Укуктук маалымат
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)УКУКТУК МААЛЫМАТ – кеңири маанисинде аны пайдалануу тигил же бул укуктук милдеттердин чечилүүсүн аныктоочу же анын чечилүүсүнө өбөлгө болуучу маалыматтардын (билдирүүлөрдүн) мазмунун билдирет. Илимий адабияттарда жана юридикалык иштердин тажрыйбасында «У. м.» аталгысы 1960-жылдардын аягынан тарта активдүү колдонула баштаган. «Укук булагы», «укуктук материал», «укуктук актылар», «укуктук документтер» ж. б. сыяктуу мурда укуктун жана юридикалык ишмердиктин маалыматтык маселелерин талдоодо колдонулган түшүнүктөрдү камтыйт.