Киргизско-русский словарь Юдахина
ук I
то же, что нук;
жалгыз аяк жолдун угу след тропинки.
ук- II
слушать, внимать, слышать;
угуп отур сиди и слушай;
концерт ук- слушать концерт;
уктуңбу? ты слышал?
кулак укканды көз көрөт погов. что ухо слышит, то глаз увидит;
уккан кулакта айып (или жазык) жок погов. слышавшее ухо не виновато (как слышал, так и передал);
кулак укпай турган ушактар гнусные сплетни; гнусная клевета;
уккан сөзгө сөз кошулат, көргөн гана нерсенин өзүн ашырбай айт к слышанному слову слово прибавляется; ты расскажи, не преувеличивая, только то, что видел;
укканыңан уга элегиң көп того, что ты не слышал, больше того, что ты слышал (ещё не то услышишь);
жарым минутадан кийин акыркы кабарларды орус тилинде угуңуздар радио через полминуты слушайте последние известия на русском языке;
бул сөзүңдү ким уксун? бир караңгы түн уксун фольк. кто будет слушать эти (скверные) слова твои? пусть ночь тёмная слушает (а не я);
кулак угуп, көз көрбөгөн (такое) не слыхано и не видано;
биз айтпайлы да, сен укпагын не нам бы говорить, не тебе бы слушать (нам неприятно говорить, тебе неприятно слушать);
тил ук- выслушивать порицания, выслушивать брань.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I нук менен бирдей.
УК II этиш. Тыңшоо, кулак салуу, эшитүү. Угамын элди коргоп келгендерден, Душманын тургузбаган мергендерден (Калык). Кедейлерим сөзүмдү ук, Өзгөрүштө ала чык! (Тоголок Молдо).
Тил угуу — жемеге калуу. Кээде сен үчүн мен да тил угам (Шүкүрбеков). Кулак угуп, көз көргүс — өтө алыс, адам барбаган. Кулак угуп, көз көргүс, Белге жумшап жатыптыр («Эр Төштүк»).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРЛЫК – КРде жана биркатар башка мамлекеттерде мамлекет башчысы (президент) чыгарган абдан маанилүү актылардын аталышы. Ж. менен жогорку кызмат адамдарын дайындоо жана кызматтарынан бошотуу, өзгөчө же согуштук абалды киргизүү, мамлекеттик ордендер жана медалдар менен сыйлоо, жогорку аскер чиндерин жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жүргүзүлөт, жалпы ченемдик мүнөздөгү чечимдер жолжоболоштурулат. Жалпы эрежеге ылайык, Ж. ошол мамлекеттин конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбөөсү тийиш. Батыш өлкөлөрүндө Ж. сыяктуу окшош актылар (АКШда аткарылуучу көрсөтмөлөр) декреттер деп аталат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. кого-что, на кого-что (показать) көрсөтүү;
указать пальцем на кого-л. бирөөнү сөөмөйү менен көрсөтүү;
он указал мне дорогу ал мага жол көрсөттү;
2. что, на что (разъяснить, обратить внимание) көрсөтүү, түшүндүрүү, үйрөтүү, жөн шилтөө;
указать на недостатки в работе иштеги кемчиликтерди көрсөтүү;
указать на дверь кууп чыгуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колду ныктай сүргүлөө, ушалоо. Атам укалаган насыбайынан чеге кетти (Жантөшев). Андрей муздак колу менен эки көзүн тең укалап, үйүнүн ордун кайра-кайра карады (Сасыкбаев). Далымы укалады.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. что (угнать) тоголотуп (тегеретип) алыстатуу, тоголотуу;
дети укатили мяч под ворота балдар топту дарбазанын астына тоголотуп алып кетишти;
2. разг. (уехать) тез кетүү, тез жөнөп кетүү, чугоюу, зымыроо;
он вчера укатил в Ленинград ал кечээ Ленинградга жөнөп кетти.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что
1. (усыпить) терметип уктатуу;
ребёнка быстро укачали баланы терметип, тез уктатышты;
2. безл. (измучить качкой) башты айландыра чайкоо, толкунда башты айландырып кускуну келтирүү;
меня на пароходе укачало пароходдо толкундан башым айланды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тыңшоо, кулак салуу, эшитүү. Угамын элди коргоп келгендерден, Душманын тургузбаган мергендерден (Калык). Кедейлерим сөзүмдү ук, Өзгөрүштө ала чык! (Тоголок Молдо). Бу, бир айтканды угасыңбы?! Качанга дейре эле адамды беймаза кыла бересиң? (Жакиев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (покатость) оодук, эңкейиш, ылдый, жантайма;
поезд шёл под уклон поезд эңкейиш менен жүрүп отурду;
2. перен. полит. уклон, кыйшаюу;
правый уклон оңчул уклон;
левый уклон солчул уклон;
3. перен. (направление) багыт;
школа с техническим уклоном техникалык багыттагы мектеп.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (напр. от удара) кыйшаюу, эңкейүү, четке кача бурулуу, буйт берүү, жалт берүү;
2. перен. (от темы и т. п) кыйшаюу, бурулуу, четтөө, четке чыгып кетүү; четтеп, башка жакка буруу;
уклонение от темы темадан четтеп, сөздү башка жакка буруу;
3. перен. (от знакомства и т.п.) баш тартуу;
уклонение от знакомства таанышуудан баш тартуу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕДИЦИНАЛЫК КҮБӨЛӨНДҮРҮҮДӨН, МЕДИЦИНАЛЫК ИЗИЛДӨӨДӨН ЖЕ ДАРЫЛООДОН БАШТАРТУУ – банги каражаттарын же психотроптук заттарды кыянат колдонуучунун ички иштер органдарынын кызматкеринин медициналык күбөлөндүрүү боюнча тескемесин, ошого тете дабагердин дайындоолорун аткаруудан атайылап баштартуусу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЛЫК ТӨЛӨӨДӨН БАШТАРТУУ – салык тартибин бузуулардын эң кеңири таралган жана абдан коркунучтуу түрлөрүнүн бири. Эреже катары, уюмдун салык жеңилдиктеринен мыйзамсыз пайдалануулары, салыктарды өз убагында төлөбөөлөрү жана кирешелерди жаап-жашыруулары, салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн документтерди өз убагында же такыр бербей коюулары түрүндө ишке ашырылат. Ошентип, С. т. б. учурларында уюм же жеке жак мыйзам боюнча салык төлөөчү болуп эсептелишсе да, бирок мыйзам тарабынан тикелей же кыйыр тыюу салынган ыкмаларды колдонуу менен, өздөрүнүн салык милдеттенмелерин азайтышат, же болбосо такыр эле төлөшпөйт, же аларды талаптагыдай төлөшпөйт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (отстраниться) кыйшаюу, эңкейүү, буйтоо, четке кача бурулуу;
уклониться от удара соккудан буйтоо;
2. (от прямого направления) кыйшаюу, бурулуу;
дорога уклонилась вправо жол оңго бурулду;
3. перен. (отвлечься) кыйшаюу, бурулуу, четтөө, четке чыгып кетүү;
оратор уклонился от темы оратор темадан четке чыгып кетти;
4. перен. (избежать) баш тартуу;
уклониться от прямого ответа тике жооп берүүдөн баш тартуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Укпагансып, укпай калгансып көрүнүү, укпамыш болуп, тоготпогонсуп коюу. Келин укмаксан болуп басып кетти («Ленинчил жаш»). В.: Укмаксанга салуу. Жаны кашайган аялдарды ким тыят. Аялдардын ыйын, каргышын Калпа ажынын байбичеси баштаган ...баскынчылар элдир-селдир эшитсе да укмаксанга салышты (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
диковинная весть, ошеломляющее сообщение, сногсшибательное сообщение;
укмуштун-укмушу диво-дивное;
укмуш-ай! диво-то какое!, смотри-ка ты!;
тири укмуш чудо из чудес;
мындай укмушту ким көргөн! где это видано!;
укмуш эмес, ырас не выдумка (не что-то чудодейственное), а правда.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«укмуш диковинная весть, ошеломляющее сообщение, сногсшибательное сообщение; укмуштун-укмушу диво-дивное; укмуш ай! диво-то какое!, смотри-ка ты!; тири укмуш чудо из чудес; мындай укмушту ким көргөн! где это видано!; укмуш эмес, ырас не выдумка (не что-то чудодейственное), а правда» (Юдахин 1965). Бул сөз ук- этишинен келип чыккан жана бул сөз көпчүлүк түрк тилдеринде байыртан эле «түшүн, аӊда» маанисин да туюндуруп, бул бир процесстин эки жагы болгондугу менен түшүндүрүлөт (ЭСТЯ). Башында «көргөн эмес, уккан же ойдогу нерсе» деген мааниде колдонулуп жүрүп, кийин мааниси кеӊейип, «таӊ каларлык» деген азыркы мааниси келип чыкса керек. Муну тилдик материалдар менен да ырастоого болот: «көрмүш новость, новинка (которую можно видеть, но не слышать); уктуң беле укмушту? көрдүң беле көрмүштү? фольк. слышал ли ты новость? видел ли ты новинку?» (Юдахин 1965).

Киргизско-русский словарь Юдахина
принимать необычайные, изумительные формы;
укмуштанган жигит своеобразный, оригинальный (по поведению, по одежде и. т. п.) парень;
күн күркүрөп, чагылып, укмуштанды шамалы стих. гром гремел, сверкала молния, ветер крутил с необычайной силой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
удивительный; занимательный; из ряда вон выходящий; странный;
ракета укмуштуудай так түштү ракета попала удивительно точно;
укмуштуу алааматты күтүшкөндөй, адамдар бирине бири суз карашат люди хмуро смотрят друг на друга, будто ожидают какого-то страшного события;
укмуштуу сөздөр слухи, интересные слухи; сенсация;
койлорум деги укмуштуу семирди мои овцы на диво разжирели;
укмуштуудай достойно удивления; удивительно, изумительно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр күтүлбөгөн коркунучтуу нерсени көргөндө же жок жаңылыкты укканда абдан таң калуу маанисинде айтылат. Укмушуң кургур, ушундай да болот экен ээ, – деп отургандар жакасын кармады («Ала-Тоо»). – Ой, укмушуң кургур ой, тим эле амалдуу түлкү экен го... В.: Укмушуң куруп кал. Ой, укмушуң куруп кал, мындай болот деп ким ойлоптур («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр күтүлбөгөн коркунучтуу нерсени көргөндө же жок жаңылыкты укканда абдан таң калуу маанисинде айтылат. Укмушуң кургур, ушундай да болот экен ээ, - деп отургандар жакасын кармады («Ала-Тоо»). - Ой, укмушуң кургур ой, тим эле амалдуу түлкү экен го... («Жаш Ленинчи»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. саюу, чанчуу;
укол иголкой ийне менен саюу;
2. мед. (впрыскивание) укол, укол жасоо;
назначить больному уколы ооруга укол жасоого буюруу;
3. перен. (обида) кычыгыка тийүү, сөз менен чымчуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что
1. (наколоть) саюу, сайып алуу, чанчуу;
я уколол руку булавкой мен колумду төөнөгүч менен сайьш алдым;
2. перен. (уязвить, обидеть) кычыгына тийүү;
уколоть его замечанием сөз айтып анын кычыгына тийүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. тамырдануу, тамыр жаюу;
2. перен. өнөкөт болуу, өнөкөт болуп калуу, өнөкөткө айлануу, сиңүү, чыңдалуу;
привычка укоренилась адат өнөкөт болуп калды;
многие обычаи укоренились в быту с давних времён көп үрп-адаттар турмушта эзелден бери өнөкөт болуп калган.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. кого-что, прям. и перен. чындоо, бекемдөө, бекитүү, мыктылоо, ныгытуу;
укрепить плотину плотинаны бекитүү;
укрепить фронт сторонников мира тынчтыкты жактоочулардын фронтун чындоо;
2. что, воен. чыңдоо, бекитүү;
3. что (прикрепить) бекитүү, ныгытуу;
укрепить булавкой төөнөгүч менен бекитүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. чыңдоо, бекемдөө, бекитүү, мыктылоо, ныгытуу;
укрепление забора подпорками дубалды тирөөчтөр менен бекемдөө;
укрепления трудовой дисциплины эмгек тартибинин чыңдалышы;
2. воен. (сооружение) укрепление (чеп, сепил, коргон);
долговременное укрепление көп убактылуу укрепление;
береговые укрепления жээк укреплениелери;
полевые укрепления талаа укреплениелери.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫ ЖААП-ЖАШЫРУУ – кылмышка катыштын бир түрү. Кылмышка байланышкан, бирок кошо катышуу болуп саналбаган иш-аракеттер түрүндө болот. К. ж-нун объективдүү тарабы кылмышкерди, кылмыш жасоонун кылмыштуу жол менен табылган заттарын, куралдарын жана каражаттарын жашыруудан көрүнөт. Бул аракеттер ал адам тарабынан тийиштүү кылмыш иши жасалып бүткөндөн кийин иштелет, ошондуктан жаап-жашыруу жасалган кылмыш жана анын кылмыштуу жыйынтыктары менен себептик байланышта турбайт. КР кылмыш-жаза мыйзамдары өзгөчө оор кылмыштарды алдынала убада кылынбаган жашыруу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт. Жубайын же жакын тууганын жаап-жашыргандыгы үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатпайт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что
1. (покрыть) жабуу, ороо, кымтуу;
укрыть ребёнка одеялом балага жууркан жабуу;
2. (скрыть, спрятать) жашыруу, калкалоо, далдалоо, катуу, бекитүү;
укрыть раненого партизана жарадар партизанды жашыруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (покрыться) жамынуу;
2. (спрятаться, скрыться) жашынуу, жашырынуу, калкалануу, далдалануу, бекинүү;
укрыться от дождя жамгырдан калкалануу;
3. (остаться незамеченным) жашынуу;
укрыться от его взгляда анын көзүнө көрүнбөй жашынуу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Уйкуга кетүү, уйкуда болуу. Аябай чарчагандыктан келерибиз менен уктап калыптырбыз (Жантөшев). Балакетиңди алайын жалгызым; уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков).
2. Дененин бир жери уюп кыймылдабай калуу. Бутум уктап калды.
Үч уктаса түшкө кирбеген к. үч. Жапардын өмүрүндө... үч уктаса түшүнө кирбеген окуя болду (Баялинов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. спать;
бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос погов. ребёнок играми не насытится, никудышный со сном не расстанется;
жакшы жатып уктаңыз! покойной ночи!;
башка чапкандай уктады он спал как убитый;
2. затечь;
бутум уктап калды у меня затекла нога; я отсидел себе ногу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уйкуга кетүү, уйкуда болуу. Аябай чарчагандыктан келерибиз менен уктап калыптырбыз (Жантөшев). Балакетиңди алайын жалгызым, уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков). Жок. Атам мени издеп таң атканча уктабайт (Жакиев). 2. Дененин бир жери уюп кыймылдабай калуу. Бутум уктап калды.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде укта этишинин аягында -ла мүчөсүнүн -та вариантындагы түрү айтыларын өзбекче укла сөзү менен салыштырып оңой эле аныктоого болот. Бирок ук деген уңгусу эмне маани бергени белгисиз болуп калат. Бул ук уңгусу байыркы уйук (азыркыча уйку) сөзүнүн йу деген эки тыбышы түшүп калганы болуп эсептелет: уйук>у(йу)к>ук.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уложить спать; прям. , перен. усыпить;
баласын уктатып коюп келет она уложит своего ребёнка и придёт;
баса жатып уктат- отлежать (напр. ногу, руку);
баса жатып колун уктатты он отлежал себе руку;
уктатпасын убалым см. убал 1.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от укта-;
бул укташы менен бүгүн тугүл эртең да ойгонбойт судя по тому, как он спит, он не только сегодня, но и завтра не проснётся;
күнү-түнү кандырып, укташыптыр уйкуну стих. чтобы выспаться, они спали день и ночь.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУГУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРГЕН СОТ ИШИ – кайрылган тараптын жоготкон документи боюнча укугун калыбына келтирүүчү сот тартиби. У. к. к. с. и. – өзгөчө өндүрүштүн бир түрү. КР жарандык процесстик мыйзамдарына ылайык, өзүнүн күбөлүк документин жоготуп жиберген адам, мыйзамда белгиленген учурларда, ал документ жокко чыгарылып, ал документ боюнча укугун калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен сотко кайрылууга акылуу. Арызды кабыл алгандан кийин, сот өзүнүн аныктамасы аркылуу документ берген мекемеге (жакка) ал документ боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө же берүүгө тыюу салуу менен, бир нускасын документ берген мекемеге же каттоо ээсине же каттоочуга жиберет. Жоголгонун билдирген документ ээси жоголгондугу тууралуу билдирген күндөн тартып 3 айлык мөөнөт ичинде өз аныктамасын чыгарган сотко кайрылып, документке карата өзүнүн укугун билдирүүгө жана жоголгон документтин түпнускасын берүү тууралуу өтүнүүгө тийиш. Эгер документ ээси ушул шартты аткарса, сот документин жоготкондугу тууралуу арыз менен кайрылган адамдын арызын кароосуз калтырат жана документти берген мекеменин ал боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө, берүүгө тыюу салган (2 айга чейинки) мөөнөт чектейт. Ошол эле учурда, сот жоготкондугун билдирген адамга документ ээсинин үстүнөн доо коюп, ал документти талап кылуу укугун, ал эми документ ээсине тыюу салуу чараларынын айынан тарткан чыгымын жоготкон адамдан доолап алуу укугун түшүндүрөт. Эгерде документ ээси ага өз укугу тууралуу билдирбесе, жоголгон документти жокко чыгарууну таануу жөнүндөгү ишти сот 3 айлык мөөнөттөн кийин карап чыгат. Жоготкондугун билдирген адамдын өтүнүчү канагаттандырылган учурда, жоголгон документ жараксыз деген чечим чыгарат. Бул чечим жоготкон адамдын өз салымын алуусуна же жараксыз деп табылгандын ордуна жаңы документ алуусуна негиз болуп саналат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдардын коомдогу мамилелерин жөнгө, тартипке салуу үчүн мамлекеттик бийлик тарабынан белгиленүүчү жана корголуучу нормалардын, эрежелердин жыйындысы. Шайлоо укугу.
2. Бир нерсени жасоо, иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет тарабынан корголуп закондоштурулган мүмкүндүк, акысы бардык. СССРдеги бардык граждандарга эмгек кылуу, дем алуу [эс алуу], билим алуу укугу берилген («Советтик Кыргызстан»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК – 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый У.). У. жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эларалык болуп бөлүнөт. У. тутум катарында, арбиринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык У., конституциялык У., үйбүлө У-у, эмгек У-у, кылмыш-жаза У-у), тармакчаларына (м.: автордук У., мурастоо У-у ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк У-у, ишкердик У-у) ажырымдалат. У-ту салыштырма укуктаанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үйбүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык У.).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арабча хакк (АРС, 232) сөзү кыргыз тилине акы түрүндө кабыл алынган. Ошол эле сөздүн көптүк сандагысы хукук түрүндө айтылса, аны кыргыз тили укук түрүндө кабыл алган. Укук сөзү азыркы кыргыз тилинде юридикалык термин катары колдонулат. Ошондой болсо да ага кээде акы деген түрү маанилеш айтылат. Мисалы: Сенин акың барбы? – Сенин укугуң барбы?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени жасоого, иштөөгө акысы, эрки, мүмкүндүгү бардык. – Өз тагдырымды өзүм чечип, өмүрлүк түгөйүмдү өзүм тандашка менде да укук болуш керек го апа, – деди Айсалкын акырында туталана. («Кыргызстан аялдары»). 2. Адамдардын коомдогу мамилелерин жөнгө, тартипке салуу үчүн мамлекеттик бийлик тарабынан белгиленүүчү жана корголуучу нормалардын, эрежелердин жыйындысы. Шайлоо укугу. 2. Бир нерсени жасоо, иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет тарабынан корголуп мыйзамдаштырылган мүмкүндүк, акысы бардык. Кыргызстандагы бардык жарандарга эмгек кылуу, дем алуу эс алуу, билим алуу укугу берилген («Агым»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК АНАЛОГИЯСЫ – укуктун ушул тармагынын ченемдери, тиешелүү укук тармагынын жалпы башаты менен принциптери аркылуу жөнгө салынбаган мамилелерге карата колдонулуучу ыкма. Ал өтө сейрек, т. а., мыйзам аналогиясын колдонууга мүмкүн болбогон учурда колдонулат. Укук кенемтесин толтуруу үчүн кызмат кылат. У. а-н кылмыш-жаза ишинде колдонууга жол берилбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК АҢ-СЕЗИМИ – коомдук турмушта укукка жана укуктук көрүнүштөргө карата адамдардын мамилелерин билдирүүчү сезимдердин жана көзкараштарынын жыйындысы. У. а.-с. коомдун социалдык-экономикалык жашоо шарттары, анын маданий-укуктук, демократиялык же буйрукчул-төбөлдүк салттары менен аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК БЕЛГИЛӨӨЧҮ ДОКУМЕНТ – КР жарандык мыйзамдары боюнча менчик укугун, же кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү, токтотуучу же болбосо чектөөчү документ (компетенттүү органдын мыйзамы, чечими, келишим, соттун чечими ж. б).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК БУЗУУ – укуктун кандайдыр бир ченемдерин бузган жосун. Төмөндөгүчө бөлүнөт: жарандык (инсанга, жарандын же уюмдун мүлкүнө зыян келтирүү), административдик (м.: жолдо жүрүү эрежелерин бузуу), дисциплинардык тартип бузуу (ишке келбей коюу). Кылмыш жасоо бир кыйла кооптуу түрү болуп саналат. У. б. үчүн тийиштүүлүгүнө жараша мыйзамда жарандык, административдик, дисциплинардык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК БУЛАГЫ – укук ченемдерин бекемдөө таризи. Ченемдик укуктук актылары, укук каадалары, сот иштери, ошондой эле эларалык келишимдер менен мамлекеттик ички келишимдер (ченемдик маанидеги келишимдер) У. б-нын негизги түрлөрү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ЖӨНДӨМДҮҮЛҮК – КР жарандык мыйзамдары боюнча жеке адамдын жарандык укуктардын жана милдеттенмелердин алып жүрүүчүсү болуу жөндөмдүүлүктөрү. У. ж-кө жаран (а. и. чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам) туулгандан ээ болот жана өлүмү менен жоюлат. Баардык жарандардын У. ж-гү бирдей сакталат жана мүлккө жеке менчик укугуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн; мыйзам тарабынан тыюу салынбаган каалагандай ишмердик менен алектенүүдөн; юридикалык жактарды түзүүдөн; келишимдерди жана башка аракеттерди жүзөгө ашыруудан көрүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ИНСТИТУТУ – укуктун тийешелүү тармагына кирген жана бир түрдүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин өзгөчө тобу. Укук тармактарынан айырмаланып, У. и. белгилүү түрдөгү мамилелердин айрым бөлүгүн гана жөнгө салуучу ченемдерди бириктирет. Айрым учурларда У. и. 2 же андан көп укук тармактарынын (м.: зарыл коргонуу, абдан зарылдык, өкүлчүлүк, конфискация институттары тармактар аралык болуп саналат) ченемдерин түзө алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК КОЛДОНУЛУУЧУ ИШ-ТАЖРЫЙБА – соттордун жана башка укук колдонуучулардын укук ченемдерин чечмелөөнүн, алардын боштуктарын жана түшүнүксүз жерлерин толуктоонун негизинде калыптанган жана кабыл алынган юридикалык маанилүү жүрүм-турумдары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ – КРде негизги милдеттери мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп саналган мамлекеттик органдар. У. к. о-на: соттор, прокуратура, ички иштер, бажы көзөмөл, каржы, полиция, юстиция органдары кирет. Кеңири маанисинде «У. к. о.» түшүнүгү дагы бир катар мамлекеттик эмес институттарды: адвокатураны, бейтарап сотторду ж. б. камтыйт. У. к. о-нын уюштурулушу жана иштери – окшош аталыштагы юридикалык окуу сабагынын жана укук таануу тармагынын предмети.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК КОРГОО ОРГАНЫНЫН КЫЗМАТКЕРИНИН ӨМҮРҮНӨ КОЛСАЛУУ – укук коргоо органынын кызматкеринин коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзамдуу иш-аракетине тоскоолдук кылуу, же андай иш-аракет үчүн өч алуу максатында анын жана жакындарынын өмүрүнө кол салуу менен байланышкан кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК МАДАНИЯТЫ – белгилүү бир жалпылыктын (мамлекеттик, диний, этностук) мүчөлөрү кабыл алган жана алардын ишмердиктерин жөнгө салуу үчүн колдонулуучу укуктук каада-салттардын, жүрүм-турум көнүмүштөрүнүн жана ыктарынын, принциптердин, укуктук идеялардын, баалуулуктардын тутуму. У. м. коомдун укуктук жашоосунун «сапатын», коомдун укуктук аң-сезиминин, укук иштеринин өнүгүү деңгээлин, ошондой эле мамлекет жана жарандык коом тарабынан адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилденишинин даражасын көрсөтөт. Мында бүтүндөй бир жалпылыктын (коомдун) У. м. жөнүндө, ошондой эле айрым инсандын (жеке адамдын) У. м. жөнүндө айтууга болот. Укук теориясында У. м-на карата: «жогорку», жана «төмөнкү» У. м. жөнүндө, коомдун жана инсандын У. м-н жогорулатуунун зарылдыгы жөнүндө баа берүү мамилеси бар. Ошол эле учурда жалпылыктарга (коомдорго) колдонууда аркыл У. м-нын салыштырууга болбостугу тууралуу пикирлер да айтылып жүрөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК МАМИЛЕЛЕРИ – катышуучулары субъективдүү укуктардын жана милдеттенмелердин алып жүрүүчүлөрү болуп саналган укук ченемдери менен жөнгө салынган коомдук мамилелер. У. м. – жекелештирилген мамилелер, б. а. жүрүм-турумдун мыйзам тарабынан аныкталган жана камсыздалган мүмкүнчүлүктөрү жана сөзсүз ченемдерин аныктоочу укуктар жана милдеттер менен өзара байланышкан жеке адамдардын ортосундагы (жарандар, уюмдар, мамлекеттик органдар жана жарандар ж. б.) мамилелер. Мүмкүндүк жана милдеттүүлүк конкреттүү аракеттерде ишке ашырылат. У.м. мыйзамда каралган юридикалык фактыларда (келишимдерден, административдик актылардан, укук бузуулардан, окуялардан ж. б.) улам пайда болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жарандардын, уюмдун жана коомдун укуктары менен таламдарын коргоо максатында жарандык кылмыш иштерин ж. б. талаш-тартышты кароо жана чечүү боюнча укук процессчил укук менен аныкталган тартипте КРда жүргүзүлүүчү укук колдонуу иш аракети.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК СТАТИСТИКАСЫ – укук процесстеринин өсүүсүн мүнөздөөчү, сандык көрсөткүчтөрүн изилдөөчү юридикалык колдонмо илим. У. с. кылмыш таануучулук изилдөөлөрдө өзгөчө мааниге ээ болот, ошондуктан кылмыш-жаза статистикасы жана сот статистикасы анын негизги бөлүмдөрү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК СУБЪЕКТИСИ – улуттук мыйзамдардагы мыйзам боюнча түздөнтүз же өз өкүлү аркылуу укуктар менен юридикалык милдеттенмелерге (т. а. укук субъектүүлүгү) ээ болууга, жана да жүзөгө ашырууга жөндөмдүүлүгү бар жактар (жеке жана юридикалык жактар), мамлекет, мамлекеттик же муниципалдык түзүлүштөр. У. с. – анын ар субъектисинин белгилүү бир өзгөчөлүктөрү бар экендигине карабастан, укуктун баардык тармактарындагы укук мамилелеринин зарыл белгиси болуп саналат. Ошентип, жарандык укук мамилелеринде жарандар чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдар жеке жак катары, коммерциялык жана коммерциялык эмес жактар юридикалык жак катары чыгат, ал эми мамлекет, мамлекеттик жана муниципалдык түзүлүштөр жарандык укук мамиле субъекттеринин үчүнчү түрүнө кирет; У. с-нин администрациялык укуктук мамилелерине негизинен мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, жарандар, кээбир учурларда гана юридикалык жактар катышат. Кандайдыр бир жакты же түзүлүштү У. с. катары таануу менен, мыйзам анын укуктук статусун (мамлекетке, анын органдарына, башка жактарга катышы боюнча абалын) аныктайт (кара:Эларалык укук субъектиси).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК СУБЪЕКТҮҮЛҮГҮ – юридикалык жактын укук субъекти катары укуктарга жана юридикалык милдеттерге ээ болуу жана ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү. У. с. юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнүн жана жөндөмсүздүгүнүн болуусун билдирет. Жарандардан айырмалуу юридикалык жактардын укук жөндөмдүүлүгү жана жөндөмсүздүгү бир убакта пайда болот жана токтотулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТАГЫ КЕНЕМТЕ – милдеттүү юридикалык ченемдерсиз иштей албай турган укуктук жөнгө салуу чөйрөсүнүн толук же жарым-жартылай жок болушу. Жетпей жаткан укуктук акты ченемдерин, мыйзам аналогиясын, укук аналогиясын кабыл алуу У. к-син толтуруунун негизги ыкмасы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ТАРМАГЫ – коомдук мамилелердин сапаттык жактан атайын түрүн жөнгө салуучу укук ченемдеринен турган укук тутумунун салыштырмалуу өзалдынча бөлүгү (м.: каржы мамилелерин жөнгө салуучу укук ченемдери каржы укук тармагын түзөт). Ал эми укук тармагы «укук институту» аталып, өзара байланышы бар өзүнчө тармакчаларга бөлүнүп кетет. У. т-нын өзүнө гана мүнөздүү укуктук жактан жөнгө салуучу атайын усулдук белилери болот. Карала турган нерсе менен укуктук жөнгө салуу усулуна жараша ал төмөндөгүдөй укуктук тармактарга бөлүнөт: агрардык, административдик, жарандык, жарандык-процесстик, конституциялык (мамлекеттик), үйбүлө, эмгек, кылмыш-жаза, жазык-процесстик, жазык-аткаруу, каржы, экология укугу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ТАРТИБИ – укукка негизденген жана мыйзамдуулуктун принциптерин жана идеяларын ишке ашыруунун натыйжасында калыптанган коомдук мамилелердин, алардын катышуучуларынын укук ченемдүү жүрүм-турумдарынан көрүнгөн ирээттүүлүгү. Укук менен жөнгө салынган коомдук мамилелердин белгилүү бир абалы катары У. т. баардык жарандар, органдар жана уюмдар тарабынан юридикалык милдеттенмелердин аткарылышынын, субъективдүү укуктарды камсыз кылуунун жана жүзөгө ашыруунун, мыйзамдуулукту сактоонун айкын деңгээли менен мүнөздөлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУ ИШКЕ АШЫРУУ – укук субъектеринин укук ченемдерди ишке ашыруу жүрүмү. У. и. а. тариздерине: а) укук ченемдерин сактоо; б) укук ченемдерин аткаруу; в) укук ченемдерин пайдалануу; г) укук ченемдерин колдонуу кирет. Ченемдерди сактоо – бул аларды ишке ашырууда укук субъектисинин укукта тыюу салынган жосундардан кармануусунда жаткан таризи. Ченемдерди аткаруу укук субъектисинен өзүнө тагылган милдеттерди аткарууну ишке ашырууда жигердүү аракеттерди талап кылат. Ченемдерди пайдаланууда укук мамилелеринин катышуучулары өздөрүнө таандык укуктарды өздөрү ишке ашырышат (м.: мамлекеттик жогорку окуу жайына кирүү менен билим алуу укугун пайдаланышат). Ченемдерди колдонууну өз органдары аркылуу мамлекет ишке ашырат (м.: соттун өкүм чыгаруусу).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУК ЖАРДАМ – эларалык мамилелерде калыптанган бирден ашуун өлкөлөрдүн аймактарында процесстик аракеттерди жүргүзүүнү талап кылган кылмыш-жаза жана үйбүлөлүк, жарандык иштер боюнча өзара жардамдашуу тармагындагы мамлекеттердин кызматташуусунда колдонулуучу ченемдик жана уюштуруучулук-укуктук каражаттардын тутуму. Мындай тутумдун негизинде укук субъектерин коргоонун, ар түрдүү талаш-тартыштарды чечүү үчүн сот баскычтарынын компетенттүүлүгүн жана колдонулуп жаткан укук тутумдарынын аныктоону, чет өлкөлүк жарандардын, апатриддердин жана бипатриддердин процесстик укуктарын сактоону жөнгө салуучу У. ж. жөнүндө эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жатат; андай келишимдер менен ошондой эле артүрдүү документтердин (күбөлүктөрдүн, дипломдордун ж. б.) жарактуулугун таануунун, сот тапшырмаларын аткаруунун, талаш-тартыштар боюнча чечимдердин, документтерди жөнөтүүнүн, кылмышкерлерди өткөрүп берүүнүн (экстрадиция) ж. б. тартиби жөнгө салынат. КР У. ж. жөнүндө бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин катышуучусу болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин юридикалык ченемдердин (укук ченемдери) жардамы аркылуу коомдук мамилелерге таасир этүү процесси. Тийиштүү юридикалык ченемдердин тобу менен бышыкталган коомдук мамилелердин белгилүү таризи анын предмети болуп саналат. Ошентип, мамлекеттик башкарууга байланышкан мамилелер административдик укуктун предмети болуп саналат. Юридикалык ченемдердин коомдук мамилелерге таасир этүү ыкмалары укуктук жөнгө салуунун усулу катары түшүнүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУ УСУЛУ – юридикалык ченемдердин таасир этүү ыкмасы. У. ж. с. у. императивдик жана диспозитивдик болуп бөлүнөт. Императивдик усул – бул укук ченемдери менен жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин катышуучусуна бийлик аркылуу таасир этүү ыкмасы. Буга административдик жана кылмыш-жаза укугу мисал боло алат. Диспозитивдик усул – бул өзара тең укуктуу тараптар болгон катышуучулардын өзара мамилелерин жөнгө салуу ыкмасы. Бул аларга өздөрүнүн укук ченемдери менен жөнгө салынуучу мамилелеринин таризин тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул усул жөнгө салуунун 3 ыкмасын өзүнө камтыйт: а) укуктук мүнөзгө ээ, белгилүү аракеттерди жасоого мүмкүндүк берүү; б) белгилүү укуктарды берүү; в) белгилүү өзара мамилелерге катышуучу кишилерге өзүн алып жүрүүнүн бир жолун тандап алуусуна укук берүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУК МААЛЫМАТ – кеңири маанисинде аны пайдалануу тигил же бул укуктук милдеттердин чечилүүсүн аныктоочу же анын чечилүүсүнө өбөлгө болуучу маалыматтардын (билдирүүлөрдүн) мазмунун билдирет. Илимий адабияттарда жана юридикалык иштердин тажрыйбасында «У. м.» аталгысы 1960-жылдардын аягынан тарта активдүү колдонула баштаган. «Укук булагы», «укуктук материал», «укуктук актылар», «укуктук документтер» ж. б. сыяктуу мурда укуктун жана юридикалык ишмердиктин маалыматтык маселелерин талдоодо колдонулган түшүнүктөрдү камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУК МАМЛЕКЕТ – мамлекеттин конституциялык-укуктук статусунун мүнөздөмөсү, ал мамлекеттин төмөнкү принциптерине сөзсүз баш ийүүсүн талаптайт: элдик эгемендүүлүк; мамлекет тарабынан адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгустугу; мамлекеттин конституциялык түзүлүш менен байланышы; баардык башка мыйзамдарга карата конституциянын артыкчылыгы; бийликтин бөлүнүшү жана У. м-тин уюштуруучулук негизи катары бийликтин жоопкерчилик институту; соттордун көзкарандысыздыгы; эларалык укукченемдердин улуттук укук-ченемдерден артыкчылык-туулугу. У. м. ошондой эле заманбап демократиялык укук теориясынын борбордук категорияларынын бири болуп саналат. КР конституциялык мыйзамдарына ылайык өзүн У. м. катары жарыялаган.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Правовой риск (Legal risk) —Вероятность наступления неблагоприятного события вследствие недостаточного разделения прав и обязанностей участников в нормативных правовых актах по платежной системе, неправильного применения законодательства и нормативных правовых актов Национального банка, или вследствие невозможности выполнения условий контракта (договора).  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Риск правовой (Legal risk) —Вероятность наступления неблагоприятного события, связанного с внесением изменений в действующие законодательные акты, с отсутствием в законодательстве норм, регулирующих те или иные вопросы деятельности и вызывающего или усугубляющего кредитный или ликвидный риски.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУН КОМПЛЕКСТҮҮ ТАРМАГЫ – укуктун аркыл тармактарына тийешелүү белгилүү бир ишмердик чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы. Мындай тармактарга, м.: курамына административдик, жер, токой, жарандык, каржылык жана башка бир катар тармактардын ченемдери кирген агрардык укук (айыл чарба укугу) жана экологиялык укук кирет. У. к. т. улуттук укуктардын тутумундагы юридикалык теорияда мурда бөлүнгөн, бир кыйла жакшы өнүккөн илимий тармагы жана окуу курстары бар. У. к. т-н бир кыйла тар, адистештирилген чөйрөлөрдөгү ишмердикти жөнгө салуучу жана атайын окуу куралына сейрек бөлүнгөн тармактар аралык укук ченемдеринин комплексинен (банк укугу, медицианалык укук ж. б.) айырмалоо керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ТУТУМУ – бирдиктүү (коомдогу милдети боюнча), ичара шайкештелген, ылайыкташкан ченемдерди, укуктун тармактары жана институттары деп аталган белгилүү бир бөлүктөргө бөлүүдө турган улуттук укук түзүлүшү. Укук тармактары укук институттарына бөлүнөт (м.: жарандык укук тармагы, менчик укугу, милдеттенме укугу, автордук укук, мурастоо укугу ж. б. институттарга бөлүнөт).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУУЛУК – укук мамилелеринин катышуучусунун мыйзамда каралган белгилүү аракеттерди иштөө же ал укук мамилелеринин башка катышуучусунан белгилүү аракеттерди жасоону талап кылуу мүмкүнчүлүгү. У-тун айкындыгы мамлекет тарабынан кепилденет; адам өзүнүн милдеттерин аткарбай койгон учурларда укуктуу тарап сотко же башка мамлекеттик органга өз укугун коргоо үчүн кайрыла алат. У. өзалдынча укук субъектиси же анын компоненттеринин бири болушу мүмкүн; м.: менчик укугу өзүнө 3 укукту камтыйт: буюмга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК УЛАНУУЧУЛУК – бир жактан (укук субъектисинен) экинчи жакка укуктардын жана милдеттердин (айрым укуктардын) өтүүсү. У. у. мыйзамдын күчүнө, келишимге же башка юридикалык негизге ылайык ишке ашырылуусу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ЧЕНЕМДЕРИН ЧЕЧМЕЛӨӨ – мамлекеттик органдардын, аргандай уюмдардын жана айрым жарандардын мыйзам чыгаруучунун укук ченемдеринде чагылдырылган жалпыга милдеттүү эркинин маанимаңызын жана мазмунун түшүндүрүүгө жана түшүнүүгө багытталган ишмердиктери. У. ч. ч-нүн максаты – турмуштун дайындуу жагдайларына карата алардагы алдынала көрсөтмөлөрдү туура колдонуу. Бул укукту колдонуунун юридикалык билим деңгээли талап кылуучу белгилүү баскычы. Чечмелөөнүн түрлөрүн аркыл негиздер боюнча жиктештирүүгө болот. Юридикалык күчү боюнча У. ч. ч. ырасмий жана ырасмий эмес болуп бөлүнөт. Ырасмий чечмелөөнүн түрлөрүнө – ченемдик жана казуалдык У. ч. ч., ырасмий эмесинин түрлөрүнө – доктриналдык жана учурдагы чечмелөөлөр кирет. У. ч. ч-нү көлөмү боюнча так (толук, бирдей), чектөөчү жана таралма деп жиктөөгө болот. Чечмелөө ыктарына байланыштуу чечмелөө грамматикалык, логикалык, тутумдуу жана тарыхый деп айырмаланат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ЧЕНЕМДҮҮЛҮК – социалдык жашоо көрүнүшүнүн (укук субъектисинин иштеринин же иштеринин натыйжаларынын) укук ченемдериндеги талаптарга жана улуксаттарга дал келүүсү. Укук субъектеринин түздөнтүз жүрүм-турумдарында эле эмес, ченемдик актылар, укукту колдонуу актылары (м.: сот чечими же өкүм) сыяктуу юридикалык документтерде дагы ишке ашырылат. У. ч. алдынала аныкталган укуктан эч кандай четтеп кетүүгө жол бербейт; анын карама-каршысы – укук ченемсиздик.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ЧЫГАРУУЧУЛУК – мамлекеттин ишмердигинин маанилүү тармактарынын бири. Арбир мамлекетте У. ч. өзгөчөлүктөргө ээ, бирок баардык жерде ал бирдиктүү коомдогу калыптанган мамилелерди жөнгө салуучу, бири-бирине ички карама-каршылыгы жок, макулдашылган ченемдердин тутумун түзүүгө жана өркүндөтүүгө багытталат. У. ч. мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан; түздөнтүз эл тарабынан референдумдарды өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. У. ч. өз ичине мыйзам чыгаруу ишин дагы камтыйт. Мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашыруу тартиби КР мыйзамдарында аныкталган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
укум I
укумда жок такой, о каком и не слыхали; удивительный;
укумдан-тукумга из рода в род; из поколения в поколение;
укум-тукумунан бери пролетар он потомственный пролетарий;
укум-тукумубузда в нашем роду-племени;
укум сөз слова, которые останутся потомкам;
ата-бала басташкан атпайда мындай укум жок фольк. такого (примера) не было, чтобы отец и сын препирались.
укум II
(ср. сөөм, карыш I)
мера длины, равная расстоянию между концом большого пальца и согнутого указательного.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I: укум-тукум зат. Бир атадан таралган, ата-бабасы бир урук-туугандардын бир нече мууну. Нечен кылым, нечен жыл, Укум-тукум жүргөн жер (Аалы).
Укумдан тукумга — муундан муунга, атадан балага. Укумда жок — элде-журтта жок, ата-бабада жок.
УКУМ II зат. Баш бармактын учунан баштап, сөөмөйдүн бүктөлгөн уурчугуна чейинки узундук аралык.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардык мүмкүнчүлүгү бар, кайда болсо жетет, илиндирбей койбойт, баары бир куткарбайт, кармап алат деген мааниде. Билгиң келсе алардын укуругу узун (Саатов). Бакты табабыз деп качканыбызда укуругу узун Тойтук кармап алып, сени өлтүрөбүз дегени эсимде (Жусупов). Укуругу узун жараткан анын тагдырын да эми, мына өз колума алып келип берди (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардык мүмкүнчүлүгү бар, кайда болсо жетет, илиндирбей койбойт, баары бир куткарбайт, кармап алат деген мааниде. Билгиң келсе алардын укуругу узун (Саатов). Бакты табабыз деп качканыбызда укуругу узун Тойтук кармап алып, сени өлтүрөбүз дегени эсимде (Жусупов). Укуругу узун жараткан анын тагдырын да эми, мына өз колума алып келип берди (Укаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
укрюк, укрючина (жердь с арканом, петлей на конце для поимки пасущихся лошадей);
өкмөттүн (или улуктун) укуругу узун укрючина правительства (или правителя) длинна (преступника везде найдёт);
укурук сал-
1) накинуть укрючину (и поймать);
2) перен. закинуть удочку;
азоо тулпарга укурук сал-
1) накинуть укрючину на строгого скакуна;
2) перен. укротить строптивого, излишне горячего человека;
суук укурук сал- перен. применить насилие;
жылкычылардын укурук боосу уст. подарок пастухам коней на свадьбе;
укурук кайрар молодец, способный дать врагу отпор, молодец, способный защитить от врага;
укурук моюн (о красавице) с длинной и тонкой шеей;
кар жиликтин укуругу анат. лучевая кость.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. учуна илмек кылып аркан же жип байлап алып жылкы кармоо үчүн колдонулуучу узун жыгач. Укуругун сүйрөткөн, Азоолорун үйрөткөн (Осмонкул).
2. Кар жиликтин бооруна жабышкан укурукка окшош ичке сөөк.
3. өт. Узун, койкойгон. Укурук моюн, калем каш, Кундузга окшош олоң чач (Үсөнбаев).
Укуругу узун — баары бир куткарбайт, кармап алат деген мааниде колдонулат.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинин өзүндө укурук сөзүнүн башкы тыбышы түшүп, курук болуп айтылган түрү да кездешет. Мына ушул курук түрүнөн куркуй этиши келип чыгат. Көпчүлүк түрк тилдерине ушул сыяктуу курук//курых//корок түрү тараган. Байыркы түрк тилинде бул сөз уриклиг түрүндө айтылган (ДТС, 616). Ал сөз урук+лук бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде урук сөзү «аркан, жип» маанисин берген (ДТС, 616). Ага -лыг мүчөсү уланып, уруклуг сөзү жаралган. Бул -лыг мүчөсү азыркы кыргыз тилиндеги -луу мүчөсүнө туура келет. Ошондо уруклуг сөзү «аркандуу» деген маани берген сөз болуп чыгат. Кийин уруклуг сөзүнүн тыбыштарында өзгөрүүлөр болуп өтөт. Урук уңгусунун р жана к тыбыштары орун алмаштырып, укур түрүнө келсе, мүчөнүн башындагы л тыбышы түшүп калат. Натыйжада укурук сөзү жаралат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Учуна илмек кыл аркан тагылып, жылкыны кармоого ылайыкталган узун таяк. Укуругун өңөрүп, Уркуйган ийнин кашына Унчукпай ойлоп келатты («Эл адабияты»). Укуругун сүйрөткөн, Азоолорун үйрөткөн (Осмонкул). 2. Кар жиликтин бооруна жабышкан укурукка окшош ичке сөөк.