диковинная весть, ошеломляющее сообщение, сногсшибательное сообщение;
укмуштун-укмушу диво-дивное;
укмуш-ай! диво-то какое!, смотри-ка ты!;
тири укмуш чудо из чудес;
мындай укмушту ким көргөн! где это видано!;
укмуш эмес, ырас не выдумка (не что-то чудодейственное), а правда.
зат. Таң каларлык окуя, укмуштуу кабар, жаңылык; шумдук, керемет. Учтуң учкуч, Жасап укмуш (Осмонов).
«укмуш диковинная весть, ошеломляющее сообщение, сногсшибательное сообщение; укмуштун-укмушу диво-дивное; укмуш ай! диво-то какое!, смотри-ка ты!; тири укмуш чудо из чудес; мындай укмушту ким көргөн! где это видано!; укмуш эмес, ырас не выдумка (не что-то чудодейственное), а правда» (Юдахин 1965).
Бул сөз ук- этишинен келип чыккан жана бул сөз көпчүлүк түрк тилдеринде байыртан эле «түшүн, аӊда» маанисин да туюндуруп, бул бир процесстин эки жагы болгондугу менен түшүндүрүлөт (ЭСТЯ). Башында «көргөн эмес, уккан же ойдогу нерсе» деген мааниде колдонулуп жүрүп, кийин мааниси кеӊейип, «таӊ каларлык» деген азыркы мааниси келип чыкса керек. Муну тилдик материалдар менен да ырастоого болот: «көрмүш новость, новинка (которую можно видеть, но не слышать); уктуң беле укмушту? көрдүң беле көрмүштү? фольк. слышал ли ты новость? видел ли ты новинку?» (Юдахин 1965).
Таң каларлык окуя, укмуштуу кабар, жаңылык, шумдук, керемет. Учтуң учкуч, Жасап укмуш. (Осмонов).
принимать необычайные, изумительные формы;
укмуштанган жигит своеобразный, оригинальный (по поведению, по одежде и. т. п.) парень;
күн күркүрөп, чагылып, укмуштанды шамалы стих. гром гремел, сверкала молния, ветер крутил с необычайной силой.
укмуштан-, укмуштанбай, укмуштанган
понуд. от укмуштан-
изумлять, ошеломлять.
удивительный; занимательный; из ряда вон выходящий; странный;
ракета укмуштуудай так түштү ракета попала удивительно точно;
укмуштуу алааматты күтүшкөндөй, адамдар бирине бири суз карашат люди хмуро смотрят друг на друга, будто ожидают какого-то страшного события;
укмуштуу сөздөр слухи, интересные слухи; сенсация;
койлорум деги укмуштуу семирди мои овцы на диво разжирели;
укмуштуудай достойно удивления; удивительно, изумительно.
сын. Таң каларлык, сонун; шумдуктуу. — Эх, бул тоодон укмуштуу кен табылат! — Аны мен табам (Сыдыкбеков). Маманазар кээде чукугандай сөз таап, укмуштуу ырларды ырдайт (Жантөшев).
занимательныйудивительный
Таң каларлык, сонун, шумдуктуу. – Эх, бул тоодон укмуштуу кен табылат! – Аны мен табам (Сыдыкбеков). Маманазар кээде чукугандай сөз таап, укмуштуу ырларды ырдайт (Жантөшев).
Кандайдыр күтүлбөгөн коркунучтуу нерсени көргөндө же жок жаңылыкты укканда абдан таң калуу маанисинде айтылат. Укмушуң кургур, ушундай да болот экен ээ, – деп отургандар жакасын кармады («Ала-Тоо»). – Ой, укмушуң кургур ой, тим эле амалдуу түлкү экен го... В.: Укмушуң куруп кал. Ой, укмушуң куруп кал, мындай болот деп ким ойлоптур («Кыргызстан маданияты»).
Кандайдыр күтүлбөгөн коркунучтуу нерсени көргөндө же жок жаңылыкты укканда абдан таң калуу маанисинде айтылат. Укмушуң кургур, ушундай да болот экен ээ, - деп отургандар жакасын кармады («Ала-Тоо»). - Ой, укмушуң кургур ой, тим эле амалдуу түлкү экен го... («Жаш Ленинчи»).
к.
УКМУШУҢ КУРГУР
Ой, укмушуң куруп кал, мындай болот деп ким ойлоптур («Кыргызстан маданияты»).