Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинин өзүндө укурук сөзүнүн башкы тыбышы түшүп, курук болуп айтылган түрү да кездешет. Мына ушул курук түрүнөн куркуй этиши келип чыгат. Көпчүлүк түрк тилдерине ушул сыяктуу курук//курых//корок түрү тараган. Байыркы түрк тилинде бул сөз уриклиг түрүндө айтылган (ДТС, 616). Ал сөз урук+лук бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде урук сөзү «аркан, жип» маанисин берген (ДТС, 616). Ага -лыг мүчөсү уланып, уруклуг сөзү жаралган. Бул -лыг мүчөсү азыркы кыргыз тилиндеги -луу мүчөсүнө туура келет. Ошондо уруклуг сөзү «аркандуу» деген маани берген сөз болуп чыгат. Кийин уруклуг сөзүнүн тыбыштарында өзгөрүүлөр болуп өтөт. Урук уңгусунун р жана к тыбыштары орун алмаштырып, укур түрүнө келсе, мүчөнүн башындагы л тыбышы түшүп калат. Натыйжада укурук сөзү жаралат.