Укуктуулук
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)УКУКТУУЛУК – укук мамилелеринин катышуучусунун мыйзамда каралган белгилүү аракеттерди иштөө же ал укук мамилелеринин башка катышуучусунан белгилүү аракеттерди жасоону талап кылуу мүмкүнчүлүгү. У-тун айкындыгы мамлекет тарабынан кепилденет; адам өзүнүн милдеттерин аткарбай койгон учурларда укуктуу тарап сотко же башка мамлекеттик органга өз укугун коргоо үчүн кайрыла алат. У. өзалдынча укук субъектиси же анын компоненттеринин бири болушу мүмкүн; м.: менчик укугу өзүнө 3 укукту камтыйт: буюмга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө.