УКТА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Уйкуга кетүү, уйкуда болуу. Аябай чарчагандыктан келерибиз менен уктап калыптырбыз (Жантөшев). Балакетиңди алайын жалгызым, уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков). Жок. Атам мени издеп таң атканча уктабайт (Жакиев). 2. Дененин бир жери уюп кыймылдабай калуу. Бутум уктап калды.