УКУРУК І
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Учуна илмек кыл аркан тагылып, жылкыны кармоого ылайыкталган узун таяк. Укуругун өңөрүп, Уркуйган ийнин кашына Унчукпай ойлоп келатты («Эл адабияты»). Укуругун сүйрөткөн, Азоолорун үйрөткөн (Осмонкул). 2. Кар жиликтин бооруна жабышкан укурукка окшош ичке сөөк.