Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардык мүмкүнчүлүгү бар, кайда болсо жетет, илиндирбей койбойт, баары бир куткарбайт, кармап алат деген мааниде. Билгиң келсе алардын укуругу узун (Саатов). Бакты табабыз деп качканыбызда укуругу узун Тойтук кармап алып, сени өлтүрөбүз дегени эсимде (Жусупов). Укуругу узун жараткан анын тагдырын да эми, мына өз колума алып келип берди (Укаев).