоң аймакты көз ачымга жарык кылган чагылгандай ал шаардын бир бурчун жаңыртып өттү (Мырзаев).
Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо. Бирок, бактылуу турмуш көз ачып-жумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти (Каимов). Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды («Советтик Кыргызстан»). Сай-сөөгү сыздаган Батийна көз ачып-жумганча бөктөрүнчөктү жукалай салып, Канымбүбүнү учкаштырып алды (Сыдыкбеков).
Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо. Бирок, бактылуу турмуш көз ачып-жумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти (Каимов). Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды («Советтик Кыргызстан»). Сай сөөгү сыздаган Батийна көз ачып-жумганча бөктөрүнчөктү жукалай салып, Канымбүбүнү учкаштырып алды (Сыдыкбеков). В.: Көз ачкыча. Көрүнүп турган Үргөнчкө, көз ачкыча барайын («Семетей»). Көз ачымга. Алмамбет, Чубак эр Сыргак, Ошол үчөө болбосо, Калганын көз ачымга койбойбуз («Манас»). Чарт-чурт этип чоң аймакты көз ачымга жарык кылган чагылгандай ал шаардын бир бурчун жаңыртып өттү (Мырзаев). Көз ирмегенче. Дүр тигилип, көз ирмегенче шак тартып ийген уланга кыбасы кана тамшанды (Бейшеналиев). Көз ирмемде. Эдиги көз ирмемде адамдардын бакылдагы чыккан үйгө жетти (Осмоналиев). Ошентип, көз ирмемде Ажар Айнадан ажырап калды (Жоошпаев). Көз ирмемге келбей. Көз ирмемге келбей албеттүү колдор ал экөөнү паравозго тартып алды (Абдукаримов). Агалуу, инилүү экөө бирдей көз ирмемге кыйылыша жетимдикти эскеришти (Бейшеналиев). Ачып көздү жумганча. Айтып оозун жыйгыча, Ачып көздү жумганча («Сейтек»). Андай-мындай дегиче Ачып көздү жумганча («Эр Төштүк). Ачкан көзүн жумганча. Биздин Кийизбай эмне? Ачкан көзүн жумганча кедей болду да калды (Сыдыкбеков).
Биринчи төрөлгөн, эң алгачкы кубанычы болгон баласы же биринчи келген келинине карата колдонулат. Көз ачып көргөн тун баласын салт менен үйлөнтсө кантет (Сыдыкбеков). Гүлшанымды көрсөм дейт. Кантсе да, көз ачып көргөн келгини, жалгыз келини (Даникеев).
Биринчи төрөлгөн, эң алгачкы кубанычы болгон баласы же биринчи келген келинине карата колдонулат. Оозумду ачып өпкөнүм, Көзүмдү ачып көргөнүм («Сейтек»). Көз ачып көргөн тун баласын салт менен үйлөнтсө кантет (Сыдыкбеков). Гүлшанымды көрсөм дейт. Кантсе да, көз ачып көргөн келгини, жалгыз келини (Даникеев).
1. Бир заматта, тез эле, бир паста. Алмамбет, Чубак кабылан Көз ачырбай жеткидей... Кыргын салып өткүдөй. («Манас»). 2. Мүмкүнчүлүк бербей, тынымсыз, кайра-кайра, үстү-үстүнө, дембе-дем, удаа-удаа. Айтор, бий, болуштар ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томояк кылды го (Элебаев). Залимдер көз ачырбай, жыл сайын алык-салыкты арбытты (Бейшеналиев). Түндөтөн бери көз ачырбай асман жерди чалкакейлеп турган ак жаан бешимден оогондо гана сээлдеди (Өмүрбаев). Өткөн күнү кечке көз ачырбай жамгыр жаап, Кулу жайыттан отунсуз кайтты (Осмоналиев).
1. Бир заматта, тез эле, бир паста. Алмамбет, Чубак кабылан Көз ачырбай жеткидей, Кыргын салып өткүдөй («Манас»). 2. Мүмкүнчүлүк бербей, тынымсыз, кайра-кайра, үстү-үстүнө, дембе-дем, удаа-удаа. Жазгы жамгыр көз ачырбайт (Айтматов). Айтор, бий, болуштар ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томояк кылды го (Элебаев). Залимдер көз ачырбай, жыл сайын алык-салыкты арбытты (Бейшеналиев). Түндөтөн бери көз ачырбай асман жерди чалкакейлеп турган ак жаан бешимден оогондо гана сээлдеди (Өмүрбаев). Өткөн күнү кечке көз ачырбай жамгыр жаап, Кулу жайыттан отунсуз кайтты (Осмоналиев).
Күүгүм кире, каш карайып эч нерсе көрүнбөй калган убак, иңир. Көз байланган кезде гана ар үй өз очогуна от жагып тыным алышат (Укаев). Көздөгөн жерге чарчап-чаалыгып, көз байланган кезде жеттик («Чалкан»).
Күүгүм кире, каш карайып эч нерсе көрүнбөй калган убак, иңир. Көз байланган кезде гана ар үй өз очогуна от жагып тыным алышат (Укаев). Көздөгөн жерге чарчап-чаалыгып, көз байланган кезде жеттик («Чалкан»). В.: Көз байланган учур. Көз байланган учурда Керимакун базар жактан келди (Жантөшев). Көз байланган убак. Көз байланган убакта айыл тарапка канчалык карашса да тосуп чыгар Ыйсанын карааны көрүнбөдү (Осмоналиев). Көз байланган чак. Көз байланган чакта жылдыздар көк бетине жайнап чыга келди (Укаев).
дин. Билдирбей, сездирбей дуба менен сыйкырлоо, азгыруу, алдоо деген мааниде. Дуба окуп, көз байлап, Жер астына сиздерди, Азгырып алып кириптир («Эр Төштүк»). Беделин коргон чочуган, Көз байлаган сыйкырды Көбүрөөк даана окуган («Сейтек»).
Билдирбей, сездирбей дуба менен сыйкырлоо, азгыруу, алдоо деген мааниде. Дуба окуп, көз байлап, Жер астына сиздерди Азгырып алып кириптир («Эр Төштүк»). Беделин көргөн чочуган, көз байлаган сыйкырды, Көбүрөөк даана окуган («Сейтек»). Дем салып, никеге чейин көзүн байласын (Бөкөнбаев). Ал толготкон катындын, Көзүн байлап салчу экен («Сейтек»).
Алдамчы, жазгырма, калпты чындай кылып көрсөтүүчү, көз жазгыруучу. Мейманканада жатып «Терисин тешип чыгар күнөө жасаган көз боёмочулар» деген макала жаздым (Осмоналиев). Анткени, пикири миллион сомдук иштерди жасаган көз боёмочулар жеңил-желпи кутулуп кетти («Советтик Кыргызстан»).
Алдамчы, жазгырма, калпты чындай кылып көрсөтүүчү, көз жазгыруучу. Мейманканада жатып «Терисин тешип чыгар күнөө жасаган көз боёмочулар» деген макала жаздым (Осмоналиев). Иштин бардыгын ошондой калпычы, көз боёмочулар бүлдүрөт эмеспи (Жантөшев).
Көзөмөлдөп, ээлик болуп туруу, каралашып, кайтарып туруу. Энем өлгөн соң, анын ордун басып, жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир келди (Элебаев). Чешке чыккандан кийин өзүңөрдөн кичүүлөргө көз болуп жүргүлө, балам (Абдукаимов). Мен келгенче койлорго жакшылап көз бөл («Ала-Тоо»).
Көзөмөлдөп, ээлик болуп туруу, каралашып, кайтарып туруу. Энем өлгөн соң, анын ордун басып, жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир келди (Элебаев). Четке чыккандан кийин өзүңөрдөн кичүүлөргө көз болуп жүргүлө, балам (Абдукаимов). Мен келгенче койлорго жакшылап көз бол («Ала-Тоо»).
дин. Көңүлүн башка жакка буруп алаксытуу менен жалган ишеним пайда кылуучу, сыйкырчы, сыйкырлап коючу. Күндүзүндө Кыязды жан кубантып жалдаптыр, Түн киргенде Кыязды көз боочу салып алдаптыр («Сейтек»). Ыраңдуу тузду жайлаган, көз боочу болуп дубалап Адамдын көзүн байлаган («Сейтек»). Сен балдардын атасысыңбы же көз боочусуңбу? (Жантөшев).
Көңүлүн башка жакка буруп алаксытуу менен жалган ишеним пайда кылуучу сыйкырчы, сыйкырлап коюучу. Сен балдардын атасысыңбы же көз боочусуңбу? (Жантөшев). Күндүзүндө Кыязды, Жан кубантып жалдаптыр, Түн киргенде Кыязды, Көз боочу салып алдаптыр («Сейтек»). Ыраңдуу түздү жайлаган, Көз боочу болуп дубалап, Адамдын көзүн байлаган («Сейтек»).
Билинбей туруп жылт коюу, заматта, байкатпай, кайда кеткенин билгизбей жок болуу. Тосмого камалган кулжадай даяр бута болбой көз жазгырсамбы дейм (Бейшеналиев). Алыска көз жазгырып кетүү керек экен, - деп өкүнө түштү да, - Ай, мейли деп кол шилтеди (Укаев). Ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев).
Билинбей туруп жылт коюу, заматта, байкатпай, кайда кеткенин билгизбей жок болуу. Тосмого камалган кулжадай даяр бута болбой көз жазгырсамбы дейм (Бейшеналиев). Сен элди алдап, көз жазгырмайыңды качан коёсуң (Сыдыкбеков). Алыска көз жазгырып кетүү керек экен, – деп өкүнө түштү да, – Ай, мейли деп кол шилтеди (Укаев). Ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев). В.: Көз жаздыруу. Заматта көз жаздырып кетти («Чалкан»). Аларды көз жаздыруу кыйын болду («Ала-Тоо»). Кылт этип көз жаздырып качып турган, Акылай Ала-Тоонун түлкүсү да (Турусбеков).
Көз алдында, көз кыйыгында болуу, байкап туруу. Жолдун тыягына бир, быягына бир чуркап ээрчий келаткан ок жетпес баятан Динардын көз жаздыгында болучу (Сыдыкбеков).
Көз алдында, көз кыйыгында болуу, байкап туруу. Жолдун тыягына бир, быягына бир чуркап ээрчий келаткан ок жетпес баятан Динардын көз жаздыгында болучу (Сыдыкбеков).
ignore (verb)
To mark an e-mail conversation so that all current and future messages in the conversation are automatically moved to the Deleted Items folder.
Байкалбай, билинбей, көңүлгө алынбай калуу, эске алынбай, эскерилбей калуу. Райондук маданият үйүндөгү экинчи жолу ачылып жаткан көргөзмө көпчүлүктүн көз жаздымында калбады («Кыргызстан маданияты»). Кашар маселеси көз жаздымында калганына өкүндү («Кыргызстан маданияты»). Мындай уурулардын көз жаздымында калышы, көзөмөлгө алынбагандын кесепети канчалык зыянды алып келбеди («Советтик Кыргызстан»). В.: Көз жаздыгында калуу. Орчундуу иштерди көз жаздыгында калтырууга болбойт («Ленинчил жаш»).
Байкалбай, билинбей, көңүлгө алынбай калуу, зеке алынбай, эскерилбей калуу. Райондук маданият үйүндөгү экинчи жолу ачылып жаткан көргөзмө көпчүлүктүн көз жаздымында калбады («Кыргызстан маданияты»). Кашар маселеси көз жаздымында калганына өкүндү («Кыргызстан маданияты»). Мындай уурулардын көз жаздымында калышы, көзөмөлгө алынбагандын кесепети канчалык зыянды алып келбеди («Советтик Кыргызстан»).
к. КӨЗ ЖАЗГЫРУУ
Заматта көз жаздырып кетти («Чалкан»). Аларды көз жаздыруу кыйын болду («Ала-Тоо»). Кылт этип көз жаздырып качып турган, Акылай Ала-Тоонун түлкүсү да (Турусбеков).
1. Төрөлүү, жарык дүйнөгө келүү (балага карата). Ушул курсактагы бала аман көз жарса Айымжандын койнуна салып б ер емин (Сыдыкбеков). Шамшынын токоюнан сомдоп артына келген куу арчадан жакында көз жаруучу наристеге бешик жасатууда (Бейшеналиев). Таң аппак атып калган кезде бала көз жарды («Ала-Тоо»). 2. Төрөө, боюнан бошонуу, бала төрөп алуу, балалуу болуу (аялга карата). Сейдеке, ырысың бар экен, келиниң аман-эсен көз жарып, башыңа баш кошулуп олтурат, - дешип кемпирлер бака-шака (Өгөбаев). Ошентип, Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келери менен зайып көз жарат (Айтматов). Кудай кошкон жубайынын аман-эсен көз жарып алуусун алдадан үчубак тилеп жүрөт (Бердикеев).
1. Төрөлүү, жарык дүйнөгө келүү (балага карата). Шамшынын токоюнан сомдоп артына келген куу арчадан жакында көз жаруучу наристеге бешик жасатууда (Бешеналиев). Таң аппак атып калган кезде бала көз жарды («Ала-Тоо»). Ушул курсактагы бала аман-эсен көз жарса, Айымжандын койнуна салып берем (Сыдыкбеков). Бала да өз саатында көз жарат (Сыдыкбеков). 2. Төрөө, боюнан бошонуу, бала төрөп алуу, балалуу болуу (аялга карата). Сейдеке, ырысың бар экен, келиниң аман-эсен көз жарып, башыңа баш кошулуп олтурат, – дешип кемпирлер бака-шака (Өгөбаев). Ошентип, Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келери менен зайып көз жарат (Айтматов). Кудай кошкон жубайынын аман-эсен көз жарып алуусун алдадан үч убак тилеп жүрөт (Бердикеев).
1. Адамдын же жан-жаныбарлардын көзүнөн аккан жашы. Сейденин көз жашы көл (Айтматов). Көз жаш көздү бузат. 2. Бирөөнүн убал – сообу. Жетимдердин көз жашы сени уктатпас (Айтматов).
Кичине гана, анча-мынча, өтө аз, азын-оолак. Өткөн жумада атасынан келген көз жашындай акчаны окуусуна, квартирине төлөп, эми эки күндүк тамактык гана акчасы турат (Баялинов).
1. Тунук, таза, аруу. Көз жашындай шүүдүрүм таңкы розанын көркүн ачат (Сыдыкбеков). 2. Аз, кичине. Көз жашындай тапкан анын азыноолак маянасы кийим-кечек дегениң мындай турсун, тамак-ашка көп анчалык жете бербейт (Баялинов). Көз жашындай немени (аракты) алып эле ий (Сыдыкбеков). Өткөн жумада атасынан келген көз жашындай акчаны окуусуна, квартирине төлөп, эми эки күндүк тамактык гана акчасы турат (Баялинов).
к. КӨЗ ЖАШЫН КӨЛ КЫЛУУ
Асылгүл эми көз жашын көлдөтпөй, кадимкидей соолуга түштү (Медетов). Кезегинде көз жашын көлдөтүп Чоюбекке чоң калыңга сатканбыз (Бейшеналиев).
Өксөп ыйлоо, көз жашы тыйылбай ыйлоо. Агасынан тирүүлөй бөлүнгөн кыз тамак да ичпей, көз жашын көл кылып, боздоп гана отурат (Өмүрбаев). Көз жашын көл кылып жатып каза болду (Абдукаимов).
Өксөп ыйлоо, көз жашы тыйылбай ыйлоо. Агасынан тирүүлөй бөлүнгөн кыз тамак да ичпей көз жашын көл кылып, боздоп гана отурат (Өмүрбаев). Көз жашын көл кылып жатып каза болду (Абдукаимов). В.: Көз жашын көлдөтүү. Асылгүл эми көз жашын көлдөтпөй, кадимкидей соолуга түштү (Медетов). Кезегинде көз жашын көлдөтүп, Чоюбекке чоң калыңга сатканбыз (Бейшеналиев).
Өтө алыс, учу-кыйры жок, чектөөгө мүмкүн болбогон, абдан узак, болжолсуз. Өрдөктөр көз жеткис жакка учуп кетишти («Жаш Ленинчи»). Зал дегенди карасаң төрт бурчуна көз жеткис, калк деген бык-бык («Советтик Кыргызстан»), Көз жеткис мобул терең жар, Капчыгай менен барабар (Маликов).
Өтө алыс, учу-кыйры жок, чектөөгө мүмкүн болбогон, абдан узак, болжолсуз. Өрдөктөр көз жеткис жакка учуп кетишти («Жаш Ленинчи»). Зал дегенди карасаң төрт бурчуна көз жеткис, калк деген бык-бык («Советтик Кыргызстан»). Көз жеткис мобул терең жар, Капчыгай менен барабар (Маликов).
к. КӨЗ ЖҮГҮРТҮҮ
Саадат астыртан айыл жакка көз жиберип, ойлуу отурат (Сыдыкбеков). Айдай алдыртан көз жиберип, Бекендин таңыркоосун байкап акырын гана жылмайып коёт (Каимов).
Кызыктыруу, өзүнө тартуу, сүйкүмдүү көрүнүү, суктандыруу. Адамдын көз жоосун алган, жаратылышынын кооздугуна суктанткан момундай асыл жерди көр (Осмоналиев). Мен-менсинген жигиттердин көз жоосун алган Сонунбалага сиз кантип жеттиңиз? («Ала-Тоо»). Көркөмү көздүн жоосун алган мынабу үйдүн ичи кандайдыр бир шаңга бөлөнгөн («Кыргызстан аялдары»).
Кызыктыруу, өзүнө тартуу, сүйкүмдүү көрүнүү, суктандыруу. Адамдын көз жоосун алган, жаратылышынын кооздугуна суктанткан момундай асыл жерди көр (Осмоналиев). Менменсинген жигиттердин көз жоосун алган Сонунбалага сиз кантип жеттиңиз? («Ала-Тоо»). Көркөмү көздүн жоосун алган мынабу үйдүн ичи кандайдыр бир шаңга бөлөнгөн («Кыргызстан аялдары»). В.: Көз жоосун тартуу. Жайытка батпай мал жатат, көз жоосун тартып шаңданган (Токобаев). Өрдөгөн сайын карагат, ит мурун, бадалдар, жапалак арча, мажирөө тал... жолоочунун көз жоосун тартууда (Бейшеналиев). Көз жоосун түшүрүү. Жакшынакай үйлөргө көз жоосун түшүрө секретарь кубанып бара жатты («Кыргызстан аялдары»). Көз жоосун кычыштыруу. Султангазылар мөрөйлөрү үстөмдөгөндөй каалгый басыша... Касымбектердин көз жоосун ого бетер кычыштырды (Бейшеналиев).
к. КӨЗ ЖООСУН АЛУУ
Жайытка батпай мал жатат, көз жоосун тартып шаңданган (Токобаев). Өрдөгөн сайын карагат, ит мурун, бадалдар, жапалак арча, мажирөө тал... жолоочунун көз жоосун тартууда (Бейшеналиев).
Кандайдыр бир иш ж. б. эптеп-септеп бүтүрө коюу, жүр-нарыга салуу, чала-була бүтүрүү, будамайлап иштей салуу, тобокел кылуу. Ушуну билип, көзү жетип туруп, жоопкерчиликтен качып, көз жумдуга салууга анын акысы барбы? (Кушубеков). Сабийра бул өңдүү ойлорго көп баткан сайын акыры баарына кол шилтеп, көз жумдуга салды (Абдукаимов). В.: Көз жумду кылуу. Сооронбай аны «көп болсо чокунуп келер» деп көз жумду кылып жөнөткөн (Бейшеналиев). Балдарда не жазык, дагы төрөп берсе болгону деп жуучулар көз жумду кылды («Ленинчил жаш»).
Кандайдыр бир иш ж.б. эптеп-септеп бүтүрө коюу, жүр-нарыга салуу, чала-була бүтүрүү, будамайлап иштей салуу, тобокел кылуу. Ушуну билип, көзү жетип туруп, жоопкерчиликтен качып, көз жумдуга салууга анын акысы барбы? (Кушубеков). Сабийра бүлөндүү ойлорго көп баткан сайын акыры баарына кол шилтеп, көз жумдуга салды (Абдукаимов).
к. КӨЗ ЖУМДУГА САЛУУ
Сооронбай аны «көп болсо чокунуп келер» деп көз жумду кылып жөнөткөн (Бейшеналиев). Балдарда не жазык, дагы төрөп берсе болгону деп жуучулар көз жумду кылды («Ленинчил жаш»).
1. Өлүү, каза болуу, дүйнөдөн кайтуу. Атасын канжыгага байланып жүргөн адам жок, бир күнү Момун чал да көз жумат, ошондо шордуу кызынын көргөн күнү не болот? (Айтматов). Коллективизация кезинде ак ниеттүү нечен адамдар душман колдуу болуп көз жумушкан («Кыргызстан маданияты»). Кайран Музооке абабыз аз гана ноокастап көз жумду (Бейшеналиев). 2. Жалтануу, коркуу калтааруу. Көз жумбай жоодо чабышат Дээринде бар эр киши («Мендирман»). 3. Тобокел кылуу, белсенүү, мейлиге салуу, капарга албоо, билсе да билмексен болуу. Ал алды-артын ойлоп, баш катырып отурбастан,... өзүн тоскон кубанычка да, күйүнүчкө да, өлүмгө да көзүн жуумп коюп илгери карай кете берет (Укаев). Бул жолу байбичеңиздин амал-айласына көз жуумп коё албайсың! (Сыдыкбеков). Эмне болсо ошо болсун деп, турмушта көз жуумп жүрө берип, капыстан бет алдынан каргаша жолукту (Абдукаимов).
1. Өлүү, каза болуу, дүйнөдөн кайтуу. Атасын канжыгага байланып жүргөн адам жок, бир күнү Момун чал да көз жумат, ошондо шордуу кызынын көргөн күнү не болот? (Айтматов). Коллективизация кезинде ак ниеттүү нечен адамдар душман колдуу болуп көз жумушкан («Кыргызстан маданияты»). Кайран Музооке абабыз аз гана ноокастап көз жумду (Бейшеналиев). Курбуңуз Медер көз жумду Каракчы немец огунан (Маликов). Көз жумуп келбес сапар кетсе дагы, Өчпөстөн кала берер кылган иши (Бөкөнбаев). 2. Жалтануу, коркуу, калтааруу. Көз жумбай жоодо чабышат Дээринде бар эр киши («Мендирман»). 3. Тобокел кылуу, белсенүү, мейлиге салуу, капарга албоо, билсе да билмексен болуу. Алар-албасына көзү жетпеген Асан көз жумуп мейли деп айтканына көндү («Ала-Тоо»). Ал алды-артын ойлоп, баш катырып отурбастан, өзүн тоскон кубанычка да, күйүнүчкө да, өлүмгө да көзүн жуумп коюп илгери карай кете берет (Укаев). Бул жолу байбичеңиздин амал-айласына көз жуумп коё албайсың! (Сыдыкбеков). Эмне болсо ошо болсун деп, турмушта көз жуумп жүрө берип, капыстан бет алдынан каргаша жолукту (Абдукаимов). В.: Көздү жуумп. Чаап алмак беле, табып катары көздү жуумп барууга чыгынды (Бейшеналиев). Тобокелге салып, көздү жуумп бир чыгарма жазайын дедим эле (Кыдырмышев). Көзү жумулуу. Аялынын артынан аздан кийин атасынын да көзү жумулду (Шүкүрбеков). Кандайча көмүшүбүз керек, эгер көзүңүз жумулуп кетсе (Осмоналиев).
1. Үстүртөн, жалпысынан байкоо жүргүзүү, бир сыйра айландыра карап чыгуу, үстүртөн байкап көрүү. Жапар Кызыл үйдүн ичинде көз жүгүртүп келип, Зулайка менен Зейнештин жазып жаткан газетасын көрдү (Баялинов). Ал менинтулкубоюма бир сыйра көз жүгүртүп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Тез-тез карап, окуп таанышып чыгуу. Кагазды алды, бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Байымбет жубайынын тизме кагазына каз жүгүрүп чыкты (Бейшеналиев).
1. Үстүртөн, жалпысынан байкоо жүргүзүү, бир сыйра айландыра карап чыгуу, үстүртөн байкап көрүү. Жапар кызыл үйдүн ичинде көз жүгүртүп келип, Зулайка менен Зейнештин жазып жаткан газетасын көрдү (Баялинов). Ал менин тулку боюма бир сыйра көз жүгүртүп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Тез-тез карап, окуп таанышып чыгуу. Кагазды алды, бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Байымбет жубайынын тизме кагазына көз жүгүртүп чыкты (Бейшеналиев). В.: Көз чаптыруу. Каныбек айланага көз чаптырды (Жантөшев). Жумушчуларга көз чаптырды да баланы колтукка түрттү (Баялинов). Асылбек айлана-тегерекке көз чаптырып, эч ким көрүнбөйт дегендей белги берди (Жоошбаев). Көз жиберүү. Саадат астыртан айыл жакка көз жиберип, ойлуу отурат (Сыдыкбеков). Айдай алдыртан көз жиберип, Бекендин таңыркоосун байкап акырын гана жылмайып коёт (Каимов).
Бир аз уктоо, кичине чырм этип алуу. Дос таң алдында гана бир сааттай көз илиндирди (Укаев). В.: Көз илинтүү. Кален, чарчаган чыгарсың, азыраак көзүңдү илинтип, куш уйку салып алсаңчы, – дегиси келди (Укаев).
Үргүлөп кетүү, уктап кетүү. Мыктынын көзү илинип кеткеи экен (Касымбеков). Аздан кийин Жылдызкандын чыйрыкканы жазылды, ал түгүл көзү илинип да кетти (Байтемиров). Ыйлап жатып Чыйырды Чырм этип көзү илинди («Манас»). Ал аңгыча кашайып көзүм илинип кетиптир (Айтматов). Сай-сөөгү сыздап жатып жаңыдан көзү илинип кеткен Дүйшөнкул чочуп ойгонду (Осмоналиев).
к. КӨЗГӨ ИЛЕШПӨӨ
Самолеттор көз илээшпей каршы-терши учуп, кайта кайтып жатты (Абдукаимов). Атаа... береги неменин кесме кескенине көз илээшпейт (Сыдыкбеков).
1. Уктабоо, уктай албоо, кирпик какпоо, уйку бетин көрбөө, такыр уктабай чыгуу. Түнү бою көз ирмебей из караган, лыста маекчинин чырагы өчтү (Осмонов). Ышкынаалы ал түнү таң аткыча көз ирмебей чыкты (Байтемиров). 2. Жалтанып да койбоо, эч жазтанбай тике кароо. Айбалта колго алышып, Көз ирмебей салышып («Манас»).
1. Уктабоо, уктай албоо, кирпик какпоо, уйку бетин көрбөө, такыр уктабай чыгуу. Түнү бою көз ирмебей из караган, Алыста маекчинин чырагы өчтү (Осмонов). Ышкынаалы ал түнү таң аткыча көз ирмебей чыкты (Байтемиров). 2. Жалтанып да койбоо, эч жазганбай тике кароо. Айбалта колго алышып, көз ирмебей салышып («Манас»). В.: Көз илбөө. Кален бүгүнкү түнү бир айла табуу керек экенин ойлоп, түнү бою көз илбеди (Укаев). Кээ түнү чочулап таң атканча көз илбей чыгат («Ала-Тоо»).
к. КӨЗ АЧЫП-ЖУМГАНЧА
Көз ирмемге келбей албеттүү колдор ал экөөнү паравозго тартып алды (Абдукаримов). Агалуу, инилүү экөө бирдей көз ирмемге кыйылыша жетимдикти эскеришти (Бейшеналиев).
instant messaging (noun)
A method of real-time communication over the Internet in which a sender types a message to one or more recipients and the recipient immediately receives the message in a chat area.
IM (noun)
A method of real-time communication over the Internet in which a sender types a message to one or more recipients and the recipient immediately receives the message in a chat area.
1. Көздү улам-улам ачып жабуу. Жанагы көзүн ирмеген атаңбы? (Баялинов). 2. Уктоо, бир аз тук этип алуу. Башыма жаздык төшөп берчи, кичине көз ирмейин (Бейшеналиев).
Учу-кыйрына көз жетпей мелмилдөө, өтө чоң, абдан көп болуп көрүнүү, суктандырып мелтиреп, жайылып жаткан абалда болуу. Жүрүп отуруп көз кайкыган талаага туш келдик («Ала-Тоо»). Соң-Көл жайлоосунун Ак-Сай, Көк-Сай өндүрүндөгү буралган бетеге, жылшыркан, тулаң, ...кымыздык, козу кулак, шимүүр, улар гүл, ак кодол аралаш жыпар жыт чөптөрүн араласаң көз кайкыйт (Бейшеналиев).
Учу-кыйрына көз жетпей мелмилдөө, өтө чоң, абдан көп болуп көрүнүү, суктандырып мелтиреп, жайылып жаткан абалда болуу. Жүрүп отуруп көз кайкыган талаага туш келдик («Ала-Тоо»). Соң-Көл жайлоосунун Ак-Сай, Көк-Сай өндүрүндөгү буралган бетеге, жылтыркан, тулаң, кымыздык, козу кулак, шимүүр, уларгүл, аккодол аралаш жыпар жыт чөптөрүн араласаң көз кайкыйт (Бейшеналиев).
Өз алдынча, өз эркинче боло албаган, бирөөнүн колун караган, ага баш ийген. Окууну бүткөн соң, сураары жок көз каранды жетим, Шабдандын талабы боюнча анын карамагына тилмечтикке жиберилиптир (Бейшеналиев). Ар кимден жардам сурап, ыража сурап, көз каранды болуунун кимге кереги бар (Бердикеев).
Өз алдынча, өз эркинче боло албаган, бирөөнүн колун караган, ага баш ийген. Окууну бүткөн соң, сураары жок көз каранды жетим, Шабдандын талабы боюнча анын карамагына тилмечтикке жиберилиптир (Бейшеналиев). Ар кимден жардам сурап, ыража сурап, көз каранды болуунун кимге кереги бар (Бердикеев).
Өз алдынча, өз эркинче боло албагандык, бирөөнүн колун карап, анын айткан, дегени менен болгондук. Илгерки жалтаңдык, көз карандылыктан кутулуп, тегиз өз башына өзү ээ (Бейшеналиев).
Өз алдынча, өз эркинче боло албагандык, бирөөнүн колун карап, анын айткан, дегени менен болгондук. Илгерки жалтаңдык, көз карандылыктан кутулуп, тегиз өз башына өзү ээ (Бейшеналиев).
captive portal (noun)
A Web page that a user of a public-access network has to view and interact with for authentication, accepting terms of use, or security updates.
1. Бирөөнү кароо, көз кырын салуу аркылуу өзүнүн пикирин, кандай ойдо экенин билдирүү манерасы. Тумакчан кишинин көз карашы Дашага жаккан жок (Сасыкбаев). 2. Кимдир бирөө же бир нерсе жөнүндө пайда болгон ой, пикир, түшүнүк. Педагог ата уулунун көргөн-билген окуясы туурасында оюн айттыруучу да, эгер бала туура эмес көз карашта болсо, аны дароо сөзгө алып, туура багыштап коёр эле (Касымбеков). 3. Турмуш, табигат, коом туурасындагы жалпы түшүнүктүн, пикирдин системасы. Материалисттик көз караш. Идеалисттик көз караш. Илимий көз караш.
1. Бирөөнү кароо, көз кырын салуу аркылуу өзүнүн пикирин, кандай ойдо экенин билдирүү манерасы. Тумакчан кишинин көз карашы Дашага жаккан жок (Сасыкбаев). 2. Кимдир бирөө же бир нерсе жөнүндө пайда болгон ой, пикир, түшүнүк. Педагог ата уулунун көргөн-билген окуясы туурасында оюн айттыруучу да, эгер бала туура эмес көз карашта болсо, аны дароо сөзгө алып, туура багыттап коёр эле (Касымбеков). 3. Турмуш, табигат, коом туурасындагы жалпы түшүнүктүн, пикирдин системасы. Материалисттик көз караш. Идеалисттик көз караш. Илимий көз караш.
1. Каза болгон адамдын үй - бүлөсүнө, тууган - туушкандарына көңүл айтуу үчүн баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Шаар ичинде бирөөлөрдүкүнө көз көрсөткөнү баратканбыз (Жусупов). Айылдагы... а дүйнө кеткендердин үй-бүлөсүнө көз көрсөтүп кайттык («Ала-Тоо»). 2. «Келди», «болду», «катышты» деп эсептелиш үчүн белгилүү бир жайга баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Көз көрсөтүп коюп, ишке тийди-качты болуп жургөндөр аз эмес («Кыргызстан маданияты»).
1. Каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына көңүл айтуу үчүн баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Шаар ичинде бирөөлөрдүкүнө көз көрсөткөнү баратканбыз (Жусупов). Айылдагы а дүйнө кеткендердин үй-бүлөсүнө көз көрсөтүп кайттык («Ала-Тоо»). Тургула, көз көрсөткөнү кишилер келатат (Айтматов). 2. «Келди», «болду», «катышты» деп эсептелиш үчүн белгилүү бир жайга баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Көз көрсөтүп коюп, ишке тийди-качты болуп жүргөндөр аз эмес («Кыргызстан маданияты»). В.: Көз көргөзүү. Байымбет өзү бир сыйра өлгөн-житкенге көз көргөзгөн соң, Абдыкалыкты Нарынга жөнөттү (Бейшеналиев).
Көзүнчө, каратып туруп, көз алдында, ачык, жашырбай. Эми минтип эки үйүргө жакын жылкысынан көз көрүнөө ажырап, жер сыйпалап отурат (Үмөталиев). Сатарга ушуну менен эки жолу көз көрүнөө алдаттың (Каимов).
Көзүнчө, каратып туруп, көз алдында, өзү көрүп, каратып туруп. Эми минтип эки үйүргө жакын жылкысынан көз көрүнөө ажырап, жер сыйпалап отурат (Үмөталиев). Сатарга ушуну менен эки жолу көз көрүнөө алдаттың (Каимов).
Бир нерсеге абдан ыраазы болгончо, моокуму канганча суктана кароо, каниет алуу. Карай-карай жаратылыштын сулуулугуна көз кумарын кандырып, жолду улай нарыладык (Бейшеналиев). Чубалып турган пахтанын булалары кимдин болбосун көз кумарын кандырат (Байтемиров).
Бир нерсеге абдан ыраазы болгончо, моокуму канганча суктана кароо, каниет алуу. Карай-карай жаратылыштын сулуулугуна көз кумарын кандырып, жолду улай нарыладык (Бейшеналиев). Чубалып турган пахтанын булалары кимдин болбосун көз кумарын кандырат (Байтемиров).
к. КӨЗ КЫЙЫГЫН САЛУУ
Букарбай жүрөгү шуу эте Мусакожого көз кыйыгын имерди (Бейшеналиев). Болкойгон сакалдуу жолоочу астыртан көз кыйыгын имерди («Кыргызстан маданияты»).
Алдыртан тымызын кароо, акырын байкоо. Нары четте мылтыкчан солдат мурутун салаңдатып, көз кыйыгын салып, чылым ороп турган (Касымбеков). Жылаңайлак өз бутуна көз кыйыгын салып, курөң айгырдын түктөрүн такымынан күбүдү (Осмоналиев).
Алдыртан тымызын кароо, акырын байкоо. Нары четте мылтыкчан солдат мурутун салаңдатып, көз кыйыгын салып, чылым ороп турган (Касымбеков). Жылаңайлак өз бутуна көз кыйыгын салып, күрөң айгырдын түктөрүн такымынан күбүдү (Осмоналиев). В.: Көз кыйыгын имерүү. Букарбай жүрөгү шуу эте Мусакожого көз кыйыгын имерди (Бейшеналиев). Болкойгон сакалдуу жолоочу астыртан көз кыйыгын имерди («Кыргызстан маданияты»). Көз кыйыгын жиберүү. Отургандарга көз кыйыгын жиберди. Көз кыйыгын жиберип, акырын артынан карады (Байтемиров). Көз кыйыгын таштоо. Кален көл жакка көз кыйыгын таштады (Укаев). Көз таштоо. Керегелерде илбирс, карышкыр терилери илинген үй ичине Саякатчы көз таштады (Осмоналиев).
1. Каралашуу, жардамдашуу, жардам берүү, кам көрүү. Өмүрлүү бол, зоболоң көтөрүлсүн, балдарга көз кырыңды сала жүр деген батасына тоюнду (Ашымбаев). Шордуу жетимчемдин сенден башка кимиси бар. Көз кырыңды сала жүрөрсүң, – деди Акбала өзүн кармай албай ыйлап жиберип (Укаев). 2. Бир нерсени байкоо максатында көз жүгүртүү, астыртан кароо. Анан Сабырбек тамекисин тарткан болуп, бирок астыртан Бекбайдын жүзүнө көз кырын салып отурду (Абдыраманов). А офицер улам ага көз кырын салып, кайра алдындагы бирдемеге күймөлүп, колу ойсоңдоп, кайра көз кырын салып, кайра өзүнчө үңүлүп отурат (Касымбеков). В.: Көз салуу. Эне кургур Кудайбергенге көптөн бери көз салып жүрөт (Мырзаев). Айланайын журт, балама көз сала жүрө көргүлө (Турусбеков). Бала көлгө далысын сала бурулуп отурду да, дүрбүнү жанына алып коюп дөбөнүн этегине көз салды (Айтматов).
1. Каралашуу, жардамдашуу, жардам берүү, кам көрүү. Өмүрлүү бол, зоболоң көтөрүлсүн, балдарга көз кырыңды сала жүр деген батасына тоюнду (Ашымбаев). Шордуу жетимчемдин сенден башка кимиси бар. ...Көз кырыңды сала жүрөрсүң, - деди Акбала өзүн кармай албай ыйлап жиберип (Укаев). 2. Бир нерсени байкоо максатында көз жүгүртүү, астыртан кароо. Анан Сабырбек тамекисин тарткан болуп, бирок астыртан Бекбайдын жүзүнө көз кырын салып отурду (Абдыраманов). А офицер улам ага көз кырын салып, кайра алдындагы бирдемеге күймөлүп, колу ойсоңдоп, кайра көз кырын салып, кайра өзүнчө үңүлүп отурат (Касымбеков).
Тирмийип бир нерсени кечке тиктеп, окуп же иштей берип көзүнүн курчу кетүү, көзү талуу, көзүнө күч келүү. Кечке жылбай, козголбой отуруп, көз майың түгөндү. Чүтүрөйүп өңүңөн аздың (Бейшеналиев). Кыштай алаканы жооруп, көз майы түгөнүп, ишин иштеп берип, томсоруп куру алакан үйүнө кайтат (Сыдыкбеков).
Бир нерсени кечке тиктеп, окуп же иштей берип көзүнүн курчу кетүү, көзү талуу, көзүнө күч келүү. Кечке жылбай, козголбой отуруп, көз майың түгөндү. Чүтүрөйүп өңүңөн аздың (Бейшеналиев). Кыштай алаканы жооруп, көз майы түгөнүп, ишин иштеп берип, томсоруп куру алакан үйүнө кайтат (Сыдыкбеков). В.: Көз майы кетүү. Көз майым кетип жатып балама арнап жасаганымы отко салбадыбы, оң таппагыр (Өмүрбаев).
Боорлоруна ак нерсе житирип койгон, чоңдугу койдун корголундай болгон, ырым катарында көз тийбес үчүн тагылган көгүлтүр мончок. Көз тиет деп кызыма, «Көз мончок» тумар такканбы? (Кыргыз элинин сүйүү ырлары).
к. КӨЗ КЫРЫН САЛУУ
Эне кургур Кудайбергенге көптөн бери көз салып жүрөт (Мырзаев). Айланайын журт, балама көз сала жүрө көргүлө (Турусбеков). Бала көлгө далысын сала бурулуп отурду да, дүрбүнү жанына алып коюпдөбөнүнэтегине көз салды (Айтматов).
Өтө кооз, көркөм көрүнүү, кооздугунан, көркөмдүгүнөн көз уялуу, жалтануу. Куштун жүнүнүн кооздугунан көз тайгылат (Сыдыкбеков). Карасам колхоз айлымды, Малыман көзүм тайгылды (Маликов).
Өтө кооз, көркөм көрүнүү, кооздугунан, көркөмдүгүнөн көз уялуу, жалтануу. Куштун жүнүнүн кооздугунан көз тайгылат (Сыдыкбеков). Карасам колхоз айлымды, Малыман көзүм тайгылды (Маликов). Кең жайыкта түшүргөн жүктөр менен кишилерден көз тайгылат (Укаев). В.: Көз таюу. Тоолор жашыл кымкаптай көз тайытып, нечен ирет кубулжуйт (Жусупов). Андагы эң кооз имараттарды караганда, тим эле көз тайыйт (Кыдырмышев).
Атайын бир кишинин көзү таңылып, ал киши башкаларды издеп, кармоого тийиш болгон элдик оюндун бир түрү. Жаштар жоолук таштамай, ак чөлмөк, көз таңмай оюндарын баштады («Ала-Тоо»).
Көрүп же карап туруп болжолдоп ченегендик. Же мүчөмдү көз таразасынан өлчөп, кандай кийим керектигин болжодубу (Бейшеналиев). Анын көз таразасы да оңой эмес экен, туура чыкты («Ала-Тоо»).
Көрүп же карап туруп болжолдоп ченегендик. Же мүчөмдү көз таразасынан өлчөп, кандай кийим керектигин болжодубу (Бейшеналиев). Анын көз таразасы да оңой эмес экен, туура чыкты («Ала-Тоо»).
к. КӨЗ ТАЙГЫЛУУ
Тоолор жашыл кымкаптай көз тайытып, нечен ирет кубулжуйт (Жусупов). Андагы эң кооз имараттарды Караганда, тим эле көз тайыйт (Кыдырмышев).
Элдик ишеним боюнча: ооруп калууга же башка кырсыкка дуушар кыла тургандай даражада бирөөнүн сугу өтүү, көзүгүп калуу. Энем көз тиет деп Түмөнбайын жаман көздөн сактаар жөнү бар (Сыдыкбеков). Көл болбой эгер кыз болсо, көз тиймек экен кап-качан (Сарногоев). Ашка, тойго ээрчитсем көзүтиет деп, аяп жүрөм баламды («Эр Табылды»).
Элдик ишеним боюнча: ооруп калууга же башка кырсыкка дуушар кыла тургандай даражада бирөөнүн сугу өтүү, көзүгүп калуу. Энем көз тиет деп Түмөнбайын жаман көздөн сактаар жөнү бар (Сыдыкбеков). Көл болбой эгер кыз болсо, көз тиймек экен капкачан (Сарногоев). Ашка, тойго ээрчитсем көзү тиет деп, Аяп жүрөм баламды («Эр Табылды»).
Көргөн нерсесине канааттануу, ыраазы болуу, көңүлүнө толуу. Көркөмдүү салган үйлөр көп, Көз тоёт шаңдуу айылга (Осмонкул). Көк жашыл шибер тулаңга Көргөндүн көзү тойгондой (Осмонкул).
Алыста, көзү жеткен жерде, көз алдында. Жалгыз-жарымдаган салт атчан жолоочу көз учунда элес-булас өтөт (Укаев). Көз учуна араң-араң илинип, алыстан мунарыктап жаткан Арсланбап (Өмүрбаев). Ушул жашыл жондон туруп, көз учунда керилип жаткан өрөөнгө көз чаптырды («Ала-Тоо»).
Алыста, көзү жеткен жерде, көз алдында. Көк муз жамынган төрлөрү да көз учунда мелтирейт (Сыдыкбеков). Ашым көз учунан жамыратып, дептерди кайра барактады (Сыдыкбеков). Жалгыз-жарымдаган салт атчан жолоочу көз учунда элес-булас өтөт (Укаев). Көз учуна араң-араң илинип, алыстан мунарыктап жаткан Арсланбап (Өмүрбаев). Ушул жашыл жондон туруп, көз учунда керилип жаткан өрөөнгө көз чаптырды («Ала-Тоо»).
к. КӨЗ УЯЛУУ
Үй жасалгасында көз уялткан килем-килчеден сырткары... китеп койгуч текче ж.б. бар (Бейшеналиев). Күн ачык эле, кар чагылткан нуру көздү уялтат (Айтматов).
1. Күндүн же башка жарык нурдун ж.б. чагылышынан көз жалтанып, тике кароого мүмкүн болбоо, карай албоо. 2. Бир нерсенин кооздугуна, көркөмдүгүнө көз тайгылуу.
1. Күндүн же башка жарык нурдун ж. б. чагылышынан көз жалтанып, тике кароого мүмкүн болбоо, карай албоо. Күн ачык тийгенге жаңы жааган кардан көз уялат (Сыдыкбеков). 2. Бир нерсенин кооздугуна, көркөмдүгүнө көз тайгылуу. В.: Көз уялтуу. Үй жасалгасында көз уялткан килем-килчеден сырткары... китеп койгуч текче ж. б. бар (Бейшеналиев).
к. КӨЗ ЖҮГҮРТҮҮ
Каныбек айланага көз чаптырды (Жантөшев). Жумушчуларга көз чаптырды да баланы колтукка түрттү (Баялинов). Асылбек айлана-тегерекке көз чаптырып, эч ким көрүнбөйт дегендей белги берди (Жоошбаев).