зат.1. Адамдардын коомдогу мамилелерин жөнгө, тартипке салуу үчүн мамлекеттик бийлик тарабынан белгиленүүчү жана корголуучу нормалардын, эрежелердин жыйындысы. Шайлоо укугу. 2. Бир нерсени жасоо, иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет тарабынан корголуп закондоштурулган мүмкүндүк, акысы бардык. СССРдеги бардык граждандарга эмгек кылуу, дем алуу [эс алуу], билим алуу укугу берилген («Советтик Кыргызстан»).
УКУК – 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый У.). У. жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эларалык болуп бөлүнөт. У. тутум катарында, арбиринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык У., конституциялык У., үйбүлө У-у, эмгек У-у, кылмыш-жаза У-у), тармакчаларына (м.: автордук У., мурастоо У-у ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк У-у, ишкердик У-у) ажырымдалат. У-ту салыштырма укуктаанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үйбүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык У.).
Арабча хакк (АРС, 232) сөзү кыргыз тилине акы түрүндө кабыл алынган. Ошол эле сөздүн көптүк сандагысы хукук түрүндө айтылса, аны кыргыз тили укук түрүндө кабыл алган. Укук сөзү азыркы кыргыз тилинде юридикалык термин катары колдонулат. Ошондой болсо да ага кээде акы деген түрү маанилеш айтылат. Мисалы: Сенин акың барбы? – Сенин укугуң барбы?
1. Бир нерсени жасоого, иштөөгө акысы, эрки, мүмкүндүгү бардык. – Өз тагдырымды өзүм чечип, өмүрлүк түгөйүмдү өзүм тандашка менде да укук болуш керек го апа, – деди Айсалкын акырында туталана. («Кыргызстан аялдары»). 2. Адамдардын коомдогу мамилелерин жөнгө, тартипке салуу үчүн мамлекеттик бийлик тарабынан белгиленүүчү жана корголуучу нормалардын, эрежелердин жыйындысы. Шайлоо укугу. 2. Бир нерсени жасоо, иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет тарабынан корголуп мыйзамдаштырылган мүмкүндүк, акысы бардык. Кыргызстандагы бардык жарандарга эмгек кылуу, дем алуу эс алуу, билим алуу укугу берилген («Агым»).
УКУК АНАЛОГИЯСЫ – укуктун ушул тармагынын ченемдери, тиешелүү укук тармагынын жалпы башаты менен принциптери аркылуу жөнгө салынбаган мамилелерге карата колдонулуучу ыкма. Ал өтө сейрек, т. а., мыйзам аналогиясын колдонууга мүмкүн болбогон учурда колдонулат. Укук кенемтесин толтуруу үчүн кызмат кылат. У. а-н кылмыш-жаза ишинде колдонууга жол берилбейт.
УКУК АҢ-СЕЗИМИ – коомдук турмушта укукка жана укуктук көрүнүштөргө карата адамдардын мамилелерин билдирүүчү сезимдердин жана көзкараштарынын жыйындысы. У. а.-с. коомдун социалдык-экономикалык жашоо шарттары, анын маданий-укуктук, демократиялык же буйрукчул-төбөлдүк салттары менен аныкталат.
УКУК БЕЛГИЛӨӨЧҮ ДОКУМЕНТ – КР жарандык мыйзамдары боюнча менчик укугун, же кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү, токтотуучу же болбосо чектөөчү документ (компетенттүү органдын мыйзамы, чечими, келишим, соттун чечими ж. б).
УКУК БУЗУУ – укуктун кандайдыр бир ченемдерин бузган жосун. Төмөндөгүчө бөлүнөт: жарандык (инсанга, жарандын же уюмдун мүлкүнө зыян келтирүү), административдик (м.: жолдо жүрүү эрежелерин бузуу), дисциплинардык тартип бузуу (ишке келбей коюу). Кылмыш жасоо бир кыйла кооптуу түрү болуп саналат. У. б. үчүн тийиштүүлүгүнө жараша мыйзамда жарандык, административдик, дисциплинардык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган.
УКУК БУЛАГЫ– укук ченемдерин бекемдөө таризи. Ченемдик укуктук актылары, укук каадалары, сот иштери, ошондой эле эларалык келишимдер менен мамлекеттик ички келишимдер (ченемдик маанидеги келишимдер) У. б-нын негизги түрлөрү болуп саналат.
УКУК ЖӨНДӨМДҮҮЛҮК – КР жарандык мыйзамдары боюнча жеке адамдын жарандык укуктардын жана милдеттенмелердин алып жүрүүчүсү болуу жөндөмдүүлүктөрү. У. ж-кө жаран (а. и. чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам) туулгандан ээ болот жана өлүмү менен жоюлат. Баардык жарандардын У. ж-гү бирдей сакталат жана мүлккө жеке менчик укугуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн; мыйзам тарабынан тыюу салынбаган каалагандай ишмердик менен алектенүүдөн; юридикалык жактарды түзүүдөн; келишимдерди жана башка аракеттерди жүзөгө ашыруудан көрүнөт.
УКУК ИНСТИТУТУ – укуктун тийешелүү тармагына кирген жана бир түрдүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин өзгөчө тобу. Укук тармактарынан айырмаланып, У. и. белгилүү түрдөгү мамилелердин айрым бөлүгүн гана жөнгө салуучу ченемдерди бириктирет. Айрым учурларда У. и. 2 же андан көп укук тармактарынын (м.: зарыл коргонуу, абдан зарылдык, өкүлчүлүк, конфискация институттары тармактар аралык болуп саналат) ченемдерин түзө алат.
УКУК КОЛДОНУЛУУЧУ ИШ-ТАЖРЫЙБА – соттордун жана башка укук колдонуучулардын укук ченемдерин чечмелөөнүн, алардын боштуктарын жана түшүнүксүз жерлерин толуктоонун негизинде калыптанган жана кабыл алынган юридикалык маанилүү жүрүм-турумдары.
УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ – КРде негизги милдеттери мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп саналган мамлекеттик органдар. У. к. о-на: соттор, прокуратура, ички иштер, бажы көзөмөл, каржы, полиция, юстиция органдары кирет. Кеңири маанисинде «У. к. о.» түшүнүгү дагы бир катар мамлекеттик эмес институттарды: адвокатураны, бейтарап сотторду ж. б. камтыйт. У. к. о-нын уюштурулушу жана иштери – окшош аталыштагы юридикалык окуу сабагынын жана укук таануу тармагынын предмети.
УКУК КОРГОО ОРГАНЫНЫН КЫЗМАТКЕРИНИН ӨМҮРҮНӨ КОЛСАЛУУ – укук коргоо органынын кызматкеринин коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзамдуу иш-аракетине тоскоолдук кылуу, же андай иш-аракет үчүн өч алуу максатында анын жана жакындарынын өмүрүнө кол салуу менен байланышкан кылмыш.
УКУК МАДАНИЯТЫ – белгилүү бир жалпылыктын (мамлекеттик, диний, этностук) мүчөлөрү кабыл алган жана алардын ишмердиктерин жөнгө салуу үчүн колдонулуучу укуктук каада-салттардын, жүрүм-турум көнүмүштөрүнүн жана ыктарынын, принциптердин, укуктук идеялардын, баалуулуктардын тутуму. У. м. коомдун укуктук жашоосунун «сапатын», коомдун укуктук аң-сезиминин, укук иштеринин өнүгүү деңгээлин, ошондой эле мамлекет жана жарандык коом тарабынан адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилденишинин даражасын көрсөтөт. Мында бүтүндөй бир жалпылыктын (коомдун) У. м. жөнүндө, ошондой эле айрым инсандын (жеке адамдын) У. м. жөнүндө айтууга болот. Укук теориясында У. м-на карата: «жогорку», жана «төмөнкү» У. м. жөнүндө, коомдун жана инсандын У. м-н жогорулатуунун зарылдыгы жөнүндө баа берүү мамилеси бар. Ошол эле учурда жалпылыктарга (коомдорго) колдонууда аркыл У. м-нын салыштырууга болбостугу тууралуу пикирлер да айтылып жүрөт.
УКУК МАМИЛЕЛЕРИ – катышуучулары субъективдүү укуктардын жана милдеттенмелердин алып жүрүүчүлөрү болуп саналган укук ченемдери менен жөнгө салынган коомдук мамилелер. У. м. – жекелештирилген мамилелер, б. а. жүрүм-турумдун мыйзам тарабынан аныкталган жана камсыздалган мүмкүнчүлүктөрү жана сөзсүз ченемдерин аныктоочу укуктар жана милдеттер менен өзара байланышкан жеке адамдардын ортосундагы (жарандар, уюмдар, мамлекеттик органдар жана жарандар ж. б.) мамилелер. Мүмкүндүк жана милдеттүүлүк конкреттүү аракеттерде ишке ашырылат. У.м. мыйзамда каралган юридикалык фактыларда (келишимдерден, административдик актылардан, укук бузуулардан, окуялардан ж. б.) улам пайда болот.
Жазык укуктук мамилелерди белгилеп жана коргогон, жалпыга бирдей милдеттүү тартипти чыгылдырган мыйзамдын бир бөлүгү. ЖКнын нормалары гипотеза, диапозия жана санкция болуп үч түргө бөлүнөт.
Жарандардын, уюмдун жана коомдун укуктары менен таламдарын коргоо максатында жарандык кылмыш иштерин ж. б. талаш-тартышты кароо жана чечүү боюнча укук процессчил укук менен аныкталган тартипте КРда жүргүзүлүүчү укук колдонуу иш аракети.
УКУК СТАТИСТИКАСЫ – укук процесстеринин өсүүсүн мүнөздөөчү, сандык көрсөткүчтөрүн изилдөөчү юридикалык колдонмо илим. У. с. кылмыш таануучулук изилдөөлөрдө өзгөчө мааниге ээ болот, ошондуктан кылмыш-жаза статистикасы жана сот статистикасы анын негизги бөлүмдөрү болуп саналат.
УКУК СУБЪЕКТИСИ – улуттук мыйзамдардагы мыйзам боюнча түздөнтүз же өз өкүлү аркылуу укуктар менен юридикалык милдеттенмелерге (т. а. укук субъектүүлүгү) ээ болууга, жана да жүзөгө ашырууга жөндөмдүүлүгү бар жактар (жеке жана юридикалык жактар), мамлекет, мамлекеттик же муниципалдык түзүлүштөр. У. с. – анын ар субъектисинин белгилүү бир өзгөчөлүктөрү бар экендигине карабастан, укуктун баардык тармактарындагы укук мамилелеринин зарыл белгиси болуп саналат. Ошентип, жарандык укук мамилелеринде жарандар чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдар жеке жак катары, коммерциялык жана коммерциялык эмес жактар юридикалык жак катары чыгат, ал эми мамлекет, мамлекеттик жана муниципалдык түзүлүштөр жарандык укук мамиле субъекттеринин үчүнчү түрүнө кирет; У. с-нин администрациялык укуктук мамилелерине негизинен мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, жарандар, кээбир учурларда гана юридикалык жактар катышат. Кандайдыр бир жакты же түзүлүштү У. с. катары таануу менен, мыйзам анын укуктук статусун (мамлекетке, анын органдарына, башка жактарга катышы боюнча абалын) аныктайт (кара:Эларалык укук субъектиси).
УКУК СУБЪЕКТҮҮЛҮГҮ – юридикалык жактын укук субъекти катары укуктарга жана юридикалык милдеттерге ээ болуу жана ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү. У. с. юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнүн жана жөндөмсүздүгүнүн болуусун билдирет. Жарандардан айырмалуу юридикалык жактардын укук жөндөмдүүлүгү жана жөндөмсүздүгү бир убакта пайда болот жана токтотулат.
УКУКТАГЫ КЕНЕМТЕ – милдеттүү юридикалык ченемдерсиз иштей албай турган укуктук жөнгө салуу чөйрөсүнүн толук же жарым-жартылай жок болушу. Жетпей жаткан укуктук акты ченемдерин, мыйзам аналогиясын, укук аналогиясын кабыл алуу У. к-син толтуруунун негизги ыкмасы болуп саналат.
extensible rights markup language (noun)
A proposed standard digital rights management (DRM) markup language which enables users to specify rights and conditions associated with resources, such as digital content or Web services.
УКУК ТАРМАГЫ – коомдук мамилелердин сапаттык жактан атайын түрүн жөнгө салуучу укук ченемдеринен турган укук тутумунун салыштырмалуу өзалдынча бөлүгү (м.: каржы мамилелерин жөнгө салуучу укук ченемдери каржы укук тармагын түзөт). Ал эми укук тармагы «укук институту» аталып, өзара байланышы бар өзүнчө тармакчаларга бөлүнүп кетет. У. т-нын өзүнө гана мүнөздүү укуктук жактан жөнгө салуучу атайын усулдук белилери болот. Карала турган нерсе менен укуктук жөнгө салуу усулуна жараша ал төмөндөгүдөй укуктук тармактарга бөлүнөт: агрардык, административдик, жарандык, жарандык-процесстик, конституциялык (мамлекеттик), үйбүлө, эмгек, кылмыш-жаза, жазык-процесстик, жазык-аткаруу, каржы, экология укугу.
rights-managed (adjective)
Stored on a server or client computer that is configured to control access to content by using information rights management (IRM) technology.
УКУК ТАРТИБИ – укукка негизденген жана мыйзамдуулуктун принциптерин жана идеяларын ишке ашыруунун натыйжасында калыптанган коомдук мамилелердин, алардын катышуучуларынын укук ченемдүү жүрүм-турумдарынан көрүнгөн ирээттүүлүгү. Укук менен жөнгө салынган коомдук мамилелердин белгилүү бир абалы катары У. т. баардык жарандар, органдар жана уюмдар тарабынан юридикалык милдеттенмелердин аткарылышынын, субъективдүү укуктарды камсыз кылуунун жана жүзөгө ашыруунун, мыйзамдуулукту сактоонун айкын деңгээли менен мүнөздөлөт.
УКУКТУ ИШКЕ АШЫРУУ – укук субъектеринин укук ченемдерди ишке ашыруу жүрүмү. У. и. а. тариздерине: а) укук ченемдерин сактоо; б) укук ченемдерин аткаруу; в) укук ченемдерин пайдалануу; г) укук ченемдерин колдонуу кирет. Ченемдерди сактоо – бул аларды ишке ашырууда укук субъектисинин укукта тыюу салынган жосундардан кармануусунда жаткан таризи. Ченемдерди аткаруу укук субъектисинен өзүнө тагылган милдеттерди аткарууну ишке ашырууда жигердүү аракеттерди талап кылат. Ченемдерди пайдаланууда укук мамилелеринин катышуучулары өздөрүнө таандык укуктарды өздөрү ишке ашырышат (м.: мамлекеттик жогорку окуу жайына кирүү менен билим алуу укугун пайдаланышат). Ченемдерди колдонууну өз органдары аркылуу мамлекет ишке ашырат (м.: соттун өкүм чыгаруусу).
УКУКТУК ЖАРДАМ – эларалык мамилелерде калыптанган бирден ашуун өлкөлөрдүн аймактарында процесстик аракеттерди жүргүзүүнү талап кылган кылмыш-жаза жана үйбүлөлүк, жарандык иштер боюнча өзара жардамдашуу тармагындагы мамлекеттердин кызматташуусунда колдонулуучу ченемдик жана уюштуруучулук-укуктук каражаттардын тутуму. Мындай тутумдун негизинде укук субъектерин коргоонун, ар түрдүү талаш-тартыштарды чечүү үчүн сот баскычтарынын компетенттүүлүгүн жана колдонулуп жаткан укук тутумдарынын аныктоону, чет өлкөлүк жарандардын, апатриддердин жана бипатриддердин процесстик укуктарын сактоону жөнгө салуучу У. ж. жөнүндө эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жатат; андай келишимдер менен ошондой эле артүрдүү документтердин (күбөлүктөрдүн, дипломдордун ж. б.) жарактуулугун таануунун, сот тапшырмаларын аткаруунун, талаш-тартыштар боюнча чечимдердин, документтерди жөнөтүүнүн, кылмышкерлерди өткөрүп берүүнүн (экстрадиция) ж. б. тартиби жөнгө салынат. КР У. ж. жөнүндө бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин катышуучусу болуп саналат.
УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин юридикалык ченемдердин (укук ченемдери) жардамы аркылуу коомдук мамилелерге таасир этүү процесси. Тийиштүү юридикалык ченемдердин тобу менен бышыкталган коомдук мамилелердин белгилүү таризи анын предмети болуп саналат. Ошентип, мамлекеттик башкарууга байланышкан мамилелер административдик укуктун предмети болуп саналат. Юридикалык ченемдердин коомдук мамилелерге таасир этүү ыкмалары укуктук жөнгө салуунун усулу катары түшүнүлөт.
УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУ УСУЛУ – юридикалык ченемдердин таасир этүү ыкмасы. У. ж. с. у. императивдик жана диспозитивдик болуп бөлүнөт. Императивдик усул – бул укук ченемдери менен жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин катышуучусуна бийлик аркылуу таасир этүү ыкмасы. Буга административдик жана кылмыш-жаза укугу мисал боло алат. Диспозитивдик усул – бул өзара тең укуктуу тараптар болгон катышуучулардын өзара мамилелерин жөнгө салуу ыкмасы. Бул аларга өздөрүнүн укук ченемдери менен жөнгө салынуучу мамилелеринин таризин тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул усул жөнгө салуунун 3 ыкмасын өзүнө камтыйт: а) укуктук мүнөзгө ээ, белгилүү аракеттерди жасоого мүмкүндүк берүү; б) белгилүү укуктарды берүү; в) белгилүү өзара мамилелерге катышуучу кишилерге өзүн алып жүрүүнүн бир жолун тандап алуусуна укук берүү.
УКУКТУК МААЛЫМАТ – кеңири маанисинде аны пайдалануу тигил же бул укуктук милдеттердин чечилүүсүн аныктоочу же анын чечилүүсүнө өбөлгө болуучу маалыматтардын (билдирүүлөрдүн) мазмунун билдирет. Илимий адабияттарда жана юридикалык иштердин тажрыйбасында «У. м.» аталгысы 1960-жылдардын аягынан тарта активдүү колдонула баштаган. «Укук булагы», «укуктук материал», «укуктук актылар», «укуктук документтер» ж. б. сыяктуу мурда укуктун жана юридикалык ишмердиктин маалыматтык маселелерин талдоодо колдонулган түшүнүктөрдү камтыйт.
УКУКТУК МАМЛЕКЕТ – мамлекеттин конституциялык-укуктук статусунун мүнөздөмөсү, ал мамлекеттин төмөнкү принциптерине сөзсүз баш ийүүсүн талаптайт: элдик эгемендүүлүк; мамлекет тарабынан адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгустугу; мамлекеттин конституциялык түзүлүш менен байланышы; баардык башка мыйзамдарга карата конституциянын артыкчылыгы; бийликтин бөлүнүшү жана У. м-тин уюштуруучулук негизи катары бийликтин жоопкерчилик институту; соттордун көзкарандысыздыгы; эларалык укукченемдердин улуттук укук-ченемдерден артыкчылык-туулугу. У. м. ошондой эле заманбап демократиялык укук теориясынын борбордук категорияларынын бири болуп саналат. КР конституциялык мыйзамдарына ылайык өзүн У. м. катары жарыялаган.
Правовой риск (Legal risk) —Вероятность наступления неблагоприятного события вследствие недостаточного разделения прав и обязанностей участников в нормативных правовых актах по платежной системе, неправильного применения законодательства и нормативных правовых актов Национального банка, или вследствие невозможности выполнения условий контракта (договора).
Риск правовой (Legal risk) —Вероятность наступления неблагоприятного события, связанного с внесением изменений в действующие законодательные акты, с отсутствием в законодательстве норм, регулирующих те или иные вопросы деятельности и вызывающего или усугубляющего кредитный или ликвидный риски.
УКУКТУН КОМПЛЕКСТҮҮ ТАРМАГЫ – укуктун аркыл тармактарына тийешелүү белгилүү бир ишмердик чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы. Мындай тармактарга, м.: курамына административдик, жер, токой, жарандык, каржылык жана башка бир катар тармактардын ченемдери кирген агрардык укук (айыл чарба укугу) жана экологиялык укук кирет. У. к. т. улуттук укуктардын тутумундагы юридикалык теорияда мурда бөлүнгөн, бир кыйла жакшы өнүккөн илимий тармагы жана окуу курстары бар. У. к. т-н бир кыйла тар, адистештирилген чөйрөлөрдөгү ишмердикти жөнгө салуучу жана атайын окуу куралына сейрек бөлүнгөн тармактар аралык укук ченемдеринин комплексинен (банк укугу, медицианалык укук ж. б.) айырмалоо керек.
УКУК ТУТУМУ – бирдиктүү (коомдогу милдети боюнча), ичара шайкештелген, ылайыкташкан ченемдерди, укуктун тармактары жана институттары деп аталган белгилүү бир бөлүктөргө бөлүүдө турган улуттук укук түзүлүшү. Укук тармактары укук институттарына бөлүнөт (м.: жарандык укук тармагы, менчик укугу, милдеттенме укугу, автордук укук, мурастоо укугу ж. б. институттарга бөлүнөт).
УКУКТУУЛУК – укук мамилелеринин катышуучусунун мыйзамда каралган белгилүү аракеттерди иштөө же ал укук мамилелеринин башка катышуучусунан белгилүү аракеттерди жасоону талап кылуу мүмкүнчүлүгү. У-тун айкындыгы мамлекет тарабынан кепилденет; адам өзүнүн милдеттерин аткарбай койгон учурларда укуктуу тарап сотко же башка мамлекеттик органга өз укугун коргоо үчүн кайрыла алат. У. өзалдынча укук субъектиси же анын компоненттеринин бири болушу мүмкүн; м.: менчик укугу өзүнө 3 укукту камтыйт: буюмга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө.
УКУК УЛАНУУЧУЛУК – бир жактан (укук субъектисинен) экинчи жакка укуктардын жана милдеттердин (айрым укуктардын) өтүүсү. У. у. мыйзамдын күчүнө, келишимге же башка юридикалык негизге ылайык ишке ашырылуусу мүмкүн.
УКУК ЧЕНЕМДЕРИН ЧЕЧМЕЛӨӨ – мамлекеттик органдардын, аргандай уюмдардын жана айрым жарандардын мыйзам чыгаруучунун укук ченемдеринде чагылдырылган жалпыга милдеттүү эркинин маанимаңызын жана мазмунун түшүндүрүүгө жана түшүнүүгө багытталган ишмердиктери. У. ч. ч-нүн максаты – турмуштун дайындуу жагдайларына карата алардагы алдынала көрсөтмөлөрдү туура колдонуу. Бул укукту колдонуунун юридикалык билим деңгээли талап кылуучу белгилүү баскычы. Чечмелөөнүн түрлөрүн аркыл негиздер боюнча жиктештирүүгө болот. Юридикалык күчү боюнча У. ч. ч. ырасмий жана ырасмий эмес болуп бөлүнөт. Ырасмий чечмелөөнүн түрлөрүнө – ченемдик жана казуалдык У. ч. ч., ырасмий эмесинин түрлөрүнө – доктриналдык жана учурдагы чечмелөөлөр кирет. У. ч. ч-нү көлөмү боюнча так (толук, бирдей), чектөөчү жана таралма деп жиктөөгө болот. Чечмелөө ыктарына байланыштуу чечмелөө грамматикалык, логикалык, тутумдуу жана тарыхый деп айырмаланат.
УКУК ЧЕНЕМДҮҮЛҮК – социалдык жашоо көрүнүшүнүн (укук субъектисинин иштеринин же иштеринин натыйжаларынын) укук ченемдериндеги талаптарга жана улуксаттарга дал келүүсү. Укук субъектеринин түздөнтүз жүрүм-турумдарында эле эмес, ченемдик актылар, укукту колдонуу актылары (м.: сот чечими же өкүм) сыяктуу юридикалык документтерде дагы ишке ашырылат. У. ч. алдынала аныкталган укуктан эч кандай четтеп кетүүгө жол бербейт; анын карама-каршысы – укук ченемсиздик.
УКУК ЧЫГАРУУЧУЛУК – мамлекеттин ишмердигинин маанилүү тармактарынын бири. Арбир мамлекетте У. ч. өзгөчөлүктөргө ээ, бирок баардык жерде ал бирдиктүү коомдогу калыптанган мамилелерди жөнгө салуучу, бири-бирине ички карама-каршылыгы жок, макулдашылган ченемдердин тутумун түзүүгө жана өркүндөтүүгө багытталат. У. ч. мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан; түздөнтүз эл тарабынан референдумдарды өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. У. ч. өз ичине мыйзам чыгаруу ишин дагы камтыйт. Мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашыруу тартиби КР мыйзамдарында аныкталган.