УКМУШУҢ КУРГУР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр күтүлбөгөн коркунучтуу нерсени көргөндө же жок жаңылыкты укканда абдан таң калуу маанисинде айтылат. Укмушуң кургур, ушундай да болот экен ээ, - деп отургандар жакасын кармады («Ала-Тоо»). - Ой, укмушуң кургур ой, тим эле амалдуу түлкү экен го... («Жаш Ленинчи»).