УКМУШУҢ КУРГУР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр күтүлбөгөн коркунучтуу нерсени көргөндө же жок жаңылыкты укканда абдан таң калуу маанисинде айтылат. Укмушуң кургур, ушундай да болот экен ээ, – деп отургандар жакасын кармады («Ала-Тоо»). – Ой, укмушуң кургур ой, тим эле амалдуу түлкү экен го... В.: Укмушуң куруп кал. Ой, укмушуң куруп кал, мындай болот деп ким ойлоптур («Кыргызстан маданияты»).