Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде укта этишинин аягында -ла мүчөсүнүн -та вариантындагы түрү айтыларын өзбекче укла сөзү менен салыштырып оңой эле аныктоого болот. Бирок ук деген уңгусу эмне маани бергени белгисиз болуп калат. Бул ук уңгусу байыркы уйук (азыркыча уйку) сөзүнүн йу деген эки тыбышы түшүп калганы болуп эсептелет: уйук>у(йу)к>ук.