Киргизско-русский словарь Юдахина
укум I
укумда жок такой, о каком и не слыхали; удивительный;
укумдан-тукумга из рода в род; из поколения в поколение;
укум-тукумунан бери пролетар он потомственный пролетарий;
укум-тукумубузда в нашем роду-племени;
укум сөз слова, которые останутся потомкам;
ата-бала басташкан атпайда мындай укум жок фольк. такого (примера) не было, чтобы отец и сын препирались.
укум II
(ср. сөөм, карыш I)
мера длины, равная расстоянию между концом большого пальца и согнутого указательного.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I: укум-тукум зат. Бир атадан таралган, ата-бабасы бир урук-туугандардын бир нече мууну. Нечен кылым, нечен жыл, Укум-тукум жүргөн жер (Аалы).
Укумдан тукумга — муундан муунга, атадан балага. Укумда жок — элде-журтта жок, ата-бабада жок.
УКУМ II зат. Баш бармактын учунан баштап, сөөмөйдүн бүктөлгөн уурчугуна чейинки узундук аралык.